Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) жазуучу, публицист Олжобай Эгембердиев (Олжобай Шакир) "массалык башаламандыкка чакырууга" айыпталып жатканын билдирди.
Атайын кызмат "Олжобай Эгембердиев Facebook, TikTok жана YouTube социалдык тармактарында чагымчыл маанайдагы билдирүүлөрдү жайгаштырып, бийлик өкүлдөрүнүн мыйзамдуу талаптарына жигердүү баш ийбөөгө жана массалык башаламандыкка чакырган билдирүүлөрдү жайгаштырып келген" деп билдирди.
УКМК анын билдирүүлөрүнө текшерүү жүргүзүлүп, массалык башаламандыкка, бийликти күч менен басып алууга жана конституциялык түзүмдү өзгөртүү чакырыгы болгону жөнүндө эксперттик корутундусу бар экенин белгиледи.
Атайын кызмат Олжобай Эгембердиевга карата Кылмыш жаза кодексинин 278-беренеси (“Массалык баш аламандыктар”) менен кылмыш ишин козгоду.
24-августта Бишкектин Биринчи май райондук сотунда жазуучу, публицист Олжобай Шакирдин бөгөт чарасы каралды. Соттун чечимине ылайык, ал 23-октябрга чейин Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин тергөө абагында калды.
Судья адвокаттардын отурумду ачык өткөрүү боюнча өтүнүчүн четке какты. Отурумга бир гана анын жубайын киргизүүгө уруксат берилди.
Анын бөгөт чарасы каралып жатканда сот залынын алдында бир катар укук коргоочулар, жарандык активисттер жана анын жакындары плакаттарды кармап, анын бошотулушун талап кылып турушту.
"Акылга сыйбаган айып тагылды"
Шакир 23-августта Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетине (УКМК) суракка чакырылып, дээрлик сегиз саатка созулган сурактан кийин 48 саатка камалганы белгилүү болгон.
Ага бийликти басып алууга аракеттенген деген айып коюлганын ошол күнү анын адвокаты Бакытбек Автандил билдирген.
“УКМКнын кызматкерлери кармап кеткен. Ал бизге кеч маалым болуп, саат 8дерде кирдик. Коюлган айып боюнча айта кетсем. “Жапырт башаламандыкка чакырган, бийлик өкүлдөрүнө жигердүү баш ийбөөгө чакырган” дейт. Ошондой эле “бийликти басып алууга аракет кылган” деген такыр эле негизгиз айыптоолор менен айыпталып жатат. Олжобай Шакир онлайн тынчтык митингге чакырып жаткан. Азыр акылга сыйбаган айып коюлду”, - деген адвокат.
Олжобай Шакирдин жубайы Назгүл Бодбаева ал 23-августта түшкө маал үйүндө жалгыз болгонун, ошондон бери дайыны билинбей жатканын кабарлаган.
“Үйгө келсем ачык калыптыр, Олжобай жок. Телефону өчүк болуп жатат. Тууган, жакындары менен байланышпаптыр. Дайынын билбей жатабыз. Үйгө мен келген учурда Бишкек шаардык милиция кызматкерлери да келишти. Алар Олжобай айткан 31-августтагы акция тууралуу сурайлы деп келгенин айтышты”,- деген ал.
Кийинчерээк жазуучунун дайыны Улуттук коопсуздук комитетинен чыкканын "Кылым шамы" уюмунун жетекчиси Гүлшайыр Абдирасулова “Азаттыкка” билдирди. Анын айтымында, Олжобай Шакирди УКМКга суракка алып киришкен, жанында адвокаты бар.
Олжобай Шакир бийликтин дарегине ачуу сын-пикир айтып келген. Негизинен Ысык-Көлдөгү төрт пансионаттын Өзбекстанга башкарууга берүүгө каршы чыккан. Президент Садыр Жапаров менен УКМК төрагасы Камчыбек Ташиевди маекке чакырып жүргөн. 31-августта нааразылык акциясын өткөрүү демилгесин көтөрүп жаткан.
Активисттердин талабы
Социалдык тармактарда журналист, активист, укук коргоочулар, жазуучу-акындар Олжобай Шакирдин суракка чакырылышын сындап, аны бошотууну талап кылып жатышат. Журналист Али Токтакунов Олжобай Шакир бийликке ачуу сыны, курч билдирүүлөрдү айтып жүргөнүн белгилеп, анын кармоонун себебин түшүндүрүүнү талап кылды:
"Жакында төрт пансионаттын Өзбекстанга берилишине каршы митингге чыгарын жарыялаган. Жапаров-Ташиевди интервьюга чакырып, курч суроолорду берем деп жазган. Мунун баары анын Конституциялык укугу эмеспи! Эмнеси болсо да адегенде кармоонун расмий себебин түшүндүрүүнү талап кылабыз", - деп жазды ал Фейсбукка.
Жазуучунун УКМКда суракта экени маалым болгондон кийин аны бошотууну талап кылган бир нече активист, журналист жана укук коргоочулар жана анын жакындары УКМКнын имаратынын алдына чогулушту.
Дагы караңыз
Үзүлгөндү улайм деген "РухЭш"Ага чейин Кемин шаардык кеңешинин депутаты Наталья Дубинина УКМКга сурак берип чыкты. Бул арада жарандык активист Өндүрүш Токтонасыровдун кылмыш иши прокуратурага өттү.
Айрымдар мындай көрүнүштү өлкө автократияга ыктап баратканынын белгиси деп атап жатат.
Кыргыз бийлиги өлкөдө сөз эркиндигине эч кандай басым же кысым жок экенин билдирип келет.
Дагы караңыз
"Демократия аралындагы" пикир үчүн сурак