Башкы прокуратура Мадумаровду жоопко тартууга уруксат сурады

Адахан Мадумаров парламенттеги "Бүтүн Кыргызстан" фракциясынын лидери.

Парламенттин 31-майдагы жыйынында Жогорку Кеңештеги "Бүтүн Кыргызстан" фракциясынын лидери Адахан Мадумаровду кылмыш жоопкерчилигине тартуу боюнча Башкы прокуратурадан сунуш түшкөнү белгилүү болду.

Ага Кылмыш-жаза кодексинин “Кылмышка даярдык көрүү”, “Массалык башаламандыктар”, “Бийликти күч менен басып алуу”, “Бийликтен аша чабуу” беренеси боюнча иш козголгон. Буга байланыштуу депутаттык комиссия түзүлдү.

Ушул эле күнү түштөн кийин Адахан Мадумаров маалымат жыйынын өткөрүп, аны жоопко тартуу аракетин толугу менен саясий иш деп баалап, ар кандай кырдаалга даяр экенин билдирди.

Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев парламенттин 31-майдагы жыйынында депутат Адахан Мадумаровду кылмыш жоопкерчилигине тартуу боюнча Башкы прокуратурадан сунуш түшкөнүн билдирди.

Ал мыйзам боюнча көзөмөл органынан сунуш түшкөндөн кийин парламент 48 сааттын ичинде карап, комиссия түзүшү керектигин белгиледи.

Жыйында Адахан Мадумаров кайсы маселе боюнча кылмыш жоопкерчилигине тартуу тууралуу сөз болуп жатканын тактоо керектигин айтты.

"Эмне маселе боюнча экен? Депутаттарга жарыялап койсо болобу же жашыруун сыр бекен? Мага да чагылгандай болуп, жаңылык болуп жатат. Эмне маселе боюнча экенин айтып койсоңор. Кыргыз абасынан жутуп жатат деген маселе бар бекен, же суусун ичип коюп жатат дегенби? Же көп сүйлөп жатат дегенби? Себеби эмнеде экен?".

Нурланбек Шакиев баш прокурордун сунушунда “Кылмыш-жаза кодексинин 36-беренесинде (Кылмышка даярдык көрүү), 278-беренесинин 1-бөлүгүндө (Массалык башаламандыктар), 326-беренесиндеги (Бийликти күч менен басып алуу) кылмышты жасаганы үчүн кылмыш-жаза жоопкерчилигине тартууга макулдук суралганын” тактады.

“Экинчиси - Жогорку Кеңештин депутаты Адахан Мадумаровду Кылмыш-жаза кодексинин 338-беренесинин (Бийликтен аша чабуу) 3-бөлүгүндө көрсөтүлгөн кылмышты жасаганы үчүн кылмыш-жаза жоопкерчилигине тартууга уруксат берүүңүздөрдү өтүнөм” деп жазылган”. Комиссия түзүлөт. Айыптар туура коюлдубу же туура эмес коюлдубу, ошону тактайт”, - деди төрага.

Мындан көп өтпөй эле Жогорку Кеңеште депутаттык комиссия түзүлдү. Ага Карим Ханджеза (“Мекенчил” депутаттык тобу), Кундузбек Сулайманов (“Ата-Журт Кыргызстан”), Миргүл Темирбаева (“Ишеним”), Гуля Кожокулова (“Бүтүн Кыргызстан”), Мурадил Сыдыков (“Ынтымак”), Динара Ашимова (“Ыйман Нуру”), Фарходбек Алимжанов (“Альянс”), Мирлан Самыйкожо (“Элдик” депутаттар тобу) кирди.

Ушул эле күнү түштөн кийин Адахан Мадумаров маалымат жыйынын өткөрүп, бийликти күч менен басып алууга айыптап жатканын негизсиз деп атады.

“Өздөрү “Мадумаровго канча сунуш кылдык такыр болбой жатат” деп айтып жатышпайбы. Анан кантип эле бийликти күч менен басып алуу? Чакырса барбаган жерге мен күч колдонуп барамбы? 338-беренеде “Бийликтен аша чабуу” деп турат. Менде кайсы бийлик бар экен? Айткыла, ошону колдоноюн”, - деди ал.

Мадумаров укук коргоо органдарынын аны жоопко тартуу аракетин толугу менен саясий иш деп баалап, ар кандай кырдаалга даяр экенин билдирди.

Мадумаровго айып тагылган беренелер белгилүү болгону менен кайсыл ишке байланыштуу экени айтыла элек. Ал өзү “Массалык башаламандыктар” беренеси Кемпир-Абад ишине байланыштуу болушу мүмкүн дейт. Буга чейин дал ушул иш боюнча 30га жакын саясатчы активист камалган учурда тергөө документтеринде Мадумаров, дагы бир депутат Исхак Масалиевдин ысымы аталып, бирок эч кандай чара көрүлгөн эмес.

Буга кошумча Адахан Мадумаров Кемпир-Абад маселеси боюнча бийликттин дарегине ачуу сындарды айтып келет.

“Ушул беренелер боюнча бир жыл мурун карап, иш козгоодон баш тартканбыз. Жыл сайын алып келе беришеби? Бул эми карама-каршылык күчөп атканынан кабар берет. Бийлик бир гана Мадумаровду эмес, жалпы парламенттин оозун жабууга аракет кылып жатат. Анткени Мадумаров кемчиликтерди ачык айтып, позицияларын билдирип келет. Эми ар кандай иштер боюнча пикир айтып туруш керек да. Баары эле кол чаап турса, жакшы болобу? Башкы максат сындагандарды жок кылып, мактагандарды көбөйтүш керек болуп атат”, -деди Жогорку Кеңештин депутаты Исхак Масалиев.


Башкы прокуратура ушуну менен Адахан Мадумаровду кылмыш жоопкерчилигине тартуу үчүн парламенттен экинчи жолу уруксат сурап жатат.

Мадумаров 2009-жылы Коопсуздук кеңешинин катчысы болуп иштеп турганда кол койгон кыргыз-тажик чек арасы тууралуу протоколго байланыштуу былтыр 14-январдан тарта күбө катары сурала баштаган. Ага "чыккынчылык" боюнча айып тагылганын "Азаттыкка" өзү билдирген.

Парламент кийин Мадумаровдун ишине байланыштуу түзүлгөн депутаттык комиссиянын аны жоопко тартууга уруксат бербеген чечимин колдогон.

58 жаштагы белгилүү саясатчы Адахан Мадумаров парламенттеги оппозициялык көз караштагы "Бүтүн Кыргызстан" фракциясынын лидери. 1995-жылдан бери Жогорку Кеңештин беш жолку чакырылышына депутат болду.

2005-жылдагы Март ыңкылабынан кийин вице-премьер-министр, мамлекеттик катчынын кызматын аркалаган. 2007-жылдагы парламенттик шайлоого "Ак Жол" партиясын баштап барып, спикер болгон. Бирок жарым жыл өтпөй "жаңгак чырынын" арты менен кызматтан кеткен. Андан кийин Коопсуздук кеңешинин катчылыгын жетектеген.

2010-жылдагы Апрель ыңкылабынан кийин "Бүтүн Кыргызстан" партиясы менен үч жолку парламенттик шайлоого катышты. Алгачкы эки шайлоодо партия босого чекке бир аз гана жетпей калса, 2020-жылдагы шайлоодо жеңишке жеткен. Бирок 2020-жылдын 4-октябрындагы парламенттик шайлоонун жыйынтыгына нааразы болгондордун митинги 6-октябрга караган түнү башаламандык менен аяктап, бийлик алмашкан.

2021-жылы 28-ноябрда өткөн парламенттик шайлоодо “Бүтүн Кыргызстан” алты мандат алган.

Мадумаров үч жолку президенттик шайлоого катышып, алдыңкы үчилтикке кирген. Ал жетектеген "Бүтүн Кыргызстан" партиясы парламенттеги азыркы бийликке негизги оппозициячыл күч катары саналат.

Дагы караңыз Оппозициянын азыркы абалы: күтүү жана сыноо