Коронавируска каршы эмделген лидерлер

Садыр Жапаров элге кайрылып, вакцинацияга байланыштуу жалган маалыматтарга ишенбөө керектигин айтты. Кыргызстандыктарды эмдөөдөн өтүүгө чакырды.

Казакстандын тунгуч президенти Нурсултан Назарбаев “вирустун жаңы штаммдары чыгып жаткан учурда вакцина алуу өтө маанилүү” экенин айткан.

АКШ президенти Жо Байден өткөн жылдын соңунда Pfizer компаниясы иштеп чыккан вакцина менен эмделген. "Кимге эмдөө сунушталса, анда алар дагы менин артымдан келүүгө даяр болушу керек”, - деген ал.

АКШнын вице-президенти Камала Харрис Moderna компаниясынын вакцинасын алууну туура көргөн.

Британ премьери Борис Жонсон AstraZeneca вакцинасы менен эмделген.

Грузиянын президенти Саломе Зурабишвили AstraZeneca иштеп чыккан вакцина менен эмделгени кабарланган.

Орусиянын президенти Владимир Путин коронавируска каршы Sputnik-V вакцинасын алганын чоң маалымат жыйынында билдирген. Бирок анын вакцина алып жаткан учурда тартылган сүрөтү расмий жарыяланган эмес.

Канаданын премьер-министри Жастин Трюдо жубайы Софи Грегуар менен бирге Astra Zeneca вакцинасын алган.

Президент Садыр Жапаров 23-июлда Бишкек шаарындагы Bishkek Park соода борборунда ачылган эмдөө түйүнүндө коронавируска каршы кытайдын Sinopharm вакцинасын алды.