Жогорку Кеңеште жогорку кызматтар үчүн күрөш күчүнө кире баштады.
Кыргызстан Орусия, Казакстан жана Беларус түзгөн Бажы биримдигине баратат. Бажы биримдигине киргенден кийин Кыргызстандын тышкы чек арасы ким тарабынан көзөмөлдөнөт? Кыргыз-орус мамилеси мындан ары кандай өнүгөт?
Бишкек жылуулук борборунда радиациялуу 8.5 миң тонна көмүр жатат. Депутаттар мындай көмүр буга чейин да жагылып жүргөнүн белгилешүүдө.
Быйыл экономикада өсүш байкалат. Бирок бюджет тартыштыгы, сомдун курсунун төмөндөй башташы чочулатуучу жагдайлардан болуп кала берүүдө.
Кыргызстандын төртүнчү президенти катары Алмазбек Атамбаевдин алдында кандай милдеттер турат?
Узап бараткан аптада БШК Алмазбек Атамбаевди президент катары каттоого алды. Кыргызстандын экономикасы тогуз айда тогуз пайызга өстү.
Кыргызстанда Илимдер академиясы бар. Илим экономикага кандай салым кошууда?
Кыргызстанда айдоочуларга жаңы үлгүдөгү күбөлүктөр бериле баштады. Анын баасы мурдагыдан эки эсе кымбат.
Парламентте Кумтөр кени боюнча кайрадан талаш-тартыштар башталды. Карганбек Самаков кенде айтылгандан алда-канча көп алтын казылып жатканын айтып, комиссия түзүүнү сунуштады.
Узап бараткан аптада президенттик шайлоонун алдын-ала жыйынтыгы жарыяланды. Талапкерлер ынтымакка ыктай башташты.
Шайлоонун алдын ала эсептери боюнча Алмазбек Атамбаев жеңип чыкты. Өзгөргөн жагдайга жараша өкмөт да алмашып, жаңы коалиция түзүлүүгө тийиш.
Кыргызстандагы президенттик шайлоонун алдын-ала жыйынтыктары маалым болду. Ага ылайык Алмазбек Атамбаев жеңишке жетишти. Бирок анын башкы атаандаштары шайлоо жыйынтыгын тааныбастыгын жарыялап чыгышты.
Кыргызстанда президенттик шайлоонун үгүт өнөктүгү соңуна чыкты. Анын жүрүшү мурдагы өнөктүктөрдөн эмнеси менен айырмаланды?
18-октябрда Санкт-Петербург шаарында КМШда эркин соода аймагын түзүү боюнча келишимге кол коюлду.
Паспорт алууну жеңилдетүү боюнча мыйзам долбоору даярдалып жатат. “Арай көз чарай” талкуусу ушул темага арналды.
Өкмөт быйылкы жылы кышка даярдык дурус экенин билдирип жатат. Бирок калк ичинде даярдык ойдогудай эмес.
Президенттикке талапкерлер иргеле баштады. Ички иштер министрлигин реформалоо талкууланды. Өкмөт орто мөөнөттүк программасын жарыялады.
Кыргызстан экономикасында өсүш бар экендиги белгиленип келатат. Бирок ага карабай бюджеттин тартыштыгын жабуу татаал маселе бойдон калууда.
Экономикалык тескөө министрлиги Кыргызстанды 2014-жылга чейин өнүктүрүү программасын жарыялады.
Кыргызстанда сот реформасы кыйынчылыктарга туш болду. Бир жагынан Сотторду тандоо кеңешинин мүчөлөрүн шайлоодо жаңжал чыкса, экинчи жактан Жогорку Соттун сотторун жаңылоодо укуктук жактан талаштуу жагдайлар пайда болууда.
Дагы жүктөңүз