Эл аралык жана жергиликтүү медиа уюмдар сөз эркиндиги чектелип, кысым күчөгөнүн айтып, бийликке бир нече ирет кайрылууларды жолдогон.
Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев Маалымат жана басма сөз күнүнө карата уюштурулган иш-чарада сот жообуна тартылып абакта жаткан журналисттердин маселесин көтөрө турганын билдирди.
7-ноябрдагы басма сөз күнүн абакта, же болбосо соттогу иши бүтпөй жаткан маалда тосуп жаткан журналисттер бар. Майрам алдында эркин маалымат каражаттары кызматкерлери белгисиз адамдардын басымына кабылганын айтып чыгышты.
"Балдарыңар саясатка аралашпай, жөн жүрсүн"
Кыргызстанда басма сөз күнү белгиленип, мамлекеттик мекемелер журналисттерди куттуктап, белек-бечкектерин жиберип жатышат. Адатта мындай иш-чараларда өлкөдө журналисттердин орду чоң экени, сөз эркиндиги бар экени көп айтылат.
Кесиптик майрам алдында “ПолитКлиника” медиасы эки журналисти “өзгөчө куттуктоо” алганын жазып чыкты. 4-ноябрда өзүлөрүн УКМКнын кызматкерлери тааныштырган адамдар редакцияда иштеген Ырысбү Кылычбек менен Адахан Аманатов тууралуу жеке маалыматтарды чогултуп жатканы белгилүү болду дейт “ПолитКлиниканын” жетекчиси Дилбар Алимова:
“Катталган жерине, туугандарына барышкан. Алар журналисттер боюнча маалыматтарды сурап, анан “балдарыңар саясатка аралашпай жөн жүрсүн” деген сөздөрдү айтышкан. Ансыз деле саясатка аралашкан жокпуз. Биз журналист катары өз ишибизди гана кылып жүрөбүз да. Эмне үчүн мындай болуп жатканын түшүнбөй калдык. Биз ИИМ менен УКМКга кайрылсак, алар эч нерсе билбей турганын айтышат. Ушуга улай эле биздин кызматкерлердин социалдык тармактагы баракчаларына чабуул болду. Биз буга аябай кабатырланып жатабыз. Бул окуя биздин ишибизге таасир этүүдө”.
Дилбар Алимова быйыл январда “Темиров LIVE” редакциясында мурда кийин иштеп кеткен 11 журналист камалар алдында ушундай окуя катталып, ар бири боюнча жеке маалыматтар чогултулганын эске салды. Ушундан улам ал жетектеген “ПолитКлиника” медиасында иштегендер чочулап жатканын кошумчалады.
Ушундай эле күтүлбөгөн конок “Апрель” телеканалында иштеген Юлия Кулешованын үйүнө чейин барып, анын үй-бүлөсүндө канча киши жашай турганын, күйөөсүнүн улутуна чейин сураштырган.
“Алгач үй комитеттеринин башчысына эки адам келип, өзүлөрүн милиция кызматкери катары тааныштырган. Анан кийин “Юлия Кулешова ушул үйдө жашайбы?” деп сурашыптыр. Ал маалымат бербей койгондон кийин апама келип, башка бир баланын сүрөтүн көргөзүп, соңунда биздин үй-бүлө боюнча да сураштырыптыр. Менин Телеграм-каналымды бузуп киргенге аракет кылышты. Бир күн мурун бизде иштеген эки журналисттин Телеграм-каналына чабуул жасалды”, - деди Юлия Кулешова.
Журналисттерге байланышкан бул эки окуя тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) да, Ички иштер министрлиги (ИИМ) да комментарий бере элек.
11 журналисттин иши, төраганын жообу
Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев 5-ноябрда журналисттерди чогултуп, 7-ноябрь – Маалымат жана басма сөз күнүнө карата иш-чара уюштурду. Шакиевдин өзүнө деле журналистика чоочун кесип эмес, төрага парламентке келгенге чейин ушул тармакта көп жыл иштеген.
Жыйында журналисттердин бири Бакыт Орунбеков соттолгон медиа өкүлдөрүн бошотуу керектигин билдирип, бийликти мыйзамдарды эске алууга чакырды.
Ага Нурланбек Шакиев мындай деп жооп кайтарды:
“Жаңылып-жазып ушундай учурга дуушар болгон кесиптештер боюнча маселени сөзсүз карайбыз. Бирок бул кийинкилерге сабак болуп, жоопкерчилик эмне экенин билишибиз керек. Бирөөгө акарат келтирүү, айрыкча мамлекеттин атына шек келтирүү туура эмес экенин сезиш керек. Мен муну айтам. Бул маселени карайбыз. Мыйзамдын чегинде, балким, жеңил-желпи иш-чара менен бул маселени чечебиз”, - деген Шакиев.
Блогер, социалдык тармактардын активдүү колдонуучуларын эсепке албаганда, бүгүнкү күндө үч журналист камакта жатат.
Алар - “Temirov LIVE” редакциясынын кызматкерлери Махабат Тажибек кызы, Азамат Ишенбеков жана Улуттук телерадиоберүү корпорациясынын (УТРК) директорунун мурдагы орун басары Адыл Акжол уулу. Булардын ичинен Тажибек кызын алты жылга, Ишенбеков беш жылга абакка кесилген. Ал эми Акжол уулунун иши эми гана сотко өттү.
Ал эми “Temirov LIVE” редакциясынын дагы эки журналисти - Актилек Капаров менен Айке Бейшекеева үч жылдан пробациялык жаза алган. Алар менен мурда-кийин чогуу иштеген дагы жети журналист акталган.
Тажибек кызынын, Ишенбековдун жана Бейшекееванын адвокаты Улан Сейитбеков Бишкек шаардык сотуна апелляциялык арыз менен кайрылып, биринчи инстанциянын чечимин жокко чыгарууну сураган:
“6-ноябрда шаардык сотко арыз менен кайрылып, алардан туура чечим күтөм. Анткени 11 журналистке коюлган айып боюнча эч нерсе далилденген жок. Алар толугу менен акталышы керек. Ал эми акталган жети журналист боюнча прокуратура арыз берген-бербегени боюнча соттон сурасам, азырынча маалымат жок экен”.
Негизи Кыргызстандын эгемен тарыхында журналисттерге кысым күчөгөн, ал тургай өмүрүнө кол салган учурлар да болгон. Бирок жапырт камалып, соттолгон окуя алгачкы жолу катталды.
Сөз эркиндигине таасир тийгизген мыйзам, сунуштар
- Соңку үч-төрт жылдын ичинде медиа коомчулугун чочулаткан, ЖМКнын ишин чектеген же оорлоткон бир нече мыйзам да кабыл алынды. Мисалы, 2021-жылы парламентте колдоо тапкан “Анык эмес (жалган) маалыматтан коргоо жөнүндөгү” мыйзам жаңы сунушталып жатканда жалган маалымат, фейк аккаунттар менен күрөшүүгө жардам бере турган документ катары сыпатталган. Бирок иш жүзүндө башкача болуп калды.
Мыйзам Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигине жалган маалымат таратты деп табылган жалпыга маалымдоо каражатын соттун чечимисиз эле эки айга жаап салууга укук берет.
Дагы караңыз "Сөз эркиндигин, эркин пикир укугун чектейт". Талаштуу долбоор биринчи окуудан өттүЖакында эле жалаа жабуу жана мазактоого айып пул салган мыйзам долбоору Жогорку Кеңеште биринчи окуудан өттү. Аталган мыйзам иш жүзүндө кандай иштей турганын айтыш кыйын, Бирок “сөз эркиндигине кесепетин тийгизет” деген чочулоо бар.
Журналисттер союзунун жакында шайланган төрагасы Илязбек Балташев жалпы журналистика, сөз эркиндиги боюнча буларды айтты:
“Кыргыз эли сөздү барктаган эл. Сөз менен ынтымакка чакырса да, мамлекеттүүлүккө доо кетирип койсо да болот. Андыктан сөздү барктаган элде сөз эркиндиги болушу керек. Ошол эле маалда канчалык эркин болгон сайын жоопкерчилик күчөйт. Адамдардын кадыр баркына, жекелигине өтүп кеткен маалыматтар тарап калат. Ошон үчүн жоопкерчилик маселесин да унутпашыбыз керек”, - деди Балташев.
Кыргызстандын бийлиги мыйзамсыздык, коррупциялык көрүнүштөрдү ашкерелеген журналисттик иликтөөлөрдү колдой турганын билдирип, өлкөдө сөз эркиндиги менен катар эле жоопкерчилик да болушун белгилеп жүрөт.