Жогорку Кеңеш ишин баштады

Жогорку Кеңештин жыйындар залы.

Бүгүн 1-сентябрда Жогорку Кеңештин кезектеги сессиясы ачылды.

Парламент төрагасы Талант Мамытов VI чакырылыштагы Жогорку Кеңештин фракциялары жана комитеттери бүгүнкү күндөн тартып иштей баштаганын жарыялап, депутаттарды активдүү катышууга чакырды.

Кийинки отурум келерки аптада болору жарыяланды.

VI чакырылыштагы Жогорку Кеңештин сегизинчи сессиясы 30-июнда ишин аяктаган. Депутаттар 1-июлдан тарта өлкө аймагындагы шайлоочулар менен жеринде иш алып барып, август айында эмгек өргүүсүнө чыкмак. Бирок Талант Мамытов депутаттарды 5-июлдан 30-июлга чейинки аралыкта ар шаршемби жана бейшемби күндөрү кезексиз отурумдарга чогултуу тууралуу буйрукка кол койгон.

Бул аралыкта Жогорку Кеңештин депутаттары июль айындагы кезексиз сессияларда өлкө тагдырын аныктаган, укуктук маселелерди жөнгө салган бир катар мыйзам долбоорлорун топ-тобу менен колдогон. Башкаларын айтпаганда да сот бийлигинин ишин жөнгө салган документтерди, жаңы кодекстерди, экономикага өзгөчө кырдаал киргизүү, президентти жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо жөнүндө мыйзам долбоорлорун, “фейктерге” каршы делген документти кабыл алган.

Айрым депутаттар документтер жакшы талкууланбай эле чийки мыйзамдар өтүп кетип жатканын билдирип, кесепетин эл тартарын айтышкан. Парламент кезексиз сессиясынын акыркы күндөрү күн сайын 20дан ашык маселени карап, эл аралык келишимдерди, мыйзам долбоорлорун кабыл алган.

Дагы караңыз Парламенттин кетер алдындагы “мурасы”

“Жалган жана анык эмес маалыматтан коргоо жөнүндө” мыйзам долбоорунун макулдашылган варианты ушуга окшош эле жол менен кабыл алынган. Депутаттар документти 30-июнда четке каккан. Бирок бир айдан кийин 28-июлда талаш-талкуу менен өтүп кеткен. Мыйзамга президент Садыр Жапаров 23-августта кол койгон.

Жогорку Кеңеш 120 мандаттан турат. 2020-жылы Кыргызстанда парламенттик шайлоо өтүп, анын жыйынтыгы жокко чыгарылган.

Кезектеги шайлоо 28-ноябрда жаңы эреже боюнча өтөт.

11-апрелдеги референдумда макулдук берилип, 5-майда кабыл алынган жаңы Конституцияга ылайык, Жогорку Кеңеш 90 депутаттан туруп, 5 жылдык мөөнөткө шайланат. Шайлоо 27-августта кабыл алынган "Кыргыз Республикасынын президентин жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо жөнүндө" конституциялык мыйзамынын негизинде жүргүзүлөт. Ага ылайык, парламент депутаттары аралаш шайлоо системасы менен шайланышат. Тагыраак айтканда, Жогорку Кеңештин 54 депутаты пропорционалдык система - саясий партиялардын тизмеси аркылуу, 36 депутат бир мандаттуу шайлоо округунан - мажоритардык система менен.

Шайлоо мыйзамдарына киргизилген өзгөртүүлөр боюнча босого чек жети пайыздан үч пайызга түшүрүлгөн. Өлкөнүн аймагында №2 форма менен добуш берүү жокко чыгарылып, күрөө 5 миллион сомдон 1 миллион сомго азайтылган.

Дагы караңыз Шайлоо-2021: жаңы эрежелер талкууга түштү

Учурда Борбордук шайлоо комиссиясына (БШК) парламенттик шайлоого катышуу ниетин билдирип, бир нече саясий партия кайрылганы маалым болду. БШКнын 31-августта маалымдаганы боюнча, "Кыргызстан биримдигинин патриоттук партиясы" кайрылып, шайлоонун уюштуруу иштерине ишенимдүү адамын сунуштаган.

Ал эми БШКнын 1-сентябрга карата берген маалыматы боюнча шайлоого катышуу ниетин 13 партия билдирди. Алар:

  1. "Социал-демократтар";
  2. "Улуттар биримдиги";
  3. "Ишеним";
  4. "Альянс";
  5. Кыргызстан Жашылдар партиясы;
  6. "Жаратман эл";
  7. "Актив";
  8. "Бийлик элге";
  9. "Акыйкат Кыргызстан";
  10. "Кыргызстанды бириктирүүчү патриоттук партия";
  11. "Ата Мекен";
  12. "Ыйман Нуру";
  13. "Эл үмүтү социалдык саясий партиядан"

Боршайком бекиткен календарлык планга ылайык, 28-ноябрга дайындалган Жогорку Кеңештин 7-чакырылыштагы депутаттарын шайлоого катышууну көздөгөн партиялар 3-сентябрь, саат 18:30га чейин расмий билдирүү калтырышы керек.

Жогорку Кеңештин жетинчи чакырылышына депутаттарды шайлоо 2020-жылы 4-октябрда болгон. Шайлоо бийликчил партиялардын пайдасына акыйкатсыз өткөнүнө нааразы болгон эл көтөрүлүп, натыйжада Кыргызстанда бийлик алмашкан. Мурдагы президент Сооронбай Жээнбеков кызматын мөөнөтүнөн мурда өткөрүп берип, анын ордуна абакта жаткан саясатчы Садыр Жапаров мамлекет башчылыгына отурган.

Шайлоонун жыйынтыгы жокко чыгарылып, 2021-жылы 11-апрелде Конституцияны өзгөртүү боюнча референдум болгон. 5-майда президент жаңы Конституцияга кол коюп, кабыл алган.

Шайлоо тууралуу конституциялык мыйзам долбоорун парламент 28-июлда колдогон. Президент 27-августта кол койгон.

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Парламентаризмди алсыраткан 6-чакырылыш