Сузак: Чек арада табылган жашыруун туннелдер

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Сузак районундагы Бек-Абад айылында Өзбекстандын аймагына алып барчу жер астында казылган эки туннел табылды. Анын биринин узундугу 130 метр, экинчиси 350 метр.

Өзбекстан дал ушул туннел аркылуу аткезчилик менен өткөн кыргызстандык сегиз жаранды кармаганын маалымдады. Жалал-Абадда аткезчилик менен кармалып, чек арачылардын огунан каза тапкан учурлар болгон.