Чүйдө инспекторлор эл ташыган автобустарды текшерүүдө

Жол коопсуздугун камсыз кылуу башкармалыгынын кызматкерлери кыш мезгилинин алдында Чүй облусундагы жүргүнчү ташыган автоунаалардын техникалык абалын текшерип жатат. Бул тууралуу аталган мекемеден маалымдашты.

Инспекторлор маршруттук таксилердин бригадирлерине жумушка чыгаар алдында автоунаа жана айдоочу текшерүүгө алынышы шарт экенин айтып, машинанын ичи таза болушу керек деген тапшырма берген.

Инспекторлор айдоочулар менен жол эрежеси боюнча маектешип, жүргүнчүлөрдүн коопсуздугуна байланыштуу эрежелерди айтып беришкен.

Бул иш-чаранын максаты - эл ташыган кичи автобустардын техникалык абалына көзөмөлдү күчөтүү жана коомдук транспорттун айдоочуларынын жоопкерчилигин эске салып, кырсыктардын алдын-алуу. (TSh)