2023-жыл: Камоолор, кургакчылык, өзгөргөн туу
10-январь. Бул күнү ИИМдин алдына Кемпир-Абад иши боюнча камакта жаткандардын жакындары, тарапташтарынан турган жүздөй киши нааразылык билдирип чогулган. Алар абактагыларды үй камагына чыгарууну, тергөөнү бейтарап жүргүзүүнү жана мыйзамдардын сакталышын талап кылган. Митингдин жүрүшүндө 27 адам кармалганы кабарланган.
Сүрөттө: акцияны чагылдырып жүргөн “Азаттыктын” журналисти Бакыт Төрөгелдини милиция кызматкерлери кармап кетүүгө аракет кылып жаткан учур.
26-январда Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев Кыргызстанга мамлекеттик сапары менен келди. Бул сапардын алкагында эки өлкөнүн башчылары өз ара алака-катышты талкуулап, чек арага тиешелүү жана башка бир катар документтерге кол коюшкан.
Февраль. Кыргызстандык куткаруучулар Түркиянын зилзала болгон аймагында. Кахраманмараш шаары. Алар уранды алдында калган сегиз адамды аман куткарып, 100дөн ашуун сөөктү алып чыгышкан.
Түркиянын Сирия менен чектеш 10 аймагында 6-февралда таңга жуук күчү 7,8 баллга жеткен зилзала болгон. Түш оой аймакта күчү 7,5 баллга жеткен дагы бир жер титирөө кайталанды. Бул зилзаланын курмандыктары 48 миңден ашкан.
6-февраль. Кыргыз кинематографиясы оор жоготууга учурады. Көрүнүктүү кинорежиссер, сценарист, Кыргыз Республикасынын эл артисти Геннадий Базаров 81 жаш курагында дүйнөдөн кайтты.
8-март. Кыз-келиндердин укуктарынын сакталышына арналган тилектештик жүрүшүнө чыккан кыздар ала качуунун курмандыгы болгон Айзада менен Бурулайдын да сүрөттөрүн көтөрүп турушат.
12-апрелде Биринчи Май райондук сотунда Кемпир-Абад иши боюнча беш айдан ашуун камакта жаткан саясатчы, Конституциялык палатанын мурдагы судьясы Клара Сооронкулова үй камагына чыкты.
Аны менен катар мурдагы депутат Асия Сасыкбаева, Боршайкомдун мурдагы мүчөсү Гүлнара Журабаева, мурдагы элчи Мамбетжунус Абылов, "Бириккен демократиялык кыймылдын" мүчөсү Улукбек Маматаев, активист Чыңгыз Капаров, активист Таалайбек Мадеминов үй камагына чыгышты.
27-апрель. Бишкектин Ленин райондук соту. “Азаттыктын” ишин караган судья Чолпон Каримбаева "Азаттык Медианын" ишмердигин токтотуу чечимин окуп жаткан учуру.
12-июлда, тагыраагы, эки айдан кийин Бишкек шаардык соту Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги менен "Азаттык Медиа" мекемесинин ортосундагы тынчтык келишимин бекитип, Ленин райондук сотунун 27-апрелдеги "Азаттыктын" ишмердигин токтотуу боюнча чечимин жокко чыгарып, соттук териштирүүнү токтотту.
4-май. Эл аралык футбол федерациясынын (ФИФА) президенти Жанни Инфантино Кыргызстанга келди. Эки күндүк сапарында ал Кыргыз футбол бирлигинин жаңы административдик кеңсесинин ачылышына катышып, Садыр Жапаров менен бирге футбол ойногонго жетишти.
30-июнь. Ысык-Көлдө “Асман” шаарынын курулушуна капсула салуу салтанаты. Бул акылдуу шаар 500 миң кишиге ылайыкталары айтылган. "Асман" шаарын куруу - Садыр Жапаров президенттикке келгенден бери убадалап келген долбоорлорунун бири.
1-июнь. Жарандык активист Өндүрүш Токтонасыров өзүнө карата 30-мартта козголгон кылмыш ишин үч айдан кийин, 30-июнда билген. Ошол күнү аны милиция кармап кетип, Тергөө башкармалыгынын имаратында бир нече саат суракка алган. Кийинчерээк суракка күбө катары чакырылганы, Фейсбукка жазгандары боюнча лингвистикалык экспертиза дайындалганы маалым болгон.
65 жаштагы Өндүрүш Токтонасыров адам укуктары, сөз эркиндиги, чек ара, Украинадагы согуш жана башка маселелер тууралуу өз оюн ачык жазып, митинг, акцияларга чыгып келген.
Июль айында Бишкекте күн адаттагыдан тыш ысып, ичүүчү суунун таңкыстыгы курч көйгөйгө айланды. Шаардын түштүк-батыш тарабындагы жаңы конуштарга суу жетпей, нааразы болгон тургундар көйгөйдү тез арада чечүүнү талап кылып, акцияга чыгышты.
14-июлда Сокулуктагы Селекция жана Сары-Өзөн конушунун тургундары таза суу төрт күндөн жок болуп жатканын айтып, нааразылык акциясына чыгышты. Акциядан кийин үч адам кармалып, камакка алынган. Алардын бири блогер Эртай Исаков болгон.
Августтун башында Кыргызстандын Киров суу сактагычына топтолгон суунун көлөмү соңку 30 жылдагы эң төмөнкү чекке түштү. Мындан улам 14-августа Кыргызстан Казакстанга суу берүүнү убактылуу токтотту. Казакстан сугат суу жетишсиздигинен улам 13 райондо өзгөчө кырдаал режимин жарыялаган.
30-августта Бишкектеги Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо испаниялык “Барселона” клубунун мурдагы оюнчулары жана Борбор Азиянын ардагер футболчулары ортосунда беттеш өттү. Ал 3:0 эсебинде "Барселонанын" жеңиши менен аяктады. Мунун алдында “Барселонанын" легендалары Жалал-Абад шаарындагы футбол академиясынын ачылышына катышып, жаш футболчулар менен ойноп, машыгууларды өткөрдү. Кыргызстанга клубдун президенти Жоан Лапорта да келди.
2-сентябрда "Бүтүн Кыргызстан" фракциясынын лидери, Жогорку Кеңештин депутаты Адахан Мадумаров кармалып, Улуттук коопсуздук комитетинин тергөө абагына камалды. Кыргыз-тажик чек арасындагы тилке боюнча 2009-жылы протоколго кол койгону үчүн ага “Мамлекеттик чыккынчылык” деген берене менен айып коюлган.
Американын лидери Жо Байден менен Борбор Азиянын беш президенти 19-сентябрда биринчи жолу Нью-Йоркто бир үстөлгө отурду.
Сентябрда Сербиянын Белград шаарында өткөн күрөш боюнча Дүйнө чемпионатында кыргызстандык Айсулуу Тыныбекова алтын медал утуп, Дүйнөнүн үч жолку чемпиону болгон Кыргызстандын алгачкы спортчусу болуп калды. Айсулуудан сырткары балбандар Акжол Махмудов менен Жоламан Шаршенбеков да Дүйнөнүн эки жолку чемпиону болду.
Айсулуу 2023-жылы бешинчи жолу Азиянын чемпиону болду.
20-сентябрда Бишкектин четиндеги Селекция айылында 36 жаштагы Асел Ногойбаеваны мурдагы күйөөсү мыкаачылык менен бычактап, келин оор абалда ооруканага түшкөн. Шектүү кармалып, факт боюнча кылмыш иши козголгон. Сокулук райондук соту шектүүнү эки айга камаган.
Мурдагы күйөөсүнөн зомбулук көрүп, кулак-мурду кесилген Асел Ногойбаеванын окуясынан кийин ондогон аялдар өздөрү кабылган окуялар тууралуу айтып чыгышты.
26-сентябрь. Дзюдочу Эрлан Шеров Кытайдын Ханчжоу шаарында өткөн жайкы Азия оюндарында алтын медал тагынды. Азия оюндарында Кыргызстан төрт алтын, эки күмүш жана тогуз коло байге менен командалык эсепте 18-орунду ээледи.
13-октябрда Бишкекте өткөн Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигине (КМШ) мүчө өлкөлөрдүн президенттеринин кезектеги саммити болду. Ага Орусия, Казакстан, Өзбекстан, Тажикстан, Түркмөнстан, Азербайжан жана Беларустун президенттери келип катышты.
Кытайдын Ханчжоу шаарында өткөн Азиянын параоюндарында Хайитхон Хусан кызы дзюдодон алтын медалга ээ болду. Хайитхон 12 жашында кызылча оорусуна чалдыгып, көзү жакшы көрбөй калган. Ал Азиянын пара оюндарынан алтын медал уткан алгачкы кыргызстандык болду.
Бул Азиянын параоюндарында Кыргызстандын спортчулары жалпысынан бир алтын, эки күмүш жана бир коло байгеге ээ болушту. Жеңил атлетикадан параспортчу Жалалидин Абдувалиев
эки күмүш медал жеңди. Анын жубайы Гүлназ Жүзбаева спорттун ушул эле түрүнөн коло медал утту.
16-ноябрь. Кызамыкка каршы эмдөө учуру.
Кыргызстанда 2023-жылдын башынан бери кызамык (корь) оорусун жуктургандардын саны 5900 адамга жетти. Кызамыктан алты бала чарчап калды.
30-ноябрда Бишкектин четиндеги “Дордой” базарынын айрым соодагерлери салык саясатына каршы нааразылык акцияга чыгышты. Мындай акциялар Ош, Талас, Каракол шаарларында өттү.
9-декабрда Бишкектеги Максим Горький атындагы гүлбакта мамлекеттик тууну өзгөртүүгө каршы митинг өттү.
Мамлекеттик желектин айланасында талкуу күчөдү. Буга карабай президент Садыр Жапаров 22-декабрда тууну өзгөртүү мыйзамына кол койду.
Ак-Сай айылындагы бала бакча декабрдын башында ишке кирди.
Өткөн жылдагы кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кагылышта Баткендин Ак-Сай айылы катуу бүлүнгөн. Беш миңдей тургун жашаган айыл Тажикстандын Ворух анклавына чектеш. Быйыл Баткен жана Лейлек райондорунда жарактан чыккан 400 үй кайра курулуп, тургундардын көбү үйлөрүнө кайтты.