"Азаттык+" программасынын алып баруучусу, Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин журналистика факультетинин студенти.
7-сентябрда Бишкекте экологиялык акция өттү. “Көгүлтүр асман үчүн таза аба” эл аралык күнүнө карата өткөрүлгөн иш-чараны экологиялык "MoveGreen" жаштар уюму уюштурду.
Айрым эксперттер англис тилинде сүйлөгөндөр көбөйсө, кеңири маалымат алууга жол ачыларын, бул элдин аң-сезиминин ойготууга, сынчыл ой жүгүртүүгө таасир этерин айтып келишет. Анткен менен Кыргызстанда башталгыч класстан бери окуганына карабай англис тилинде сүйлөгөндөр аз. Эмне үчүн айлап, айрымдар ж
Чий согуп, кийиз жасаган 91 жаштагы Калила апа Нарындын Өрнөк айылынан. Бала кезинен кол өнөрчүлүккө жакын апа ушул жашка чейин далай боз үйдүн жасалгасын шөкөттөп берген.
"Кыргызстан" партиясынын лидери Канатбек Исаев 25-августта Бишкекте басма сөз жыйын куруп, Борбордук шайлоо комиссиясына (БШК) документ тапшырууга байланышкан чыр тууралуу маалымат берди.
Быйылкы жалпы республикалык тестирлөөгө 43 963 бүтүрүүчү катышып, алардын 53ү эң жогорку балл алды. Анын 67си гана алтын сертифкатка ээ болуп, Кыргызстандын каалаган университетине өтүүгө мүмкүнчүлүк алды.
Көңүлүңүздү пандемия менен шайлоодон башкага бөлөбүз. Жайдын ысык аптабында үйдө камалып отурган болсоңуз, биздин командага кошулуп тоого саякаттап келиңиз. Бул жылы тоо туризминде эмне жаңылык, биз билбеген кандай кызыктуу жерлер бар?
“Азаттык+” бул жолу велосипед менен достошкондор тууралуу айтып берди.
Бул окуу жылы аралыктан окутуу системасы менен жыйынтыкталып жатат. Окуучулардын чейректери буга чейинки баасына жараша чыгарылып жатат. Бирок төртүнчү чейрек мугалимдер үчүн жеңил болгон жок. "Азаттык плюс" бул жолу мугалимдердин карантин шартында кандай учурларга туш болгонуна кызыкты.
Коронавирус окуучулардын жашоосун дагы өзгөрттү. Өзгөчө мектепти аяктап жаткандар үчүн бул жыл эстен кеткис болууда.
Айрымдары бейтаптарга инсулин жеткизип, жашоого үмүттөндүрүп жатышат. Арасында коронавирус менен күрөшкөн дарыгерлерди жөө калтырбай, жеке унаалары менен ташыгандары да бар. “Азаттык+” бул жолу жардамга муктаждарга кол сунган жаштар тууралуу айтып берет.
Баткенде 8-майдагы чек ара чатагында жарадар болгон үч чек арачынын бири Султанбек уулу Мирбекке кечээ экинчи ирет операция жасалып, абалы орто оор деп бааланууда.
Кымбаттуу, абитуриент! Билесиңби, адамзат өмүрдүн кеминде 20% жумушка арнайт экен. Андыктан туура кесип тандоо менен жашообуздун бул бөлүгү кандай болушун аныктайбыз. "Азаттык плюс" командасы сага жол көрсөткөн берүү даярдады. Досторуң менен бөлүшкөндү унутпа!
Карантин бүт жашообузга таасир этип жатат. Өзгөчө жаштардын пландары да болуп көрбөгөндөй өзгөрүп, көпчүлүгүн “белгисиздик” түйшөлтүп жаткан кези. Жаштардын кыска мөөнөттүк пландары эмне болду? Карантин бүткөндө бизди эмнелер күтөт? "Азаттык плюс" бул жолу ар бир жашты ойлонткон маселеге кайрылды.
Социалдык обочолонуу маалында ата-энелер балдарына кандай көңүл буруш керек? Алар балдардын тамырын тартып, сырдашканды, сүйлөшкөндү билеби? Үй-бүлөдө психологиялык чыңалууларды кантип кыйгап өтөбүз, адистер эмне дешет? “Азаттык плюс” бул жолку берүүсүндө ушул суроолорго жооп издеди.
Коронавируска байланыштуу киргизилген чектөөлөрдөн улам миңдеген адам жумушсуз отурат. Өзгөчө кырдаал айрыкча Бишкектин четиндеги жаңы конуштардагы көп балалуу, жалгыз бой энелерди, майып, кары-картаң жана күнүмдүк акча тапкан үй-бүлөлөрдү түйшүккө салды.
Коронавирус илдетине байланыштуу киргизилген чектөөлөрдөн улам миңдеген адам жумушсуз отурат.
8-апрелден тартып Кыргызстанда орто мектептин окуучулары аралыктан окуп жатышат.
Муктаж үй-бүлөлөргө жардам чогултуп жана таратып жаткан жаштар өз байкоолору менен бөлүштү.
Билим берүү жана илим министрлиги 8-апрелден тарта орто мектептин окуучуларын аралыктан окутууга өттү. Бирок онлайн окуулардын тартибине байланыштуу мектеп окуучуларынан, ата-энелерден көптөгөн суроолор түшүп жатат.
Гүлзар Абдраимова медициналык беткап өндүрүүчү жабдууну Кыргызстанга он жыл мурда алып келген. Убагында уруксат кагаздары берилбей, иштебей калган. Коронавирус коркунучу күчөгөндө ишкерге өкмөт өзү кайрылган.
Дагы жүктөңүз