Президент Сооронбай Жээнбеков 17-майда “Ала-Арча” мамлекеттик резиденциясында өткөн соттук реформа боюнча кеңештин жыйынында соттун баяндамачысын какты.
Жогорку Кеңеш өкмөттүн жаңы курамын жактырды. Парламент 20-апрелдеги жыйынында өкмөттүн программасын, тутумун жана курамын карап, колдоду. Жыйынга 115 депутат катышып, "макул" деп добуш беришти.
"Азаттыктын" "Ыңгайсыз суроолор" телеберүүсү Тогуз-Тородогу алтын ылгоочу фабриканын өрттөлүшүн иликтөөгө алды. 11-апрелдеги тополоңдо фабриканы жергиликтүүлөр толугу менен өрттөшкөн. Алар кытайлык инвесторду эл менен эсептешпей жатат деп айыптоодо.
Экс-президент Роза Отунбаева “Азаттыкка” маек курду. Ал апрель ыңкылабы, өлкө башчысы Сооронбай Жээнбеков, экс-президент Алмазбек Атамбаев, парламент жана “Ата Мекендин” камактагы лидери Өмүрбек Текебаев тууралуу ой бөлүштү.
Нооруз майрамына арналган көкбөрү боюнча республикалык мелдеште Таластын "Ынтымак" командасы Оштун "Достук" командасын 2:1 эсебинде жеңип алды.
Гиннес рекорддор китеби үчүн жасалган бешбармак 1 тонна 464 кг, ал эми чучук 117 метр болду. Бул тууралуу уюштуруучулардын бири Элнура Кулуева “Азаттык" радиосуна билдирди.
Бишкек шаарындагы "Cambridge Silkroad" эл аралык мектебинде "RobotoFest" деп аталган роботтор фестивалы башталды.
Көчөлөрү жөө баскандар үчүн ыңгайсыз борбор калаа, өз алдынча тасма тарткан бишкектик Нишана, мектепке машыгуу ийримин ачкан түптүн дзюдочу келин, өкмөттөн бир тыйын албай бала-бакча курган чаткалдык Чынара, таза суусу жана мончосу жок Нарындагы Кара-Чий айылы жана башка видеобаяндарды “Данистенин”
16 жаштагы Садык Казиев мектеп окуучусу. Анын ата-энеси дудук жана кулагы укпайт. Садык ата-энесинин кулагы, тили, сырткы жашоону сездирип турган туюму.
«Алтын Казык» конушу Бишкек шаарынын четинде, шаардык таштандыга жакын жерде жайгашкан. Жергиликтүүлөр бул районду “мыйзамсыз арал” деп атап коюшкан. Конуш башчысынын айтымында, бийлик конуш жашоочуларынын көйгөйүн чечип берүүгө тийиш.
Ала-Бука районунда өзбек чек арачыларынын огунан жараланган Асан Үсөнбаев окуя боюнча жаңы жагдайларды ачыкка чыгарды. Ал Өзбекстандын аймагына кирип кеткенин четке кагып, аны 27-январда коңшу өлкөнүн аскерлери Кыргызстанга кирип келип атып салышканын айтууда. Чек ара кызматы бул иш иликтенип жаткан
Өзүн Азамат деп тааныштырган жигит Жети-Өгүз районунун Саруу айылында жашайт. Анын тек-жайын тастыктаган эч кандай документи жок. Жашы болжол менен 28-29 жаштарда. Өзүнүн айтымында бир койго сатылып, дээрлик 25 жылдан бери ар кимдин колунда малай болуп келет...
Алдыда "Азаттык" көңүл бурган айрым окуялардын аягына токтолобуз. Азиз сүрөтчү Евгенийдин окуясы "Азаттыктын" сайтында, социалдык тармактагы баракчаларында миңдеген көрүүчүлөрдү топтоп, ага операцияга акча чогултуу ишарасы башталган. Сюжет чыккандан кийин Евгенийдин үй-булөсүндө кандай өзгөрүүлөр бо
Бишкекте бүгүн президенттик балаты майрамы өттү. Ага республиканын бардык аймактарындагы мектептерден миңден ашык окуучу катышты.
Атактуу "Тактылар оюну" ("Игра престолов") сериалындагыдай такты борбордун Чүй жана Жусуп Турусбеков көчөлөрүнүн кесилишинде пайда болду. Кардарларды кызыктыруу максатында ойлоп табылган жасалга эми көпчүлүктүн көңүл чордонунда.
“Ыңгайсыз суроолор” программасы жемкорлукка айыпталган айрым аткаминерлерден жоопко тартылбай жатканы тууралуу сөз кылат.
26 жаштагы милиционер Эрлан Сөлпүевдин үй-бүлөсү анын атынып өлгөнүнө ишенбейт. Ички иштер министрлиги 1-декабрда мекеменин Кой-Таштагы курал-жарак сактаган кампасында күзөттө турган кенже сержант Эрлан Сөлпүев Калашников автоматы менен өзүy өзү башка атып өлгөнү тууралуу маалымат тараткан.
Кыргызстандык активисттер Курманбек Бакиевге ич кийим чогултуп беришти. Бүгүн Казакстандын Кыргызстандагы элчилигинин алдында “Айкөл Ала-Тоо” коомдук уюму уюштурган акция өттү. Ага 20дай активист катышты. Казакстандын “Хабар” мамлекеттик маалымат агенттиги 29-ноябрда “Тынчтык орнотуучунун миссиясы.
Жыл башынан бери Кыргызстанда 5 миңден ашуун жол кырсыгы катталып, андан 729 адам көз жумган. “Ыңгайсыз суроолордун” бул жолку чыгарылышы мына ушул көйгөйлүү темага арналды.
"Ата Мекен" партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев менен мурдагы ӨКМ башчысы Дүйшөнкул Чотоновдун өкүмү күчүндө калтырылды. Мындай чечим 21-ноябрда Жогорку Сотто кабыл алынды.
Дагы жүктөңүз