Жүрөгүн балдарга арнаган мугалимдер

Kyrgyzstan - teachers day - teachers - school - education

Кыргызстандагы 2333 мектепте 1,5 миллионго жакын окуучу билим алат. Аларга жалпы 82 миңге чукул мугалим билим берет.

Ушул жылдын апрель айында Кыргызстанда мугалимдердин маянасы 50-80% көтөрүлдү. Өкмөт мындан кийин алардын айлыгы ар жыл сайын 20% өсүп турарын убадалаган. Мындан улам мектептерде жаш адистердин саны көбөйгөнү байкалат. Мисалы, быйылкы окуу жылында Бишкектеги мектептерге 542 жаш мугалим жумушка кирген.

Кыргызстанда октябрдын биринчи жумасында мугалимдер күнү белгиленет. Бул датага байланыштуу "Азаттык" мугалимдик кесипти жаңыдан аркалап жаткан жаш адистер тууралуу сүрөт баян даярдады.

Даткайым Аманова 22 жашта. Ал Бишкектеги №70 мектеп-гимназиясында башталгыч класстын окуучуларына сабак берет.

Даткайымдын Ишенаалы Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетин аяктап, мугалим болуп иштеп баштаганына эки жыл болду.

"Башында башка кесиптин ээси болууну кыялданган элем. Бирок университетте окуп жүргөндө мектептерге практикалык иш менен барып балдар менен иштеп жүрүп, мугалимдик менин кесибим экенин түшүндүм. Азыр ар түрдүү семинар, иш-чараларга катышып, тажрыйбамды жогорулатуунун үстүндөмүн. Билимдүү, тажрыйбалуу мугалим болгум келет".

Калыс Алиакбаров.

Бишкектеги жаш мугалимдердин дагы бири - Калыс Аликпаров 24 жашта. Ал быйыл эле Бишкектеги Кыргыз мамлекеттик дене тарбия жана спорт академиясын аяктаган. Кесиби боюнча машыктыруучу.

Калыс Алиакбаров сабак учурунда.

Калыстын Бишкектеги №47 орто мектебинде дене тарбия мугалими болуп иштеп жатканына бир ай болду.

"Мугалимдердин айылыгы көтөрүлдү дегенинен мектепке жумушка орноштум. Биринчи маянамды бир жума мурун алдым. Азырынча баары жакшы. Башкысы мугалим болгондо балдар менен иштегенди, алардын тилин тапканды билиш керек экен. Бир орунда турбай, өзүңдү дайыма өнүктүрүп туруу зарыл. Мугалимдик кесип дүйнөдөгү престиждүү кесиптердин бири деп айта алам. Анткени сен бир эмес, бир нече баланын адам болуп калыптанышына күбө болосун, ага салым да кошосуң", - дейт Калыс Алиакбаров.

Азиза Темиркулова.

27 жаштагы Азиза Темиркулова Бишкектеги №31 мектеп-гимназиясында кыргыз тилинен сабак берет. Ал 2021-жылы Бишкек шаарынын "Жүрөгүмдү балдарга арнайм" сынагында "Жылдын мыкты мугалими" наамын жеңип алган.

Азиза Темиркулова сабак учурунда.

"Азыркы балдар заманбап технологиялар өнүккөн доордо жашап жатат. Аларды мурункудай китеп менен эле окутуу мүмкүн болбой калды. Аларды жаңы технологияларды колдонуп окутканга аракет кылып жатам. Андан сырткары шаар жеринде балдар көбүнчө орус тилинде сүйлөйт. Айрымдары кээ бир сөздөрдүн кыргызча аталышын билбей, орусча айтышат. Биз өзүбүз кыргыз болуп, Кыргызстанда жашагандан кийин ар бирибиз кыргыз тилин сүйүп, кыргыз тилде сүйлөөгө милдеттүүбүз. Балдарды да ошого тарбиялашыбыз керек", - дейт Азиза Темиркулова.

Айжаркын Турганбаева.

Айжаркын Турганбаева 22 жашта. Кесиби боюнча лингвист-котормочу. Анын Бишкектеги №24 орто мектепте англис тилинен сабак бере баштаганына бир ай болду.

"Окууну бүткөндөн кийин жумуш издеп бул мектепке келдим. Котормочу болуп деле иштесем болот. Бирок мага азыр мугалим болуп иштеген кызыктуу. Башында бир аз кыйналдым. Азыр көнүп калдым. Балдарга сабак берген абдан сонун, алар бат эле үйрөнүп жатышат", - дейт жаш мугалим.

Атыркүл Муратбек кызы.

Атыркүл Муратбек кызы Бишкектеги №54 орто мектепте башталгыч класска сабак берет. 27 жаштагы мугалим класста окуучулар көп экенин, мындай жагдай алардын ар бирине өзүнчө мамиле кылууга тоскоол болорун айтты.

Атыркүл Муратбек кызы эки жылдан бери мугалимдик кесипти аркалап келет.

"Бир жыл мурун мен 21 саат иштеп, 7500 сом айлык алат элем. Азыр бир класс менен иштеп жатам. Айлыгым эки эсе көбөйдү. Биздин мектепте балдардын саны көп болуп, класс жетишпей бир аз кыйылып жатабыз. Бир партада үчтөн окуучу отургузуп, окуганга туура келет. Мындай учурда мугалимдер көбүрөөк кыйналабыз. Анткени ар бир балага көңүл бөлгөнгө жетишпейбиз. Класстар көп болсо, ар бир бала жетиштүү билим алат эле деп ойлойм. Баткендеги чыр-чатактан кийин бизге азыр ал жактан келген балдар да окуп жатышат. Биз аларга да татыктуу билим берүүгө чын дилден аракет кылабыз", - деди Атыркүл сабагын жыйынтыктап жатып.

Канышай Убарикова.

Канышай Убарикова бир жылдан бери Бишкекеги №47 орто мектепте 1-класска сабак берет.

Канышай Убарикова сабак учурунда.

"Мурда айлык аз деп көпчүлүк мугалим болгусу келчү эмес. Акыркы бир жылда айлык көтөрүлүп, көп эле жаштар мектептерге жумушка орношуп жатат. Мугалимдик кесип түйшүктүү. Мугалим биринчи кезекте ата-эне менен мамиле түзүшү керек. Ошондо балага мектептен да, үйдөн да колдоо болуп жакшы окуп кете алат", - дейт 32 жаштагы мугалим.

Алина Токторова, 30 жашта.

Алина Токторова англис тилинен сабак берет.

Бул сүрөттөгү мугалим - борбор калаанын №31 мектеп-гимназиясында жаңы иштей баштаган Алина Токторова. Ал англис тилинен сабак берет.

30 жаштагы мугалим Бишкектеги Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз Улуттук университенинин чет тилдер факультетин бүтүргөн.

"Мугалим болуп иштеп жатканыма аз эле болду. Мага абдан жагып жатат. Бул менин биринчи жумушум. Маянасы аз болсо да, көп болсо да мугалим болуп иштегим келет. Мугалим болуу менин бала кездеги кыялым. Ал кыялым ишке ашканына аябай кубанып турам", - деди Алина.

Алина Рахатбекова, 22 жашта.

Алина Рахатбекова 22 жашта.

Алина Рахатбекова 19 жашынан баштап мугалимдик кесипти аркалап келет. Азыр ал Бишкектеги №70 мектеп-гимназиясында башталгыч класска сабак берет.

"Университетте 3-круста окуп жатканда эле Бишкектеги жеке менчик мектепте практикадан өтүп, кийин ошол эле жерге мугалим болуп жумушка орношком. Ал жакта окуумду бүткөнчө иштедим. Дипломумду колума алып, дароо эле бул мектепке келдим", - дейт жаш мугалим.

"Балдардын бир нерсени үйрөнүп, тамга таанып, эсеп-чыгарып, адам катары калыптанып жатканы мага аябай кубаныч тартуулайт. Балдарды аябай жакшы көрөм. Жумушумдан кадимкидей ыракат алам. Сүйгөн кесибиң менен иштеп жатканда, качан акча аларың маанилүү эмес да", - дейт, Алина.