Журналист Исаковго кол көтөргөн окуя коопсуздук маселесин козгоду

Эркин журналист Ыдырыс Исаковго Койчукуловдун кол көтөрүп жаткан учуру. 12-июнь, 2023-жыл. Видеодон алынган сүрөт.

Ошто эркин журналист Ыдырыс Исаков ага кол көтөргөн адамга каршы милицияга арыз жазып, териштирүү башталды. Журналистти урган окуяны коомчулук катуу айыптап жатат.

12-июнда Ыдырыс Исаков өзүнүн социалдык тармактардагы баракчаларына аны орто жашка келип калган эркек киши интервью учурунда жаакка чаап жибергени тартылган видеону жарыялады.

Чырга эмне себеп болду?

Окуя “Жетекчилерге жем болгон пансионат” деген программасынын уландысын тартып жүргөн учурда болгонун Ыдырыс Исаков "Азаттыкка" билдирди.

Эркин журналист Ыдырыс Исаков

"Маматкерим Койчукулов "Ош" пансионатынын аймагында жайгашкан, азыр өзү иштетип жаткан мейманканадан чыгып, сөзгө келбей бир нече жолу мени чаап жибергенге үлгүрдү. Милицияны чакырганбыз, ал кишиден азыр сурак алууда. Мени чапканы менен ал "оор кылмыш" деп эсептелинбей калды. Көп болсо административдик жоопко тартылып калышы мүмкүн деп атышат. Бул биздин мыйзамдардын жумшактыгы".

Журналист ага колс алган Койчукуловго каршы милицияга арыз жазды. Азыр окуянын чоо-жайы эки тараптуу териштирилип жатканын Ош шаардык милициясынын басма сөз катчысы Замир Сыдыков билдирди.

Замир Сыдыков

"Ак-Буура" милиция бөлүмүнө тараптардын жаңжалы болуп атканы тууралуу маалымат түшкөн. Исаковдун айтымында, ага кесиптик ишмердүүлүгүнө, тактап айтканда иликтөө жүргүзүп аткан учурда Маматкарим Койчукул уулу тоскоолдук жаратып, кол көтөрүп, видеокамерасынын микрофонун сындырып койгон. Мындан улам Исаков милициядан чара көрүп берүүнү өтүнгөн. Ушундай эле арыз менен Маматкарим Койчукул уулу да кайрылып, анын уруксаты жок, жеке менчик аймагына кирип, өз алдынча видеого тартып атканына нааразы болгонун билдирди. Азыр факт катталып, текшерүү бүткөндө укуктук баа берилет".

Дагы караңыз “Чет өлкөлүк өкүл” мыйзамынын чоо-жайы

Экинчи тарап эмне дейт?

Журналистке кол көтөрдү деген Маматкарим Койчукуловдун өзү менен байланышууга мүмкүн болгон жок. Анын бир тууган агасы Абдырахман Койчукулов журналистти уруксатсыз видео тартты деп сындады:

"Маматкарим урардын алдында, үч күн мурда келип, маалымат алып кеткен. Ал бүгүн кайра барды. Жеке менчик жайга кирип алып, көрүнгөндү сүйлөп жатат, же сөз бербейт. Маматкарим "көрсөтө турган, көрсөтпөй турган да жагдайлар бар эле, анын баарын айттың" деген экен. "Болду эми, эми кагаз түрүндө баарын далилдеп берейин" деп түшүндүрсө, "мен эркин журналистмин, тартканга укугум бар" деген экен. Бирөөнү тартуу алдында уруксат болуш керек да".

8-июнда Ыдырыс Исаковдун Ютубдагы каналына “Жетекчилерге жем болгон пансионат” деген материал чыккан. Анда Ош пансионатынын жалпы аянты 20 гектардан ашык жери мыйзамсыз менчиктештирилгени, мүлк каралбай калганы тууралуу сөз болот.

Чырга себеп болгон журналисттик иликтөө

Иликтөөдө Исаков пансионаттын ичиндеги жерлердин бирин анын мурдагы жетекчиси Маматкарим Койчукулов менчикке чыгарып, "Увам" мейманканасы жана чайканага ээлик кыларын айткан. Мындан сырткары пансионаттын аймагында Койчукуловдун агасына таандык менчик үй бар экени белгиленген.

Маматкарим Койчукулов

Маматкарим Койчукулов иликтөөдө журналисттин суроолоруна жооп бергенде пансионаттын жерлерин сатууда жетекчилигине баш ийгенин, алардын көрсөтмөсү менен менчикке чыгарганын билдирген.

Сөз болгон жерлерди сатуунун алдында аукцион жарыяланып, ал тууралуу маалымат мамлекеттик маалымат каражаттары аркылуу таратылганын айтып берген.

Чырга себеп болгон "Ош" пансионаты Кыргызстандын кесиптик кошуунуна карайт. Анын жалпы аянты азыр 21 гектар. Мурда ал 24 гектардан ашык болгон деген маалымат бар.

1998-жылдагы кесиптик кошуундар тууралуу мыйзамга ылайык, профсоюзга тиешелүү мүлк сатылбашы керек.

Дагы караңыз "Азаттыктын" сайтын бөгөттөө: Бүгүн ЖМК, эртең блогерлерби?

Коомчулуктун сыны, журналисттердин коопсуздугу

Журналисттин ишмердигине тосколдук жаратып, ага кол көтөргөн окуяны коомчулук катуу сындап жатат. Социалдык тармактын бир катар колдонуучулары журналисттердин укугун коргоону бийликтен талап кылып, укук коргоо органдарын окуяны дыкат иликтөөгө чакырышууда. Алардын арасында парламенттин айрым депутаттары да бар.

Тазабек Икрамов

"Журналист болобу, катардагы карапайым адам болобу же саясатчы болобу, эч кимге бирөө-жарым барып, кол көтөргөнгө акысы жок, бул мыйзамда так жана анык каралган. Азыр буга тийиштүү баа берилиши зарыл. Иликтөөнүн алкагында барып, тийиши бар адамдардан интервью алып аткан журналисттин ишине тоскоол болуу туура эмес. Укук коргоо органдары ошондой эле иликтөөдө көрсөтүлгөн окуялар боюнча да териштирүү жүргүзүшү керек. Мунун баары биздин көзөмөлдө болот. Күч органдары бул көз жаздымда калып калышына жол бербеши керек".

Дагы бир депутат Жанарбек Акаев журналисттердин коопсуздугуна байланышкан маселеге көңүл бурууга чакырууда:

Жанар Акаев

"Эркин медианын журналисттери ушул сыяктуу окуяларга көбүрөөк туш болот, себеби алар чуулгандуу иликтөөлөрдү жүргүзүп келет. Алар коомдогу курч көйгөйлөрдү эл алдына чыгарып жатат. Журналисттерге кол салуу кечирилгис катары бааланып, укуктук талаптар аткарылышы зарыл деп эсептейм. Бул акылга сыйбаган окуя болуп калды. Азыр жетиштүү чаралар көрүлбөсө, биз маселени парламентте көтөрүп, өкмөткө катуу талаптарды коебуз да, алардын аткарылышына көз салабыз. Журналистке кол салган окуя көз жаздымда калса, башкаларда да "мен деле кол көтөрсөм болот экен" деген сыяктуу ойго жол ачат. Балким тиешелүү комитетте да Ыдырыс Исаковдун маселеси каралып калышы мүмкүн".

Дагы караңыз "Адам укугу сакталбаса Ооганстанга айланыш оңой". Евробиримдикке кайрылуу


"Тандем" аналитикалык тобунун жетекчиси, юрист Таттуубүбү Эргешбаеванын баамында, соңку окуялар Кыргызстандагы басма сөз эркиндигинин абалынан кабар берип турат:

Таттуубүбү Эргешбаева

"Мындай аракеттерге жол берилбеши керек, бул журналисттердин укугун жана сөз эркиндигин одоно бузуу болуп саналат. Милицияга чалып журналист туура кылган. Бийлик пансионаттын мурдагы директорунун ишин акыйкат иликтеп, күнөөлүү деп табылса, мыйзам чегинде жоопко тартат. Кылмыш-жаза кодексинин 138 -беренесине ("Кыйноо") ылайык, башка адамдын ден соолугуна залакасын тийгизгени үчүн кылмыш жоопкерчилигине тартылышы мүмкүн. Кылмыштуу аракеттерди жасаганда эч ким жазасыз калбашы керек, өзгөчө коомдук маанилүү ролду ойногон эркин басма сөз өкүлдөрүнө каршы багытталган окуялар", - деди юрист.

Ал эми медиа-эксперт Тамара Валиева журналисттерге кысым, басым же күч колдонгон учурлар буга чейин да көп болгонун, бирок анда дээрлик жазага тартылгандар болбогонун эске салды:

Тамара Валиева

"Кыргызстанда журналисттердин укугун коргой турган жакшы мыйзамдар бар, бирок алар кагаз бетинде эле калган. Азыр коомчулук, журналисттер өзү талап кылышы зарыл, иликтөө кылса да ашыкча болбойт. Маматкарим деген ким, ал эмне иш кылат? Коомдон жашыра турган кандай жагдайлары бар? Ушул сыяктуу суроолорго жооп издесе болот. Тилекке каршы коррупционерлер бандиттерге тете болуп калды. Азыр Ыдырыс сотко берип, андан ары мыйзамдуулукту талап кылышы керек".

Дагы караңыз Афтандил Жоробеков: Мени сынга чыдабай камашкан


Кылмыш-жаза кодексинин 202-беренесини негизинде ("Журналисттин мыйзамдуу кесиптик ишине тоскоолдук кылуу") айыпкер 300дөн 600 эсептик көрсөткүчтөргө чейин айып төлөп, же эки айдан бир жылга чейинки мөөнөткө түзөтүү жумуштарына, же бир жылдан үч жылга чейинки мөөнөткө чейин белгилүү бир кызмат ордун ээлөө же белгилүү бир иш менен алектенүү укугунан ажыратат.

Журналисттин этикасы жана стандарттарга ылайык, ар бир маалымат каражатынын өкүлү окуяларды калыс, так, бейтарап чагылдырууга, чынчыл болууга, коомдук кызыкчылыктарды сыйлоого, социалдык жактан жооптуу болууга тийиш. Ал ошондой эле коомду кызыктырган темаларда макала, видеолорду даярдап, элдин назарына алып чыгууга укуктуу. Бул журналисттин кесиптик укуктарын коргогон мыйзамда жазылган.

Тилекке каршы, Кыргызстанда журналисттердин, жалпыга маалымдоо каражаттарынын баары эле бул эреже-талаптарды сактай бербейт.

Өлкөдө бийликтин өзү да иликтөөчү журналисттерди, көз карандысыз маалымат каражаттарынын ишин сот аркылуу чектеп, Болот Темиров сыяктуу Кыргызстандан күчтөп чыгарып жиберген учурлар болду.

Дагы караңыз Маалымат саясаты жана коопсуздук. Бишкек Москванын жолоюна түшөбү?