Тынчтык тогуз баланын атасы. Кичүү уулу төрт айга жаңы толду. Тынчтыктын жубайы Гүлмира төрөт учурунда каза болгон. Ал 36 жашта эле. Бул үй-бүлөнүн тагдырына кайдыгер карабаган адамдар жардам берип келишет. Бирок энени унутуу мүмкүн эмес.
Бишкектин түндүгүндө кадимкидей темир шаарча бар. Тегереги жер тамдар менен курчалган жүздөгөн гектар аймактагы контейнерлердин мегаполиси - “Дордой” дүр-дүйнө базары. Бул базарда жана анын тегерегинде күнүмдүк тамагына акча таап, оор турмушун кылдыратып келаткан адамдардын жашоосун пандемия кай жак
«Аудитория кеңейгени менен маалымат табуу татаалдашты». Эксперттер тумоо шартындагы журналисттердин ишин талкуулашты.
Өзбекстан түркүн мөмө-жемиштин мекени, ар бир үйдө жайында гана эмес, кышында да коондун, жүзүмдун жыты буркурап турган айылдарына саякатка чакырабыз. Жергиликтүү эл кышкы дасторкондун көркүн ачкан мөмө-жемишти сактоо сырларын кылымдар бою сактап келет.
Таш-Башат айылынын тургундары кыштын кычыраган суугуна карабай Нарын дарыясында алтын чайкашат. Эшиктеги суук -30 градус. Бул азаптуу жана кооптуу иш. Бирок алар үй-бүлөсүн багышы керек. Алтын чайкоочулар бир күнү кечке сөөк какшаткан сууну кечип, 1 грамм алтын табышы мүмкүн. Кокус 5 грамм таап калы
Жалал-Абаддын Жазы-Кечүү айылынын тургундары 21-кылым экенине карабай элект энергиясы жок жашап келет. Ал эми айылга ашууну ашкан, азаптуу жол алып барат. Кышкысын болсо айыл дүйнөдөн такыр эле бөлүнүп калат.
Кыргыз бермети Ысык-Көлгө жээгине совет доорунда курулган же көчүрүлүп келип, жайгаштырылган завод, фабрикалардан баштап аскердик, кеме куруу ишканаларынын азыркы абалы.
Кыргызстанда Ош шаарынан четинде лөлүлөр жашаган Жаңы-Маале деген кыштак бар. Ал жерде 4000ге чамалуу киши жашайт. Басымдуу бөлүгүндө эч кандай документ жок. "Настоящее время" теледолбоору Кыргызстандагы жана Өзбекстандагы лөлүлөр тууралуу даректүү тасма тартты.
Баткен районунда кышкысын үч ай күн тийбеген керемет кыштак бар, жайында ошончо эле убакыт айыл асманында ай көрүнбөйт.
Бул жолу “Азаттыктын” кабарчысы Адилет Бектурсунов Тянь-Шань тоолорунун бийик кыркаларында жайгашкан Кел-Суу, Соң-Көл жана Ала-Көл тууралуу видео экскурсия даярдады. Бийик тоолордогу кыргыз берметтерине сапар тартууга чакырабыз.
Ысык-Көл облусун өнүктүрүү фондуна жыл сайын жарым миллиарддай сом түшүп турат. Бирок калкты колдоо жана объекттердин курулушу үчүн бөлүнгөн ал миллиондор кайда кетти? “Азаттыктын” кабарчысы Адилет Бектурсунов мекемедеги жемкорлук жана курулган объекттердин сапаты тууралуу иликтеди.
Сиз отурукташкан шаар же айыл адамдын жашоосу үчүн ыңгайлуубу? Ушул суроону соцтармактарда айрым Бишкектиктер байма-бай талкууга салып турушат.
«Алтын Казык» конушу Бишкек шаарынын четинде, шаардык таштандыга жакын жерде жайгашкан. Жергиликтүүлөр бул районду “мыйзамсыз арал” деп атап коюшкан. Конуш башчысынын айтымында, бийлик конуш жашоочуларынын көйгөйүн чечип берүүгө тийиш.
Бишкектин чок ортосунда жайгашкан Төкөлдөш конушундагы саман үйлөр убактылуу турак жай катары салынган. Андан бери жарым кылымдай убакыт өттү. Араң турган үйлөрдү кулатып, кайра салууга жергиликтүү тургундар ашыкпайт. Көбү өз үйүндө, бирок документтери жок мыйзамсыз жашап жүрүшөт.
Кыргызстандын экс-президенти Р.Отунбаева өлкөнүн турмушу жана көйгөйлөрү тууралуу "Азаттыкка" орусча маек курду.
Бишкекте жаңы шайланган президент Сооронбай Жээнбековдун инаугурациясынын репетициясы болуп өттү. Президенттик кызматка киришүү аземи аяктагандан кийин үч ирет артиллериялык залп атылат.
Динди шайлоого аралаштыруунун натыйжа, тобокелдиктери кандай болушу мүмкүн?
Талапкерлер жер-жерлерди кыдырып, үгүт иштери менен жүргөн маалда жогорку окуу жайлардын жетекчилиги студенттерди президенттикке аттангандардын кимисине добуш берээрин табыштап жаткан фактылар катталууда. "Азаттык+" берүүсүнүн бул жолку чыгарылышы жаштардын шайлоодогу ордуна арналды.
“Азаттыктын” “Эл аралаганда” түрмөгүнөн бул жолу Бишкектеги жайма базарларды, анда сатылган буюм-тайымдарды көрсөтөбүз.
Хан-Теңири жана Жеңиш чокуларына чыккандыгын тастыктаган сертификаттар кийинки жылдан тарта бериле баштайт. Анын баасы 5000 сом болмокчу.
Дагы жүктөңүз