Бир жыл бир айдан ашык убакыт тергөө абагында отурган Олжобай Шакир бошоп чыккандан кийин журналисттерге комментарий берди:
“Баарына ыраазымын. Мен “Азаттыкка” жазган блогумда да бирөөдөн сөз айттырып жиберген тилектештиктин кереги жок, сот отурумуна келип катышкыла дегем. Менин каршылаштарым кээде сотко келип колумда кишен турса да колумду кысып кетип жатышты. Менин көздөгөнүм ушул болчу. Коомдо тилектештик деген ушинтип артат”, - деди эркиндикке чыккан Олжобай Шакир.
Жогорку сот бул күнү жазуучуну коюлган айып боюнча күнөөлүү деп таап, үч жылдык пробация менен эркиндикке чыгарган.
Анын адвокаттары сот чечимине ылайык жазуучу он күн ичинде абактан чыгышы керектигин билдиришкен.
Адвокат Акмат Алагушев Олжобай Шакир үч жыл боюнча пробациялык көзөмөлдө болорун түшүндүрдү:
“Ал үч жыл бою Пробация департаментине барып турушу керек. Бул убакыт ичинде мыйзам бузбаса, эч кандай чара колдонулбайт”, - деди Алагушев.
Жогорку соттогу отурумда Олжобай Шакирдин туугандары, кесиптештери жана маданият өкүлдөрү катышты. Олжобай Шакирдин агасы Жакшылык Эгембердиев инисинин абактан бошотулушун “акыйкат чечим” катары баалады:
“Биз ушул күндү күткөнбүз, ушундай болоруна ишенгенбиз. Акыйкаттык бар экен. Демек, баары жакшы болот. Силерге, элге рахмат”.
14-майда Чүй облусунун Аламүдүн райондук соту Олжобай Шакирди беш жылга эркинен ажыраткан. Чүй облустук соту 15-июлда өкүмдү күчүндө калтырган.
Жазуучу чечимге “адилетсиздик” деп баа берген. Анын адвокаттары эки инстанциянын чечимине каршы кассациялык арыз менен Жогорку сотко кайрылган.
Укук коргоочу, жарандык активист Бурул Усманалы Олжобай Шакир толук акталышы керек деп эсептейт.
“Пробация менен чыгаруу - кыйтырлык механизм. Түрмөдөн чыгарып, бирок эркиндигин кайырмакка илип коёт. Абактан чыкканына аябай сүйүнүп жатабыз, анткени үй-бүлөсү дагы жүдөдү. Кыргызстанда мыйзамдар толук иштесе, акталат болчу”, - деди укук коргоочу.
Олжобай Шакирге Кылмыш-жаза кодексинин 278-беренеси (“Массалык башаламандыктар”) менен иш козголуп, 2023-жылы 23-августта кармалган. Учурда №1 тергөө абагында кармалып турат.
Прокурор сотто Олжобай Шакир интернетте адамдарды “жапырт башаламандыкка чакырган постторду бай-байма жарыялап келгенин” айтып, “булардын тизгинин кагыш керек” деген сөзү азыркы “бийликтин кадыр-баркына шек келтирген, коомдук коопсуздукка карата оор кылмыш жасаган” деп билдирген.
Жазуучу коюлган айыпка макул болгон эмес. Ал камалганга чейин президент Садыр Жапаров менен Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиевди дебатка чакырган.
2023-жылы 31-августта онлайн митинг өткөрүү тууралуу демилге көтөргөн. Мындай аракети калайман башаламандык уюштурууну билдирбесин айткан.
Олжобай Шакир камалганда аны бошотуу өтүнүчү менен коомдук ишмерлер, маданият өкүлдөрү бийликке кайрылышкан.
Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов 2023-жылы 6-декабрдагы брифингде бул окуя боюнча комментарий берип, “Олжобай Шакир тарбиялык максатында камакка алынганын" айткан.
“Тарбиялык эле болуп жатат. Эч ким Олжобай Шакир менен касташып же артынан түшүп, үй-бүлөсүнөн ажыратып, кылмышкер кылып түрмөгө каматкан жок. Кээ бир учурларда мамлекеттин функциясы болот, коомчулукту өзүнө келтиришибиз керек”, - деген Байсалов.
Олжобай Шакир ким?
Олжобай Шакир деген ат менен таанылган 53 жаштагы Олжобай Эгембердиев камалганга чейин журналисттик иликтөөлөрдү жасаган Temirov Live командасы менен да тыгыз кызматташып жүргөн. Бул топто төкмө акын Болот Назаров да иштеп жүрүп, камакка алынган чакта да социалдык тармактардан бийликке карата ачуу сын-пикир жазганы менен белгилүү.
Жазуучу, акын, публицист катары таанымал Олжобай Шакир 2017-жылдары “РухЭш” коомдук агартуу багытындагы жеке сайтын негиздеген. Сайт "Улут үлгүсү" жана "Улут абийири" сыйлыктарын уюштуруп, коомчулукта кадыр-баркка ээ, коомчулуктун көйгөйүн көтөрүп келген ишмерлерге берилип келет.
"Үшкүрүк", "Өзүм менен өзүм" аттуу поэтикалык жыйнактардын; повесть, аңгемелерден турган "Эски тегирмендин орду" жыйнагынын жана тарыхый темада жазылган "Куюн доор" романынын автору. 2021-жылы ЛГБТ чөйрөсүнүн өкүлдөрү кабылган оор тагдырды чагылдырган “Адам+” аттуу повестин чыгарган.
Мындан сырткары калемгер борбордо китеп жарманкелерин да уюштуруп жүрөт. Былтыр февраль айында борбордогу Novotel мейманканасында “Сөздөн ишке” аталышында китеп форум өткөрүп, “Адам укугу – учурдагы кыргыз адабияты”, “Адабий сындын сапатка таасири”, “Кыргыз качан сапаттуу китеп окуйт?”, “Котормо өнөрү – маданият көпүрөсү”, “Адабияттын креативдүү экономикадагы орду” деп аталган талкууларды уюштурган.
Пробация менен бошотуу ыкмасы
Пробация менен бошотуу соңку учурда өз пикирин ачык айтканы үчүн айыпталган активисттерге көп колдонулган жаза болуп калды. Коомчулукта бул жазаны эркиндикке чыгарганга тете эле кабыл алып, алкагандар да бар. Мындай тенденция эмнеден кабар берет? Бул тууралуу Кыргызстандын мурдагы акыйкатчысы Атыр Абдрахматова менен маектештик.
- Атыр айым, Жогорку соттун Олжобай Шакирди күнөөлүү деп таап, үч жылдык пробация менен бошотушу күтүлгөн эле окуя болдубу? Соттун мындай чечимине кандай пикирдесиз?
- Мен үчүн күтүлгөн эле көрүнүш болду. Анткени Олжобай Шакир Ысык-Көлдөгү төрт пансионаттын тагдыры боюнча социалдык тармак аркылуу митинг уюштурууну жарыялаган. Муну укук коргоо органдары жана сот “массалык башалмандык” катары карап жатат, бул оор кылмыштардын катарына кирет. Кылмыш иши козголгондон кийин ошого жараша жыйынтык чыгышы керек. Биздин мыйзамдарда жазылгандай, иш козголуп, бир адам камакка алынгандан кийин сотто күнөөсү далилденбей иш кыскарып кетсе, логика боюнча ошол ишти козгогон укук коргоо кызматкерине жоопкерчилик каралышы керек. Бирок мындай тажрыйба бизде колдонулбай келет. Анын үстүнө “массалык башаламандык” сын-пикир айткан көпчүлүк жарандарга колдонулган берене болуп калды.
Кылмыштын курамы оор кесепеттерге алып келбеген ишке айыпталган адамдарды узак убакытка абакта кармоо туура эмес. Кээ бир мамлекеттерде негизсиз соттолгон адамдар кайсы бир убактан кийин эркиндикке чыгып, мамлекеттен кенемте төлөтүп беришин талап кылган учурлар бар.
Дагы бир жагынан, биздин мамлекет эл аралык деңгээлде Адам укуктары боюнча кеңешке киргенбиз, БУУнун алкагында да алган милдеттенмелерибиз бар. Андыктан негизсиз соттоо жана камакка алуу, кыйноо фактылары болбошу керек дегендей талаптар коюлган. Ушул сыяктуу көрсөткүчтөргө карап, адам укугу корголбогон мамлекет деп таанылып, эл аралык мамилелер да ошого жараша өзгөрөт.
- Сотто күнөөлүү деп табылып, пробация мөөнөтү менен абактан бошотуу практикасы буга чейин да айрым жарандык активисттерге колдонулганы маалым. Мындай чаранын улам пайдаланылышы эмнеден кабар берет?
- Биринчиден, биз пробацияны аткаруу кызматын жана пробация боюнча сот чечим чыгарарын так бөлүп алышыбыз керек. Пробациянын биздин мамлекетте колдонууга кириши аябай маанилүү болгон. Анткени мурда тоок уурдаганды да абакка отургузган учурлар болгон. Ушундай учурлар үчүн пробация ыкмасы болушу керек.
Бирок пробация боюнча чечим чыгарган сотторго карата чоң суроо бар. Эмнеге сөз эркиндигине, ой эркиндигине, ар кандай пикирлерге, жарандык активизмге карата “кылмыштын курамы бар” деп негиздеп, чечим чыгарып жатат? Бул сот системасынын бийликке ылайыктуу бутак катары калыптандырылып жатканынын көрсөткүчү. Кайсы бир иш боюнча соттон ушундай чечим чыгат деп алдын ала эле күтүүгө шарт түзүп койду.
Жогорку соттун төрагасы бул тутумдагы реформалар, чечимдер тууралуу убак-убагы менен маалымат жыйын берип турат. Анын көп иш кылганын көрүп турабыз. Бирок сөз эркиндигине байланыштуу түрмөгө отургузууну чектөө боюнча кандай чаралар бар, жасалып жаткан иштер канчалык негиздүү? Бул чоң суроо.
Бизде мыйзамдарда “өлчөмдөш” деген түшүнүк бар. Башкача айтканда, адамдын сотто далилденген кылмышына карата колдонулган чара же жаза өлчөмдөш болушу керек. Ошол принцип канчалык сакталып жатат? Бул да чоң суроо.
Дагы караңыз Пикир үчүн соттолгон Аранова менен Төрөкулова абакта калды- Сөз эркиндигине, башкача пикирлерге карата чектөөлөр жүрүп жатканын айттыңыз. Эгер мындай тенденция улана берсе, алдыда кандай натыйжаны күтүүгө болот?
- Баш мыйзамда “Кыргызстанда цензура болбойт, ага жол берилбейт” деп так жазылган. Бирок ушундай камоолор, кылмыш иштеринин козголушу, сөзү үчүн камакка алынган учурлар болуп жатат. 11 журналисттин иши дагы буга бир мисал болуп турат. Мындай масштабдуу иштердин арты менен коомдо өзүн чектөө түшүнүгү жайылып атат. Бул канчалык күчөгөн сайын, сын-пикирлер айтылбай кала берет.
Биз сын-пикирлердин, башкача ойлордун айтылышы өнүгүүгө жол ача турган көрсөткүчтөр экенин баарыбыз түшүнүшүбүз керек. Эгерде баары “туура, сиздикин колдойбуз” деп турса, бийлик да объективдүү маалымат ала албай калат. Кагаз бетинде жакшы отчеттор жазылып, “баары сонун, биз өнүгүп жатабыз” деп, көйгөйлөргө көз жумган кошуналарыбыздын, Түркмөнстандын кейпине түшүп калышыбыз мүмкүн.