Азыр жаштардын кыргыз тилине мамилеси кандай? Кыргыз тилинин статусун көтөрүү эмне үчүн маанилүү? “Азаттык плюс” ушул теманы талкуулады.
Медициналык окуу жайдын студенти Эмир Мырзабеков 14 жашынан баштап көчө спорту менен машыгат. "Башында бир да жолу тартыла алчу эмесмин" деген Эмир учурда 60 кишиден турган Көчө спортунун түрлөрү федерациясынын президенти.
Ар кандай жанрдагы чыгармаларды, дүйнөлүк хиттерди комузга салып жүргөн белгилүү комузчу Эламан Каныбеков бул ирет сабизден үйлөмө аспап жасады.
Уста Маратбек Берикбаев музыкалык аспаптарды жасайт жана оңдоп-түзөйт. Анын колунан чыккан аспаптар кыргыз өлкөсүнөн сырткары Европа мамлекеттерине чейин тараган.
Учурда миңдеген мектеп бүтүрүүчүлөрү маанилүү тандоонун алдында турат. "Азаттык плюс" бул ирет кесипти туура тандоо жөнүндө талкуу уюштуруп, абитуриенттерге көмөкчү болгусу келди.
Кыргызстанда паракорлук жана бюрократияны сындаган комедия тартылды
11-июлда Бишкек, Ош, Токмокто шаардык кеңешке шайлоо өтүүдө. Борбордук шайлоо комиссиясынын маалыматында Бишкекте 426699, Ошто 152718, Токмокто 38100 шайлоочу бар.
3500 метр бийиктиктеги көл, 26 чакырым жөө жүрүш, чатырдагы түн, чыйрыктырган суук. "Азаттык+" бул ирет Кочкордогу Көл-Үкөк жана Көл-Төр көлдөрүн көрсөтөт.
Кыргызстан мусулмандарынын жетинчи курултайында Замир Ракиев Кыргызстан мусулмандарынын башкармалыгынын башчысы – муфтий болуп бекиди. Анын талапкерлигин Аалымдар кеңеши курултайга алып чыкты.
"Азаттык плюстун" бул жолку чыгарылышында Айдана менен Нурболот 500 метр бийиктикке учуп, 60 метр бийиктиктен секирип, шар аккан сууга агып, ылдам унаа башкарышты. Кыргызстанда экстремалдуу спорт кандай өнүгүп жатат жана ага кызыккандар кимдер?
Караколдук уста комуздун бүктөмө, гитар-комуз деген сыяктуу 12 түрүн чабат. Чүйдүн айылдарында дыйкандарга суу жетпей эгин-тегин күйүп баратат. Көк-Жаңгакта кароосуз калган президенттик дача. Археологдор Кочкордо биздин заманга чейинки болжол менен 2500 жыл мурунку жайдын калдыгын табышты.
Кыргызстанда адам укугун коргогон "Бир дүйнө" кыймылы 26-июнь жабык жайлардагы кыйноолорго каршы күндү утурлай абакта каза тапкан Азимжан Аскаровду эскерүү иш- чарасын уюштурду.
Үч тарабынан тажик айылдары курчап турган Достук айылынын тургундары чек арадагы кырдаал курчуган сайын айылдан качып чыгууга мажбур. Таш-Тумшук айылынын тургундары президентке кайрылуу жолдоп, көчүрүп кетүүнү суранып жатышат. Лейлек районундагы Максат, Арка айылдарында жаңжалдан талкаланган үйлөр т
Анда 14 жаштан 18 жашка чейинки биринчи категориядагы пианисттерден баш байгени Дильназ Бакытбекова жеңип алса, 18 жаштан 25 жашка чейинки таланттар арасында гран-приге Ибраимова Алтынай татыктуу болду.
Үч күндөн бери дайынсыз болуп аткан түрк мугалиминин тарапташтары кыргыз бийлиги Инандыны табуу боюнча жетиштүү аракет көрбөй жатат деп нааразылык акцияларын улантышууда. Бул маселе Жогорку Кеңеште да көтөрүлдү.
Компьютердик оюндардын айынан мектепте окубай, милицияга түшкөн жигит. Оюндарга азгырылып, психиатриялык ооруканада дарыланган баланын атасы. PUBG ойногон кыздар. Миллион доллар тапкан кыргызстандык киберспортчулар. Оюндарга көз карандылыгын жеңген велотурист.
"Азаттык" "Кыргыз темир жолу" мамлекеттик компаниясынын жетекчилери шектелген "коррупциялык схема аныкталды" делген кылмыш ишинин чоо-жайын, кыңыр ишке айыпталгандардын дагы деле кызматта отурганын иликтеди.
Бишкектеги №6 оорукананын башкы медайымы, 68 жаштагы Екатерина Мусаева февраль айында коронавирустан каза болду. Анын үй-бүлөсү өкмөт убада кылган кенемтени ала албай убара болууда. Кыргызстанда COVID-19 вирусу башталгандан бери жүздөн ашуун медициналык кызматкердин өмүрүн алды. Бирок алардын канчас
69 миллион долларга бааланган графикалык сүрөт. Миңден ашык сүрөткө жан киргизген санарип көргөзмө. Чет өлкөлүк рынокко чыгууну көздөгөн санарип сүрөтчүлөр.
Ушул күндөрү мектеп бүтүрүүчүлөрү Жалпы республикалык тестирлөөдөн өтүп жатышат. Алардын арасында Баткен облусундагы чек ара чырында жапа чеккен айылдардагы балдар да бар. Жылдыз Арыстанбекова баткендик окуучуларды сынакка даярдоо демилгесин колго алып, акысыз онлайн курстарын уюштурган.
Дагы жүктөңүз