Кыргызстанда коронавирус дагы 26 кишиден табылды (видео)

Кыргызстанда 29-мартка карата коронавирусту жуктурган дагы 26 киши аныкталды. Бул адамдар обсервацияга алынды жана дарыгерлердин көзөмөлүндө жатышат. Алар менен байланышта болгондорду аныктоо иштери жүрүп жатат. Жаңы аныкталгандардан эки адам Чүй облусунда, төртөө Бишкек шаарында, бир адам Нарын шаарында, алтоо Ош облусунда, 13 адам Жалал-Абад шаарында жашайт. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин штабынын жетекчисинин орун басары Касымбек Мамбетов билдирди.

"Бүгүнкү күндө 84 киши болуп калды. Жаңы катталган 26 киши менен байланышта болгондорду тактап, үй карантинине ала баштадык", - деди Мамбетов.

Ошентип республикада коронавирусту жуктургандардын саны 84 кишиге жетти. Алардын ичинен үч киши жандандыруу бөлүмүндө жатат.

Учурда республика боюнча обсервацияда жаткан адамдардын саны – 4886 киши. Үй карантининде жаткан адамдардын саны – 3338 киши.