Хоккейчинин жубайы Казакстандагы шартка нааразы

Стейси Даллмэндин социалдык сайттагы сүрөтү

Астанада бир топ жылдан бери жашаган канадалык хоккейчинин жубайы Стейси Даллмэн Казакстандагы жашоону кескин сынга алды.

Өзүнүн блогдорунда Казакстандагы адилетсиздикти жана коррупцияны сындап келген Астанадагы канадалык хоккейчинин жубайы Стейси Даллмэн социалдык тармактарда кайрадан коомчулуктун назарына илинди.

Суусу жок үйдү 13 миң долларга ижарага алып...

Жаңы жылдын алдында Казакстандагы “Барыс” хоккей клубунун оюнчусу, канадалык Кевин Даллмэндин аялы Стейси Даллмэндин Инстаграмдагы баракчасында алардын Астанадагы 13 миң долларга ижарага алган үйүндө бир нече күндөн бери суу болбогону туурасында маалымат жарыяланды. Ал өзүнүн тааныштарына башка жактан батир издеп тапканга жардам берүүнү суранып жазган.

“Азаттыктын” кабарчысына Стейси Даллмэн буларды айткан:

- Бул жакта суунун көйгөйү бардык жерде болуп турат. Бир жумадан бери суусу жок жашагандан жадап кеттик. Баарынан жаманы үйдүн ээси келип калганда бул анын күнөөсү эместигин айтат. Бирок ал үйүн ушундай чоң акчага ижарага берип, анда бир нерселери иштебесе, анда анын кантип күнөөсү болбосун? Бизге суу керек да. Ошондуктан биз убактылуу болсо да башка бир батирге көчүп турушубуз керек болчу. Бул жерде маселе акчада деле эмес. Үйдүн кожоюну сараңдык кылбай, үй ээси катары өзүн жоопкерчиликтүү алып жүрүшү керек эле.

Хоккейчи Кевин Даллмэн (оңдо). Астана, 6.10.2012.

Көп жылдан бери Казакстанда жашаган чет элдик келин бул жолу Казакстан тууралуу жазбай, үй ээсине байланышкан кырдаалга капа болгонун белгилеген.

Мындан эки жыл мурун Стейси Даллмэн интернетте аябагандай көп талкуу болгондуктан Казакстан тууралуу эч кандай блог жазбоону убада кылган болчу. Андагы блогдорунун биринде канадалык хоккейчинин аялы Астананын чет жакасындагылар сууну керек болсо кышында да кудуктан алып ичерин жазган болчу.

“Эгерде үйлөрүндө суу болбосо, анда алар бул өлкөдө эмне кылып жүрүшөт?”, - деп таң калган эле Стейси Даллмэн.

Ит-мышыктарга ким кам көрөт?

Азыр эми хоккейчи Кевин Даллмэндин жубайы жолбун ит-мышыктардын абалы тууралуу көп жаза баштады. Стейси Даллмэн Орусияда жана Казакстанда жашаган соңку сегиз жылда элүүгө чукул ит-мышыкты таап, багып алып жана аларды жаңы кожоюндарыныкына жайгаштырган. Ал талаада калган ит-мышыктарды АКШ жана Канада сыяктуу өлкөлөргө алып барып багууну кыялданат.

Стейси Даллмэндин Instagram сайтына Астанадан койгон сүрөтү:

Стейси Даллмэн Казакстанда бул жагдай оор экенине мындайча токтолгон:

- Учактын билети миң доллар турат. Эгерде Казакстанда кимдир бирөө кол ачыктык кылып, айбанаттарды АКШга жүк ташыган кемелер аркылуу жеткирүүгө жардам берсе, анда биз жылына жүздөгөн ит-мышыкты сактап калмакпыз. Германияда, Канадада же АКШда муну жасаганга болот. Бирок бир гана Казакстанда эмес.

Стейси Даллмэн 2012-жылы Казакстанга байланыштуу нерсенин бардыгын жек көрө баштаганын жазып, бул өлкөнүн жашоо образы аябай адилетсиз экенин айткан. Ал мекенине кайтып барган соң Казакстанда өткөргөн төрт жылы тууралуу бир катар аябай аянычтуу баяндарды жазган болчу.

Стейси Даллмэндин Instagram сайтындагы видеосу:

- Мына ушундай жаратылыш ресурстарына бай, чоң потенциалы бар өлкөдө кембагал жашаган адамдарды көргөндө жүрөгүң ооруйт. Адамдар өз жерин иштетүүдөн бир тыйын да пайда көрбөйт. Өлкөнү өнүктүрүүгө жумшала турган акча коррупциянын, уурулуктун, алдамчылыктын, сараңдыктын жана өзүмчүлдүктүн айынан кумга сиңген суудай жок болууда. Мындай көрүнүш бийликтин бардык бутактарында бар. Бул жерде адилеттүү жана акыйкат иштеп, турмушун илгерилетүү үчүн акча чогулткан жөнөкөй жарандарга орун жок.

Стейси Даллмэн төрт жыл мурун Казакстан тууралуу блогунда ошентип жазган болчу. Анда Казакстандын Тышкы иштер министрлиги расмий түрдө Стейси Даллмэндин жазганын анын “жеке пикири” катары баалаган болчу. Бирок андан бир аптадан соң күйөөсү, хоккейчи Кевин Даллмэн менен “Барыс” клубунун ортосунда келишим токтотулган. Ошентип 2008-жылдан бери анда ойногон хоккейчинин аталган клубду эмне себептен таштап кеткени белгисиз бойдон калды.

2012-жылдан 2014-жылга чейин Кевин Даллмэн Орусиянын Санкт-Петербург шаарындагы СКА клубунда ойногон. Ал Казакстандагы “Барыс” клубуна 2014-жылы кайтып барган.