Экологдор климаттын өзгөрүшү менен мурда белгисиз жаңы зыянкечтердин түрлөрү пайда болуп, Бишкектеги дарактарды каптап жатканын айтууда. Азырынча алар менен күрөшүүнүн ыкмалары толук иштелип чыга элек.
Бишкектин "Жашыл чарба" муниципиалдык мекемеси өз карамагындагы 236 миң бак-дарактын 30% тегерегиндегиси дарылоого муктаж экенин билдирди.
“Бишкектеги бак-дарактардын 30% дарылоого муктаж”
Тынчтык проспекти менен жогору бараткан жолдун эки тарабындагы көк тиреген теректер эсиңиздеби? Өткөн кылымдын 70-жылдарында отургузулуп, ушул кезге дейре жайы-кышы шаарга көрк берип турган бул теректердин бир бөлүгү бүгүн аянычтуу абалда.
Бир эле бул жерде эмес, шаардын дээрлик бардык бак-дарактары жаз айларынын этегинде, жайдын башында эле саргарып кетет. Жайдын толуп турган маалында Бишкектин бак-дарактары күз айларын эске салып турат. Жакшы сугарылбай, жалбырактары эрте эле саргайып, кээ бирине курт түшкөнү өтө аянычтуу көрүнөт.
“Жашыл чарба” муниципиалдык мекемесинин билдиришинче, алардын балансында турган 236 миң бак-дарактын 30% дарылоого муктаж. Аталган мекеменин башкы агроному Жаныбек Жумалиев мындай жагдай бак-дарактарга кам көрүп, аларды дарылоо иши узак убакытка токтоп калганынан улам түзүлүп отурат дейт.
“Союз маалындагы бак-дарактарды дарылоо боюнча атайын мекемелер жоюлуп кеткенден кийин аларды дарылоо иштери 25 жыл жүргүзүлбөй калган. Кийин бак-дарактарыбызды илдет басты”.
Адистердин айтымында, бактардын зыянкечтерге туруштук бере албай калганына жай айларындагы сугат суу тартыштыгынан тышкары дагы башка бир канча себеп бар. Шаардагы булганыч аба, асфальтталган жолдор, инфратүзүмдүн өзгөрүшү, бактарды табигый жол менен тазалаган курт-кумурскалардын, куштардын азайып кетиши бактардын иммунитетин алсыздантат.
Шаардагы картаң бактарды убагында кыйып салуу иштери жүрбөгөндүктөн, зыянкечтер олуттуу маселеге айланып отурат.
“Арча демилгеси” коомдук фондунун билим берүү, изилдөө программаларынын координатору Дмитрий Переяславский жапайы жаратылышта өскөн жана шаар шартында өскөн бир эле бактын касиети кескин айырмаланып турарын белгилеп, шаар бактары өзгөчө камкордукту талап кыларын эскертет.
“Жаратылышта бак-дарактар 100, 400, 500 жыл жашай берет. Бирок шаардын шартында андай эмес. Чаң баскан, асфальтталган, суу жетишсиз чөйрөдө турган бактардын өмүрү кыйла кыскарат. Шаардагы бактар орточо 70-80 жыл жашайт. Буга кошумча, шаарда өсүмдүктөрдүн жана курт-кумурскалардын биологиялык ар түрдүүлүгү кыскарып кетти. Мурда шаарда зыянкечтер менен азыктанган кумурскалардын көптөгөн түрү бар болчу. Алар кескин кыскарды. Анан да Бишкекте көпөлөктөр жоголуп кеткенин байкадыңызбы? Дээрлик жокко эсе. Эмнеге? Анткени шаарда майда бадалдар, гүлдөр жок. Мындай майда курт-кумурскалар эмен таарычылы сыяктуу зыянкечтердин көбөйүшүнө жол беришмек эмес”.
Таарычыл, узун мурут, калканча: Шай оодарган зыянкечтер
Энтомологдордун эсебинде Бишкектин бак-дарактарынын шайын оодарып жаткан зыянкечтердин 7-8 түрү бар. Шаардагы бактардын басымдуу бөлүгүн түзгөн эмен бактары "эмен таарычылы" деп аталган зыянкечтен жабыр тартып келет. Шаардагы эмен бактардын жалбырактары саргайып, күзгө жетпей түшүп калышынын негизги себеби ушул зыянкечте.
Эмен таарычылы 2003-жылдары Европадан келген болушу мүмкүн деген божомол бар. 2010-2015-жылдары болуп көрбөгөндөй тездик менен жайылып, шаардын дээрлик бардык эмен бактарына зыянын тийгизген.
Мындан тышкары басымдуулук кылган кара жыгач бактарынын 80% "узун мурутчандын" (усач) тузагына түшкөн. “Жашыл чарба” муниципиалдык мекемеси бул зыянкечтен арылуунун бирден бир жолу бакты кыйып салуу экенин айтат. Ал эми адистер шаарда катуу шамал болгон учурда дарактардын кулап калып жатканынын себеби да ушундан дешет. Шаардагы теректердин, кайыңдардын ичи зыянкечтер жеп салгандыгынан улам көпшөк болуп калган. Ал эми карагайлар жаз айларында биттеп, жай айынын башында эле саргайып калат. Шаар арчалары болсо сөңгөктөрүнө жабышкан калканчалардан зыян тартып келет.
Энтомолог, Кыргыз-түрк “Манас” университетинин “Өсүмдүктөрдү коргоо бөлүмүнүн” илимий кызматкери Таир Эсенали уулу жыл өткөн сайын зыянкечтердин улам жаңы түрү пайда болуп жатканын айтып, муну климаттын өзгөрүшү менен байланыштырат.
“Бул жерде бири-бирине байланышкан комплекстүү нерселер бар. Шаар катуу ысыгандыктан, бак-дарактарды кенелер каптап жатат. Алар көзгө көрүнбөйт. Көлөмү 0,1 мм. Булар ысыкта өтө тез көбөйөт. Азыр бактардын саргайган жалбырактарын карай турган болсок, миллиондогон кенени көрүүгө болот. Бул эмнеден кабар берет? Климаттын өзгөрүшү шаарда көптөгөн зыянкечтердин активдешүүсүнө алып келүүдө. Ошол эле учурда зыянкечтер менен күрөшүү, өсүмдүктөрдү сактап калуу иштери жетиштүү деңгээлде болбой жатат”.
Таир Эсенали уулу баштаган адистер буга чейин эмен дарактарын дарылоонун жолун сыноодон өткөрүп, муниципиалдык мекемелерге сунушташкан. Ушул тапта адистер жаңы зыянкечтерден арылуу ыкмаларын издөө менен алек.
Ийне саюу, дары чачуу: дарылоонун түрдүү ыкмалары
Адистердин сунушу менен Бишкектин “Жашыл чарба” муниципиалдык мекемеси бак-дарактарды дарылоодо дарыны бүркүп чачуу ыкмасын колдонот. Адатта бул иш апрель-май айларында түнкүсүн жүргүзүлөт. Анткени шаардагы бактарды жеген зыянкеч курттар дал ушул маалда жумурткалайт. Муниципиалдык мекеменин өзүндө эки эле техника болгондуктан, бүркүп чачуу иштерин жүргүзүү үчүн Өсүмдүктөрдү химиялаштыруу, коргоо жана карантин кызматынын атайын бак-дарактарга дары чачууга ылайыкталган техникасын келишимдин негизинде пайдаланат.
Бирок адистер бак-дарактарга дары чачуу жолу менен дарылоо адамдардын саламаттыгына кыйыр түрдө зыянын тийгизет деген пикирде. “Арча демилгеси” коомдук фондунун билим берүү, изилдөө программаларынын координатору Дмитрий Переяславский калкы көп шаарда мындан башка ыкмаларды издөө керектигин айтат.
“Бардык класстагы инсектициддер адамдар үчүн кооптуу. Дарылоо иштерин түнкүсүн жүргүзгөн күндө деле анын зыяны жок деп кепилдик берүүгө болбойт. Шаар шартында химиялык дарылоого жол берилбейт. Санитардык норма боюнча буга тыюу салынат. Мындан башка иннекциялык дагы ыкма бар. Бакка зыянкечтерге каршы уулуу зат атайын түтүкчө аркылуу куюлат. Мунун адамдарга зыяны жок. Бирок бул процедура кымбат. 300 сомдун тегерегинде. Анан да көп эмгекти талап кылат. Он чакты бакка колдонсо болот. Бирок чоң масштаб үчүн туура келбей калат”.
Бишкектин “Жашыл чарба” муниципиалдык кызматы бул ыкманы бир канча жыл мурда сынап көргөн. Бирок адис айткандай эле, шаардын бардык бактарына ийне саюу жолу менен кам көрүү мүмкүн эмес.
“Жашыл чарба” муниципиалдык мекемесинин башкы агроному Жаныбек Жумалиев мекеме бак-дарактарды дарылоонун жаңы ыкмаларын издеп, Казакстандын, Өзбекстандын алдын ала кам көрүү ыкмаларын өздөштүрүүгө аракет көрүп жатканын билдирди. Бирок азырынча мекеменин чама-чаркы бүркүп чачууну ишке ашырууга гана жетип жатат.
“4-5 жыл мурда иннекция саюу ыкмасы менен иштеп көргөнбүз. Жакшы натыйжа берген. Бирок бул абдан оор, убакытты талап кылган жумуш экен. Албетте, бул ыкмалар акча каражаты кенен өлкөлөрдө жакшы өнүккөн. Бизге азырынча бүркүп чачуу ыкмасы эле ыңгайлуу болуп турат. Биз жыл сайын кайсы бак кандай оору менен ооруп жатканы жөнүндө маалымат топтоп, тизме түзүп алып, дары чачып иш алып барып жатабыз”.
Ал эми адистер шаардагы зыянкечтердин көбөйүшүнө жол берип албоо үчүн "фитосанитардык көзөмөлдү күчтөндүрүп, сырттан алып келинген өсүмдүктөрдү кылдат текшерүүнү" сунушташат. Себеби ал өсүмдүктөрдүн топурагы же гүлү менен мурда белгисиз жаңы зыянкеч келиши мүмкүн. Ал эми узак мөөнөттүү пландарда мамлекет бул тармакта иш алып барган мекемелердин техникалык базасын жаңылоо, өсүмдүктөрдүн абалын анализдеген изилдөө иштерин, лабораторияларды калыптандыруу зарылчылыгын белгилешет.
Ушул тапта Бишкек шаарында 250 миңдин тегерегиндеги гана бак-дарак бар. Бул шаар аянтынын 10% дагы түзбөйт. “Арча демилгеси” коомдук фонду 2014-2021-жылдары Бишкекте 479 гектар жашыл аймак кыскарганын изилдеп чыгышкан.