Карапайым калкты кыйнаган кымбатчылык. Кыргызстанда тамак-аштын баасы күн санап өсүүдө. Баалар асман чапчыган чакта айлап эт, жумуртка жана башка тамак-аштын түрүн жебей калган үй-бүлөлөр көбөйдү. Ансыз да расмий айтылгандай, өлкөдө 2 миллиондой киши жакырчылыкта жашайт.
Президент Садыр Жапаров түрк лидери Эрдоган менен жолугушуусунда аскердик кызматташтык тууралуу сөз кылды. Бишкек-Анкара соода-сатыктын жылдык көлөмүн 1 миллиард долларга жеткирүү тууралуу көптөн берки убаданы бекемдешти. Эрдоган кайрадан “Гүлен кыймылынын” маселесин көтөрдү.
Түрк кызматташтык жана координация агенттигинин (ТИКА) Кыргызстандагы кеңсесинин мурдагы жетекчиси Фахри Солак президент Садыр Жапаровдун Анкарага сапарын утурлай "Азаттыкка" маек курду. Анда эки өлкөнүн экономикалык жана саясий кызматташтыгы тууралуу кеп козголду.
Казакстандын туңгуч президенти Нурсултан Назарбаевдин күйөө баласы Тимур Кулибаевдин Британиядагы хансарайы курулуп бүттү. Жалпы аянты 20 чарчы чакырымды ээлеген хансарай британ ханышасы Елизавета IIнин уулу ханзада Эндрюга таандык болгон.
Афиныдан Вильнюска бараткан жүргүнчү учактын Минскиге күчтөп кондурулуп, борттогу оппозициялык журналисттин кармалышы Беларус менен Батыштын мамилелерин ого бетер курчутту. Александр Лукашенко бийликте турган маалда Курманбек Бакиевдин Бишкекке экстрадициясы мүмкүнбү?
Кыргызстанда 60 миңден ашуун окуучу мектептин 11-классын аяктап жатат. Бүтүрүүчүлөр жогорку окуу жайды жана кесипти тандоодо эмнеге көңүл бурушу керек? Германиядагы, Түркиядагы жана Кореядагы мекендештер кеңеш берет.
24-майда Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров экинчи ирет Орусияга барып келди. Сочидеги жолугушууда расмий Москва кыргыз-тажик чек арасын чечүүгө жардам берерин билдирди. Чек аранын эки тарабынан 50дөн ашык адам өмүрү кыйылган куралдуу жаңжалдан кийин Орусиянын аралашканы эмне берет?
Кумтөрдүн айланасындагы соңку окуялар эл аралык аренада жана инвесторлор арасында кандай таасир калтырууда? Чет өлкөлүк инвесторлордун миллиондогон доллар доосуна кабылган кыргыз өкмөтү бул ирет эл аралык сотто утуп чыгабы?
Кумтөр кени ачылганда мамлекетти жетектеп турган туңгуч президент Аскар Акаевди кепке тартып, анын дарегине айтылган айыптоолорго байланыштуу суроолорго жооп алдык.
АКШнын аскердик базасын чөлкөмдөгү өлкөлөрдүн бирине жайгаштырышы ыктымал деген божомолдор канчалык негиздүү?
Кыргыз-тажик чек арасындагы соңку жаңжал эки өлкөгө тең чоң сыноо болду. Эки тараптан 50дөн ашуун адам каза таап, жүздөгөн киши жараат алган жаңжалды жөнгө салуу кандай жүрүүдө? Бул окуянын кесепеттерин жоюп, жакын коңшулук мамилени калыбына келтирүү үчүн кандай иштерди аткаруу зарыл?
Германияда жана Британияда жашаган кыргызстандыктар бул мамлекеттердеги Тажикстандын дипломатиялык өкүлчүлүктөрүнүн алдына акцияга чыгышты.
Баткен облустук ички иштер бөлүмүнүн басма сөз кызматы 29-апрелде эртең менен 5:45 чамасында Көк-Таш айылында жайгашкан аскер бөлүгүнө тажикстандык жарандар ок атуучу курал колдонуп, ошол айыл аркылуу өтүүчү Ош-Исфана жолунун боюндагы Тажикстандын Майский айылы тараптан жолдон өткөн автоунааларга та
Индияда COVID-19дан өлгөндөрдүн сөөгүн өрттөп үлгүрбөй жатышат. Ооруканаларга керебеттер жана кычкылтек концентраторлору жетишсиз. Кыргызстанда апрель айында эле 90дон ашуун адам коронавирустан көз жумду.
Өткөн аптада БУУнун Башкы Ассамблеясы Кыргызстан сунуштаган экологиялык резолюцияны колдоп берди. Бул демилгеде жаратылыш ресурстарын сарамжалдуу пайдаланып, туруктуу өнүгүүнү камсыз кылуу зарылдыгы камтылган.
Орусияда карантиндик чектөөлөр алынып, аба каттамдары жанданып, бир топ мигранттар ишке кайтканы менен коронавирус пандемиясы жаңы башталганда мигранттарга берилген жеңилдиктер алынды. 100 миңден ашуун кыргызстандык мигранттар "кара тизмеге" кабылып, өлкөдөн чыгарылуу коркунучуна кабылды.
Орусия өз аймагындагы КМШ мамлекеттеринен мыйзамсыз келген 1 миллиондой мигранттын чыгып кетишин талап кылды. Алардын ичинен 115 миңдейи Кыргызстандын жарандары. Пандемия шартында сыноолорго туш болгон эмгек мигранттарын жаңы талап кандай түйшүккө салды? Мигранттар мекенине жөнөткөн акча азаябы?
Заманбап калемгер саясий турмушту сатира тили менен куйкалап чагылдыра алганы кызыгуу жаратат. Самат Уранкай өзүнүн "Сынган миллион" китеби тууралуу баарлашат.
Кыргызстан 11-апрелдеги референдумдун жыйынтыгы менен кайрадан президенттик башкаруу формасына өттү. Муну менен өлкө бийлик бир колго топтолгон Борбор Азиядагы төрт мамлекеттин катарына кошулду. Кыргызстандагы мындай өзгөрүүлөр дүйнөдө жана чөлкөмдө кандай кабыл алынууда?
Марттын башында Миландагы мода жумалыгында италиялык дизайнер Стелла Жан кыргызстандык уз айымдар менен бирге жараткан коллециясын тартуулады. Ысык-Көлдүн Барскоон айылындагы аялдардын чакан жамааты жасаган эмгектерге суктанган дизайнер келечекте алар менен кызматташууга кызыгып, кыргыздын эзелки маданий мурасын аздектеп, сактап калууга адамзат салым кошууга тийиш деп эсептейт.
Дагы жүктөңүз