Жолдон жоголгон 934 миллион

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Азыркы учурда Бишкек шаарынын бийлиги 934 млн. сомдун эсебин таппай жатат. Бюджеттен жоголгон 1 миллиард сомго жакын каражат борбор калаадагы жолдордун курулушуна жумшалмак. Мисалы, “Кудайберген” базары тараптагы Волкова көчөсүнө 2017-жылы 33 млн. сом бөлүнгөн, бирок жол азыркыга чейин оюлуп, чаң басып жатат. Бишкекте акчасы бөлүнүп, бирок салынбай калган жолдор ондоп саналат. “Азаттык” Бишкек шаарындагы ири коррупциялык схеманы иликтеди.