Журтташтар 40 жыл мурун Ванга көчүп барган кыргыздар 22-Август, 2022 Улуу-Памир айылы. 21-августта Түркиянын Ван аймагындагы Улуу Памир айылында 1982-жылы Памирден көчүп барган кыргыздар уюштурган иш-чара өттү. Айыл башчысы Эйүпхан Ватансевер. Рахманкул хандын мүрзөсүнө барган коноктор. Вандык жаштар, балдар. Улуу-Памир айылында атайын иш-чарага жергиликтүү бийлик өкүлдөрү катышты. Мектеп окуучуларынын концерттик программасы. Улуу-Памирге Түрк мамлекеттер уюмунун баш катчысынын орун басары Арслан Койчиев жана Кыргызстандын Стамбулдагы башкы консулу Лира Сыдыкова да барды. Айыл тургундары салттуу спорттук оюндарын көрсөтүштү. "Ордо" оюну. Улуу-Памирликтер. Вандык аксакалдар. Вандык кыргыздардын Түркияга көчүп барганына быйыл 40 жыл болду. Жекшембиде алар байырлаган Улуу-Памир айылында атайын иш-чара өттү.