Жети жылдан бери бүтпөй турган мектеп

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Кара-Суу районунун Жаңы-Кызыл-Суу айылында жети жыл мурун башталган мектептин курулушу бүтпөй, токтоп турат. Мунун айынан үч айылдын окуучулары имараты жараксыз болгон эски мектепте үч сменде окууга аргасыз. Ош облустук капиталдык курулуш башкармалыгы каражаттын бир бөлүгү бөлүнгөнүн, мектептин курулушу уланарын айтууда.