"Азаттык+" программасынын алып баруучусу, Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин журналистика факультетинин студенти.
5-октябрь - Мугалимдер күнү. Расмий маалыматка караганда, өлкөдө 114 миңден ашуун мугалим жана окутуучу эмгектенет. Алардын абалы, деңгээли кандай экенин кабарчыбыз шаар тургундарынан сурап көрдү.
Гүлмайрам Алимбай кызы тубаса айнек сөөк оорусу менен ооруйт. Ал жолдошу менен эки жыл мурун баш кошуп, жакында кыздуу болушту. Гүлмайрамдын боюна бүтүп, баласын аман-эсен төрөгөнү уникалдуу учур. Өтүкчү болуп иштеген жолдошу да экинчи топтогу майып.
Cоңку жылдары Кыргызстанда балдарын орус тилдүү мектептерге же орус тилдүү класстарга берүүгө ыктагандар көбөйдү. Чын эле кыргыз тилдүүгө караганда орус тилдүү мектептерде билим берүүнүн сапаты жакшыбы? "Азаттык+" бул чыгарылышта ушул маселени талкуулады.
"Үй-бүлөнү пландаштыруу - адам укугу " деп аталган иш-чара БУУнун Калк жаатындагы фонду тарабынан уюштурулду. Флешмобдо үй-бүлөнү кантип туура пландаштыруу, каалоосуз бойго бүтүүдөн сактануу ж.б. ушул сыяктуу викториналык суроолор берилип, туура жооп бергендер белек алды.
"Азаттык +" бул ирет Чүйдүн кооз жерлерин көрүүгө келген туристтерди тартты. Соңку кезде четтен келгендер бул керемет өрөөндү жөө кыдырып жүргөнү байкалат. Чүй өрөөнүндөгү туризм кандай өнүгүп жатканын билгиңиз келеби?
17 жаштагы Канат Абдыжапаров церебралдык шал оорусу менен төрөлгөн. Ага карабастан азыр кол күрөшү менен машыгып, дүйнөлүк чемпионатка даярданууда. Андан тышкары Канат келечекте программисттин кесибине аркалап, Интернет желесин башкарган мыкты адис болом деген тилеги бар.
"Балдарды коргоо борбору" 1998-жылы ачылган. Борбор 20 жыл ичинде турмуштук оор кырдаалга учураган, мектепке барбаган жана ички мигранттын балдарына жана үй-бүлөлөрүнө жардам берип келди. 15-сентябрда борбордо бөбөктөрдүн ыр-күүсү менен чакан майрам өттү.
Бишкек шаарындагы "Мадина" базарындагы өрт чектөөгө алынды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлашты.
“Азаттык+” командасы Ысык-Көлдүн Бөкөнбаев айылындагы Кара-Булак капчыгайында уюшулган "Жаш булак" лагерине барып келди. 15 отрядга бөлүнгөн форум-лагердин катышуучулары бир жума бою эң үнөмдүү шартта жашашат.
"Азаттык плюстун" командасы бул чыгарылышта Үчүнчү Дүйнөлүк Көчмөндөр оюндарындагы айрым кызыктуу учурларды көрсөтүп берет. Океандын ары жагынан келген америкалык көкбөрүчүлөр, Кырчын жайлоосунда уюштурулган этнобазар, ордолор жана ошондой эле уюштуруу ишине салымы чоң ыктыярчылар - мунун баарын ушул чыгарылышта көрө аласыз.
“Азаттык+“ командасы бул ирет үчүнчү жолу өтө турган Дүйнөлүк көчмөндөр оюнуна даярдык кандай жүрүп жатканын көрсөтөт. Быйыл оюнга кимдер катышат, кандай жаңы спорттун түрлөрү кошулду, кандай өзгөрүүлөр кирди – бул суроолорго программадан жооп аласыздар.
Майлуу-Суу шаарында аскердик кызмат өтөп жүрүп токко урунган жоокердин экинчи колу да кесилди.
Майлуу-Суу шаарындагы аскер бөлүгүндө кызмат өтөгөн жоокер кезмет учурунда токко урунду. Кырсыктан улам оор жаракат алып, күйүп калган жигиттин оң колу кесилди. Ушул тапта дарыгерлер анын сол колун сактап калууга аракет кылып жатышат.
Арсен Рахымбеков 28-сентябрда Германияда өтө турчу оозеки эсеп боюнча VIII Дүйнөлүк Чемпионатка катышат.
Евгений Бадиловский Фейсбуктагы “Freelance Club” уюмунун негиздөөчүсү.
Алардын элди таң калтырган кыймыл-аракеттерди жасап калышына 2000-жылдары чыккан Ямакаси фильми себеп болгон.
Бишкектеги борбордук Ала-Тоо аянтында “100 элечекти бир саатта оройбуз” деп аталган флешмоб өттү. Иш-чараны “Кийиз дүйнө” коомдук фонду Үчүнчү дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына даярдык катары уюштуруп, алтымышка жакын чебер бир саатта жүз элечек орошту.
Дарылар тууралуу бирдиктүү маалымат системасынын жоктугунан өлкөдө дарылар башаламан, кымбат сатылууда.
Адреналин, эркиндик, драйв! Бүгүнкү каармандарыбыз бул сезимдер менен жакындан тааныш. Алардын жашоо образы башкалардан өзгөчө. Алар үчүн бул нерсе бүтүндөй бир дүйнө. "Азаттык+" бул чыгарылышта дал ушул өзгөчө маданияттын өкүлдөрү тууралуу кеп салат.
“Азаттык+” бул чыгарылышын жогорку окуу жайларды акмалап, кесип тандоо алдында турган мектеп бүтүрүүчүлөрүнө арнады.
Дагы жүктөңүз