Кыз узатуу: Жерге-Талдан келген салт

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Тажикстандык кыргыздарда кыз кишиге тарбия катуу. Кыздардын көпчүлүгү мектепти бүтүп, медреседе диний билим алгандын кийин, ата-энеси алдын ала кудалашып койгон адамга турмушка чыкканга милдеттүү. Ал эми кыз узатуу, үйлөнүү үлпөт тою жергеталдыктардын каада-салты менен өтөт. "Азаттыктын" кабарчысы Чүй облусунунун Жаңы-Пахта айылынын тургуну 19 жаштагы Разия Шамованын кыз узатуу тоюна катышып келди. Бул айылда Тажикстандан көчүп келген кыргыздар жашайт.