ЖРТны жоюш керек дегендерге же тоталитардык доордон калган “салт”

Жолдош Турдубаев - адабиятчы, публицист, журналисттер арасында өткөрүлгөн республикалык сынактарда бир нече ирет баш байгелерди жеңип алган, 2007-жылы Voice of Freedom Central Asia сынагынын экинчи байгесине ээ болгон.

  • Автордун пикири "Азаттыктын" көз карашын чагылдырбайт.

Окуу жылы аяктап, орто мектепти бүтүргөндөр акыркы коңгуроо аземин өткөрүп жаткан күндөрү Жогорку Кеңештен козголгон бир сөз коомчулукту да кыйла дүрбөтүп койду. Жалпы республикалык тестке (ЖРТ) тиешелүү бул талаштын кызуусу басаңдай электе билим берүү чөйрөсүнө тиешелүү бир нече жагдайга көңүл буралы.

“Өйдө жактын” өгөй мамилеси

Эгемендикке жеткенден бери мектеп программасы мазмундук жактан кыйла өзгөрдү. Ар кайсы жылдары баланын таламын көздөгөн окутуу, сынчыл ойлом, интерактивдүү усулдар ж.б. көп жаңылыктарды киргизүүгө аракет жасалды. Окуу китептерди жаңыча жазышсын деп сынактар да уюшулду. Эл аралык уюмдардын колдоосу менен ПИКС, “Арыш улай алдыга” (Step by step), “Сапаттуу билим”, “Көп тилдүү билим берүү”, “Жан башына каржылоо” сыяктуу долбоорлор жүргүзүлдү.

Дүйнөлүк тажрыйбаны өзүбүздөгү шарт-ыңгайга, реалдуу мүмкүнчүлүктөргө ылайыктап, ийкемдүү колдонуу үчүн чыгармачыл мугалимдердин, лидерлердин демилгесин бардык деңгээлдерде колдоп туруу керек эле...

Тилекке каршы, улуттук (мамлекеттик) саясаттагы ырааттуулуктун, уланмалуулуктун жоктугунан бул иштердин көпчүлүгү пилоттук баскычтан ары өтпөй, кеңири жайылтылбай кала берди. Башкасын айтпаганда деле, Билим берүү жана илим министрлигинин жетекчилери кол жоолуктай алмашылып турганы бул тармакка “өйдө жактан” мамиле кандай болуп келгенин айгинелейт эмеспи.

Мугалимдердин түйшүгү эң оор, жоопкерчилиги ашыкча, кадыр-баркы төмөн, эмгек акысы аз болгону да улуттун (мамлекеттин, өлкөнүн) келечегине кайдыгер мамиледен кабар берет. Ырас, туташ инфляцияны эске алганда деле агай-эжейлердин айлыгы эки жыл мурункуга салыштырмалуу кыйла жогорулады. Бирок бул дагы эле аз.

Мектеп деректирлери конкурс аркылуу тандала баштаганы да жакшы бурулуш. Бирок ырааттуулук, системалуулук жок же жетишсиз болууда. Мындагы эң чоң катачылык – сынактын негизинде болсо деле өйдө жактан дайындалган жетекчи менен мектеп жамаатынын мамилесин өкүмчүл эмес, өз ара сый-урмат жана адилеттүү талап менен жөнгө салуу керектигин түшүнгөндөр аз болууда...

Дагы караңыз “Айрым мектептерде 83% бүтүрүүчү босого баллга жетпейт”. ЖРТга талап күчөйт

Баалоодогу өксүк

Депутаттар койгон маселе чын эле орчундуу. Болгону эл өкүлдөрүнүн көпчүлүгү жагдайды өтө үстүрт түшүнөт экен. Эмне үчүн мектепте жалаң “5ке” окуган балдар Жалпы республикалык тестте орточо эле упай топтоп калууда? Тест суроолору мектептеги сабактардын мазмуну дал келбейт, ошондуктан жакшы жыйынтыкка жетиш үчүн бүтүрүүчүлөр атайын курстарга акы төлөп жатат дешет алар.

Парламенттеги уу-дуу социалдык тармактарда ого бетер күчөп, ЖРТны жоюп салыш керек дегендер да болду. Ошентсе да, ар кандай “күчтүү” сөз айтылар замат эч ойлонбой колдоп чыгууга даяр турган кишилер эле эмес, маселенин чоо жайын билүүгө, туура чечимди тандоого умтулган замандаштар да көп экени байкалды.

Фейсбуктагы талкуудан:

Нурлан Тасмаев: ЖРТ болбосо, мен да 2-3 уй сатып анан окумакмын же окубай калмакмын

Чолпон Орозобекова: ЖРТ болгон үчүн пара бербей окууга өтүп атышат. ЖРТ керек.

Жаркын Ибраева: ЖРТ болгон үчүн ЖОЖдорго кирүү кыйла таза болуп калды да.

Mirbek Aitikeev: ЖРТ – эң сонун нерсе. Мен ЖРТнын жардамы менен бюджетке өтүп окугам. Болбосо бизди жалгыз багып чоңойткон апамдын тигилерге берчү жылкысы жок болчу!

Mirlan Duishenbaev: ЖРТ миңдеген каржылык мүмкүнчүлүгү чектелген ата-энелердин түйшүгүн жеңилдетип, окуйм, билим алам деген окууга жөндөмдүү, бирок окуганга акчасы жок балдардын окуусуна, кайсы бир адис ээси болууга жол ачып берүүдө. Мен дагы, бир туугандарым дагы ЖРТ аркылуу бюджетте окуганбыз.

Чындыгында ЖРТдагы тапшырмалар мектеп программасына карай түзүлгөн. Мазмуну жагынан тийиштүү предметтерде окутулуучу темаларга толугу менен туура келет. Бирок суроолордун берилиши айырмаланат. Мисалы, кыргыз тили боюнча мектепте грамматикалык көнүгүүлөргө басым жасалса, тест тапшырмалары аркылуу окуучунун тилдик формаларды колдонуу менен тийишүү сүйлөмдөгү же тексттеги ойду ырааттуу, логикалуу түшүнө билүү көндүмү бааланат. Б.а. иштиктүү (функционалдуу) сабатка эң чоң маани берилет.

Жалпы эле билим мазмунундагы эң башкы айырмачылык окутуунун максатына байланышкан.

Советтик педагогикада теория менен практиканы айкалыштыруу керек, окуучунун билгендерине (эстеп калган маалыматтарына) эле эмес, аны колдоно билүү жөндөмүнө жана иштиктүү көндүмдөрүнө маани бериш керек деген жобо айтылып жүрчү. Иш жүзүндө биринчи кезекте фактологиялык маалыматтарды эстеп калууга, анан гана түшүнүүгө артыкчылык берилчү.

Тилекке каршы, бирден бир туура деп эсептелген нерселерди билип жүрүү азыркы биздин мектептер менен университеттерде да эң негизги талап бойдон кала берүүдө. Бул белгилүү бир даражада ЖРТ мазмунуна да таасир эткен.

Билимдин максаты – инсандын эч кайсы саясатчыга же бийликке жетеленбей, өз алдынча ой жүгүртүүгө жөндөмдүү болушу, рухий-интеллектуалдык жактан жетилиши, кесиптик өсүшү, коомдо өз ордун таап, бактылуу жашоосу. Ушул ыңгайдан алганда, ЖРТ тапшырмаларынын маалыматтарды түшүнүүгө, талдоого, ыкчам жалпылап иштетүүгө багытталгандыгы толугу менен колдоого арзыйт.

Эгер макаланын баш жагында эскерилген долбоорлорду ырааттуу түрдө толук ишке ашырганда, анда мектеп программасы түп тамырынан өзгөртүлүп, ЖРТнын өзөгүн түзгөн принциптерге ылайыкталмак да, окутуу методикасы жана баалоо критерийлери жаңыртылмак, мугалимдерди даярдоо/кайра даярдоо иши туура нукка салынмак. Окуу китептерди жана кесиптик чеберчиликти өркүндөтүү курстарын тандоо жагынан мугалимдерге толук эркиндик берилмек да, бул тармактагы монополия жоюлуп, жалпы сапатты жогорулатууга өбөлгө түзүлмөк.

Ошондо "бир мектептен “5ке” окуган баланын билими башка мектепке которулганда “3кө” же тескерисинче, бааланып калган учурлар азыркыдай кеңири кездешмек эмес. “Алтын тамгага”, олимпиаданын райондук, облустук турларына байланыштуу нааразылыктар да чыкмак эмес.

Ошондо дүйнөгө таанылган советтик психолог-педагогдор Д.Б.Эльконин, В.В.Давыдов, Л.С.Выготскийлердин теорияларын көпчүлүк мугалимдер окуп, азыр жакшы түшүнбөй, өздөштүрө албай жаткан Блум таксономиясы менен иштегенди үйрөнмөк.

Ошондо өзүбүздүн Бектур Исаков, Орозали Сайдилканов, Гапыр Мадаминов сыяктуу устаттардын тажрыйбасын үстүрт туурабай, тереӊ өздөштүрүү менен мыкты натыйжага жетишкен мектептер көбөймөк.

Дагы караңыз Мектеп: Мугалимдин кадыр-баркы, окуучунун тарбиясы

Өзөктү өрттөгөн өксүк

Тоталитардык доордон калган “салт” боюнча сынчыл ой жүгүртүү көндүмдөрү өнүктүрүлбөйт. Тескерисинче, мугалим менен талашып-тартышмак түгүл андан башкачараак пикир айткан окуучу деле көбүнчө жек көрүндү болот.

Ошондуктан бийликтегилер менен байлардын жаңылыш же такыр туура эмес чечимдерин, кадамдарын иликтеген журналисттерди "бузуку" деп жаман көргөндөр көп.

Ошондуктан жооптуу орундарга кесипкөй, иш билги адистер эмес, сабатсыз болсо да “өз кишилер” тандалган учурлар көп.

Ошондуктан жетекчинин буйругу мыйзамсыз, адилетсиз экенин, натыйжасы да жаман болорун билсе да ачык айтуудан, ишти жакшыртуу боюнча демилге көтөрүүдөн коркуп унчукпаган кызматкерлер көп.

Ошондуктан биздин өлкөдө коррупция жоюлбай, бюджеттин эсебинен жүз миң сомдук нерсеге миллион сом короткондор азайбай келет.

Демек, бардык тармактарда реформаларды туташ, ырааттуу жүргүзүү зарыл. Бул үчүн ишти бардык деңгээлдердеги билим берүүнү бардык жагынан жаңыртуудан баштоо керек.