Он үчтөгү кызды зордуктаганды кыргыз соту гана бошотот...

Кыргызстанда социалдык тармактын колдонуучулары Тоң райондук сотунун судьясы Сабыр Содонбековго каршы виртуалдык митингге катышууда.

Акцияга үн кошкондор соттун 13 жаштагы кызды зордуктаган деп шек саналган үч кишинин экөөнү актап, бирин жеңил жазага тартканына нааразылык билдирип, соттун жоопкерчилигин кароону талап кылышууда. Бирок сотто акталгандар мындай дооматка макул эмес.

Сот өкүмү

Тоң райондук соту 11-декабрда 13 жаштагы кызды зордуктоого шектүү эки кишини актаган. Дагы бирөө бардык далилдер жетиштүү болгонуна карабай жеңил жаза алган.

Көчөт кызы зордукталып, ансыз да шагы сынып турган ата-эне үчүн бул кош сокку болду. Алар менен "Настоящее время" телеканалынын журналисти Жибек Бегалиева маектешти.

Бул окуяда бардык ысымдар өзгөртүлдү. Бир сөз кылып жаткан кыз бир нече жолу зордуктоого жана мазактоого кабылган. Анын үй-бүлөсүнүн айтымында, үч эркек 13төгү кызды жарым жыл бою зордуктап, кокус кимдир-бирөөгө бул тууралуу айтчу болсо тартып алган видеону классташтарына көргөзөбүз деп коркутушкан.

"Кызымды ушунча тебелешип, келечегине бала чабары ойго келбептир, - дейт Элнуранын атасы. Көрсө эч кандай акыйкаттык жок экен, мыйзамдарга такыр ишенбей калдым. Кызым жашагысы келбей калды. Аны менен энеси гана алдап-соолап сүйлөшүп жатат. Бир шектүүнү сот бошотуп жибергенден кийин мени такыр көргүсү келбей калды".

Иллюстрациялык сүрөт.

Азыр анын жалгыз кызы кризистик борбордо. Бир жылдан бери психологдор аны өзүнө келтире албай жатат. Зордуктоодон кийин кош бойлуу болуп калгандыктан аборт жасатууга туура келген.

Каргаша бир жыл мурда башталган. Элнуранын ата-энеси мал багып тоодо жүргөндүктөн, кыз айылдагы чоң атасынын колунда калган.

"28-ноябрда кызым сабактан келип көчөгө чыккан боюнча келбей калган, - деп эскерет кыздын энеси. Ызы-чуу түшүп, баарына чалдык. Бардык классташтарынын үйүнө бардык. Таң аткыча издедик".

"Ал эртең менен коңшунун үйүнө келиптир, - дейт кыздын атасы. Үйгө кирүүдөн коркуп туруптур. Кошунам чалганынан барсам, кызым ыйлап жаткан экен. Муну ким кылганын сурадым. Барсам, ал үйүндө экен, уруп салдым", - деди Элнуранын атасы.

"Ал" - ушул эле айылдын Урмат аттуу тургуну. Ошол күнү Элнураны алдап, Бишкекке алып кетип жыныстык катнашка мажбурлаган. Кыздын ата-энесинин айтымында, бул ызы-чуудан кийин өспүрүмдү дагы эки эркек зордуктап жүргөнү ашкере болгон.

Бири - Элнура жана башка жүздөгөн кыз барган мектептин отканасында иштеген көмүрчү болуп чыккан.

7-класстын окуучусу Элнура биринчи жолу өткөн жылдын май айында дааратканага бараткан жолдо зордукталган. Жолдошбек көмүрчү болуп иштеген мектеп кыздын чоң атасынын үйүнө жакын жайгашкан.

Бир нече күн мурда Тоң райондук соту Жолдошбекти актап, эркиндикке чыгарган. Биз барганда щектүүнүн атасы уулу учурда дарыланып жатканын билдирди.

Көмүрчүнүн туугандары Жолдошбек күнөөсүз экенин айтышууда. Алар Элнураны "жеңил ойлуу кыз" деп күнөөлөшкөн. Жолдошбектин жубайы күйөөсү андайга барбасын, беш маал намаз окуй турганын айткан.

Алар кыздын туугандарына акча сунуштаганы тууралуу кабарды четке кагышты. Бирок Элнуранын ата-энеси айыпкердин жакындары бир нече жолу келип, кечирим сураганын кабарлашты.

Редакцияга Жолдошбектин атасы, апасы, агасы болуп Элнуранын үйүнө келгени, окуусуна акча сунуштаганы тартылган видеону да көргөзүштү. Анда кыздын ата-энеси акчаны алуудан баш тарткан.

Кыздын жакындары Жолдошбектен башка эки шектүүнүн туугандары да акча сунуштап, райондук соттун чечиминин үстүнөн жогору инстанцияга арызданбоону суранышууда.

Бул соттун экинчи отурумунда бир айыпкер залдан бошотулган. Кызыгы, судья Сабыр Содонбеков процесс учурунда уйкусурап, бир нече жолу үргүлөп кеткен.

Үчүнчү шектүү - Сагынбек уулу Эржанды 11-декабрда бошотушкан. Кыздын ата-энесинин айтымында, ал Элнураны мектептин эски имаратына киргизип зордуктаган. Аны видеого тартып, муну "классташтарыңа көрсөтөм" деп коркуткан.

Бул окуянын жыйынтыгында, кызды Бишкекке алып кеткен 41 жаштагы Урмат гана күнөөлүү деп табылып, соттолуп жатат. Прокурорлор ага 20 жыл сураганы менен судья жазаны жеңилдетип койду. Урмат жети жыл, алты айга соттолгон.

Прокурорлор, адвокат жана ИИМдин өкүлдөрү кыздын зордуктагандардын күнөөсү далилденгенин, айыптууларды жазага тартууга толук негиз барын белгилешти.

"Биз бардык далилди жыйнап, "жашы жете электи зордуктаган" деген берене менен сотко жибергенбиз, - дейт Ысык-Көл ОИИБнин басма сөз кызматынын жетекчиси Сталбек Усубакунов. Алар кыз кичинекей, мектеп окуучусу экенин билишкен да. Аны биринчи зордуктаган адам бул тууралуу башкаларга мактанып айткан. Кызды алдап-соолап, коркутуп койсо болорун үйрөткөн".

Урмат учурда жазасынын үчтөн бир бөлүгүн убактылуу тергөө жайында өтөп койду. Калган айыптуулар болсо эркиндикте жүрөт. Бирок Элнуранын экинчи топтогу майып атасы күрөштү токтотпой турганын айтууда. Ал жок дегенде борбордогу судьялар акыйкат чечим чыгарат деп ишенет.

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Кыздын укугун тепсеген сотко каршы акция башталды

Зомбулукка каршы марш

13 жаштагы кызды зордуктагандардын акталышы адам укугун коргоого багытталган 16 күндүк акция аяктап жаткан учурга дал келди.

Буга байланыштуу Бишкектеги феминисттик демилгелер коомдук уюму 12-декабрда гендердик теңсиздик, үй-бүлөлүк зомбулукка каршы жүрүшкө чыкты.

"Жетишет" деп аталган жөө жүрүш темир жол бекетинен башталып, Курманжан датканын Эркиндик бульварындагы эстелигинде аяктады.

"Көптөгөн аялдар үйдөгү зордук-зомбулуктан коргонууга кылган аракети үчүн айыпталып, соттолуп жатат. Ал эми кыз-келиндердин тагдырына балта чапкан чыныгы күнөөлүүлөр эч кандай жазасыз, эркин жүрөт. Адилетсиз сот системасынын курмандыгы болгон кыз-келиндердин укугу үчүн биз бүгүн жүрүшкө чыгабыз", - деп жазылган андагы плакаттарда.

Феминисттик марштын катышуучулары. 12-декабрь, 2020-жыл.

Социалдык тармактагы реакциялар

13 кызды зордуктагандардын акталышы өлкөдөгү саясий абал, президенттик шайлоого карата үгүт иштери башталган учурда дал келди. Ошого карабай адам укугуна кайдыгер эместер өз ой пикирин жазып, мындай өкүм чыгарган судьяны иштен алууну талап кылышууда.

Нурболот Азамат:

"... Демейде тилинен жаңылган бирөөнү, ырдап койгон саясатчыны, МАИге түшүп калган ырчыны күндүн темасына айлантып, мүнөт сайын пост жазып, резонанска айлантып ийген социалдык тармактын лөктөрү 13 жашар кызды зордуктаган үч зөөкүрдүн бирин сот актап жибергени, экинчиси динге жамынып актанып, секелек кызды “мурдатан бузулган кыз, ага аксакалдар күбө” деп кайра каралап жатканы тууралуу үн катышпады. Адаттагыдай “пикирин” же пафос менен айтып көнүшкөнүндөй “позициясын” билдиришпеди. “Чырактай кызымдын келечеги талкаланды” деп боздогон атанын көз жашын көрмөксөнгө салып койдук...

Биз бул нерсеге табу катары карап, көйгөйдү ачык айтып, ачык күрөшүүгө “ыйманыбыз” жол бербей, ал эми бул маселеге көңүл бурдурууну каалагандарды “батышчылдар” деп тергеп аткан чакта, кыздарга ыдык көрсөтүү коомдо нормалдуу көрүнүшкө айланып барат. Мурда жашы жете элек өспүрүм кыздарга психикалык жактан жабыркаган чоочун бирөө кол салса, эми өз агайы, кесиптеши, жетекчиси, бир тууганы, ал түгүл атасы ыдык көрсөткөн абалга келип жеттик...

Кыздардын намысын, абийирин, укугун коргой албай, бүт өмүрү алдыда турган секелек кыздардын келечегин уратып салгандарды актап аткандан кийин, улуу улут куруу жөнүндө ооз көптүрбөй эле койгонубуз оң...".

Ал эми Жогорку Кеңештин депутаты Наталья Никитенко 13 жаштагы кызды зордуктаган адамдын акталышына байланыштуу Ички иштер министрлигине кайрылуу жөнөттү.

Ал 14-декабрда «Фейсбуктагы» баракчасына: «Мен депутат катары жана Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү комитетинин төрайымы катары мыйзамдуулукту жана акыйкатты талап кылам», деп жазды.

Никитенко өлкөдөгү эки жагдайды - соттордун адилетсиздигин жана жарандык активисттер менен журналисттердин адам укуктары үчүн күрөшкөн аракетин баса белгиледи.

Анын алдында парламенттин дагы бир депутаты, президенттик шайлоого талапкер болгон Каныбек Иманалиев да «Фейсбукта» видео кайрылуу таратып, 13 жаштагы кызды мазактаган сот чечимин кайра артка кайтарууга аракет кыларын билдирген.

Каныбек Иманалиев бул маселеде судья Содонбеков буга чейин да беш жаштагы баласынын көзүнчө аялды зордуктаган кишини актаганын эске салды. Аны жоопко тарттыруу үчүн колунан келген аракетин кыларын айтты.

Бурул Калчабаева, драматург:

Азыр окуп алып...айтаарга сөз таба албай турам.

Зөөкүрлөр коркунучтуу айбан.

Зөөкүрлөрдү актаган мына сот... зөөкүрлөрдөн да коркунучтуу, колунда бийлиги бар айбан!

Мындай мыйзамды уруп ойнобогон СОТ сөрөйлөр турганда, мындай зөөкүрдүк жаап-жашырыла берет.

Тиги үчөөнү оор берене менен соттоо керек!

13 жашар секелектин кийинки тагдыры эмне болот?!

Күйөөм беш маал намаз окуйт деген келиндин акылы деле жок экен.

Тоңдуктар! Жалпы журт тик туралы! Кыздарыбыз качанка чейин кордолот?!

Мынабу сүрөттөгү Сот ишинен алынсын. Бардык сый-ургалы кошо алынсын. Башкаларга сабак болсун!

Кыргызстанда жашы жете элек кызды зордуктаганы үчүн судьяны коомчулуктун басымы менен иштен кетирген учур буга чейин да катталган.

Ушул жылдын июнь айынан башында Биринчи май райондук сотунун судьясы Айбек Эрнис уулун кызматтан кетирүү боюнча change.org деп аталган сайттагы петицияга 4200гө жакын киши кол койгон.

Айбек Эрнис уулу.

Алар Биринчи май райондук сотунун судьясы Айбек Эрнис уулун «Бишкек Парк» соода борборунун дааратканасында 13 жаштагы секелекти зордуктоо үчүн шек саналган 22 жаштагы жаранды актап койгонун айыпташкан.

Жогорку сот бул кылмыш иши боюнча айыпталуучу үй камагында экенин билдирген. Маалыматка ылайык, Бишкектин Биринчи май райондук соту «кылмыштын курамы жок» деген негизде шектүүнү актаган.

Коомчулуктун реакциясынан кийин ошол кездеги президент Сооронбай Жээнбеков кызматтык мөөнөтү аяктаган Бишкектин Биринчи май райондук сотунун судьясы Айбек Эрнис уулун кайра кызматка дайындоодон баш тартып, аны иштен бошоткон.

Дагы караңыз Президент жарлыгы менен Айбек Эрнис уулун судьялык кызматтан бошотту

Башкы прокуратуранын жообу

Ысык-Көл облусунун Тоң районундагы Кара-Шаар айылынын тургуну, 7-класстын окуучусунун айылдаштары тарабынан зордукталып жүргөнү тууралуу соттук териштирүүгө байланыштуу Башкы прокуратура түшүндүрмө берди.

"Өспүрүм кызды ушул эле айылдын 28 жаштагы эки тургуну менен 41 жаштагы жашоочусу күч колдонуп зордукташканы тууралуу факты Бирдиктүү реестрге Жазык кодексинин 161-беренеси ("Зордуктоо") менен катталган. Кызды зордуктоо аракеттери жогорудагы жарандар тарабынан өз-өзүнчө же башкача айтканда, ар кайсы маалда болгондуктан үч жазык иши козголгон. Жүргүзүлгөн тергөө амалдарынын жыйынтыгы менен жогоруда белгиленген үч жаранга карата айыптоо корутундулары бекитилип, Тоң райондук сотуна жиберилген", - деп жазылган маалыматта.

Башкы көзөмөл органы кабарлагандай, сотто прокуратура айыпталуучулардын экөөнө 15 жылдан, ал эми 41 жаштагы адамды 20 жылга эркинен ажыратууну соттон сураган.

2-декабрда жана 11-декабрдагы соттук териштирүү учурунда 28 жаштагы эки айыпталуучу "аракеттеринде кылмыш курамы жок" деген негиз менен акталып, сот залынан бошотулган. Ал эми 41 жаштагысы Жазык кодексинин 164-беренеси ("Жашы жетелек адам менен сексуалдык мүнөздөгү аракеттер") боюнча күнөөлүү деп табылып 7,5 жылга эркинен ажыратылган. Прокуратура сот чечими менен макул эместигин билдирип, азырынча чечимдердин бири гана келип түшкөндүгүнө байланыштуу аны жокко чыгаруу өтүнүчү менен облустук сотуна кайрылганын, дагы эки чечимдин актылары күтүлүп жатканын кабарлады.

Көзөмөл органы эгерде Ысык-Көл облустук соту Тоң райондук сотунун чечимдерин жокко чыгарып, айыптоо мүнөзүндөгү өкүм кабыл алса, райондук соттун судьясы Сабыр Содонбековдун жоопкерчилиги каралышы ыктымалдыгын билдирген.

Аталган органдын маалыматы боюнча мурунку жылдары жашы жете элек балдарга карата 1101 кылмыш иши катталган, анын 150дөн ашууну жыныстык мүнөздө болгон.

Жашы жете электерге жыныстык зомбулук үчүн шектүү катары 57 жаран кармалган. Алардын канчасы сот жоопкерчилигине тартылганы тууралуу маалыматтар жок.

Кыргызстандын Жазык кодексинин 129-беренесинин 3-бөлүгүнө ылайык, жашы жете электерди зордуктоо үчүн айыпталгандар 15 жылдан 20 жылга чейин эркинен ажыратылат.

Секелек кыздар зордукталган учурлар

  • 16-июлда Ноокен райондук соту 10 жаштагы кызды зордуктаган 20 жаштагы кишини өмүрүнүн акырына чейин эркинен ажыраткан. Милициянын маалыматына ылайык, 2020-жылдын 28-январында жергиликтүү тургун 10 жаштагы кызын бейтааныш киши зордуктап койгонун айтып, Ноокен райондук ички иштер бөлүмүнө кайрылган. Кайрылган адам окуя кызы кечки саат беш чамасында мектептен үйгө келатканда болгонун жана шектүү 20-25 жаштарда экенин билдирген.
  • 1-сентябрда Ош милициясына 30 жаштагы бир тууган иниси 12 жаштагы кызын зордуктап жүргөнү тууралуу арыз түшкөн. Бул факт боюнча Кылмыш кодексинин 161-беренеси («Зордуктоо») боюнча сотко чейинки териштирүү башталды.
  • Ноябрь айында Жалал-Абадда бир тууган карындашын зордуктаган жаран 20 жылга камакка алынды. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук сотунун басма сөз кызматы тараткан маалыматта айтылгандай, быйыл 20-июлда Сузак районунда 15 жаштагы өспүрүм кыз облустук төрөт үйүндө төрөгөн. Ал бир тууган агасы былтыркы жылдын күзүндө мас абалда зордуктаганын, эртеси кечирим сураганын айткан.
  • 18-ноябрь күнү Талас шаарынын тургуну 12 жаштагы кызы зордукталганын милицияга билдирген. Бул маалыматты Талас облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы ырастаган.