"Жаштардын көңүлүн билимге бургубуз келет"

Kyrgyz Network академиялык уюмунун өкүлдөрү Болот Алымкулов, Азамат Арпачиев жана Канжарбек Алдашев.

Жакында эле Бишкекте "Дүйнөдөгү кыргызстандык билимдүү жаш адистердин өлкөгө салымы" деген аталышта форум өттү. Аны Kyrgyz Network академиялык уюму уюштурду.

"Арай көз чарай" талкуусунда аталган уюмдун негиздөөчүлөрү менен "чет жакта жакшы окуу жайларды бүткөн мекендештер өз өлкөсүнө кандай салым кошо алат?" деген суроого жооп издедик.

Талкуунун катышуучулары:

Азамат Арпачиев - Кыргыз-Түрк "Манас" университетин, кийин Түркиядагы Селчук университетинин магистратурасын аяктаган. Учурда ошол эле окуу жайда докторантураны окуп жатат. Түркиядагы "Эл аралык студенттер" федерациясында изилдөөчү-координатор.

Болот Алымкулов - Кыргыз Техникалык мамлекеттик университетинин бүтүрүүчүсү. Германиядагы Кассель университетинин магистратурасын аяктаган. Илимий изилдөөчү.

Канжарбек Алдашев - Кыргыз мамлекеттик курулуш, транспорт жана архитектура университетин аяктаган. Кийин Германияда педагогика жаатында билимин улантып, немис мектептеринде башталгыч класстарда тажрыйба топтоп, жакында эле Кыргызстанга кайткан.

- Алгач Kyrgyz Network академиялык уюму тууралуу айтып берсеңер. Качан, кандай максат менен түзүлгөн?

Болот Алымкулов: - Уюм 2018-жылы март айында түзүлүп, Германиянын уюмдар боюнча мыйзамына ылайык, жарым жыл ичинде каттоодон өткөн. Германияда Канжарбек Алдашов, Кымбат Ишембекова жана Калыгул Жунушбеков менен бирдикте түптөгөнбүз. Ошол эле жылы Франкфурт шаарында алгачкы конференциябызды өткөрдүк.

Канжарбек Алдашев: - Баарыбыз билгендей, чет өлкөдө билим алып, тажрыйба топтоп жүргөн мекендештерибиз көп. Ошолорду бир платформада чогултуп, алар тажрыйбалары менен бөлүшүп, бирге иш алып баралы деген максатта түзүлгөн. Бул академиялык илим-билимге багытталган уюм. Ошол эле учурда кыргызстандык жаштарга "Чет жактагы окуу жайларга акысыз билим алуу үчүн кантип тапшыруу керек? Аны аяктагандан кийин кантип жакшы ишке кирсе болот?" деген суроолорго жооп табышканга аракет кылып, багыт берүүнү көздөйбүз.

Азамат Арпачиев: - Бул уюмга билим аркылуу өлкөбүздү өнүктүрө алабыз дегендер чогулган. Негизги максатыбыз дагы коомубузду билимдин жардамы менен өнүктүрүү.

Kyrgyz Network уюмунун Германиядагы конференциясынын катышуучулары.

- Белгилүү болгондой буга чейин силер бир нече жолу Германияда жыйын өткөрүп келсеңер, быйыл Кыргызстанда уюштурдуңар. Бул жыйын мурдагылардан эмнеси менен айырмаланды? Кандай омоктуу ойлор айтылды?

Болот Алымкулов: - Бир жыл мурда биз Германиянын алкагынан чыгып, курамыбызга АКШ, Түркия, Бириккен Араб Эмираттары жана башка мамлекеттерден да мүчөлөрдү коштук. Пандемияга байланыштуу соңку бир нече айдан бери Кыргызстанда болуп калдык. Ошол себептен биринчи жолу гибриддик түрдө оффлайн жана онлайн конференция өткөрүп, ага дүйнөнүн бир катар мамлекеттеринде билим алып, иштеп жүргөн мекендештерибиз кошулуп, тажрыйбалары менен бөлүштү.

Анда айтылган кызыктуу пикирлерге токтолсок, англис тилинде "brain drain" деп коет эмеспи же болбосо "акылдын сыртка агылышы" күч болуп жатат. Башкача айтканда, өлкөнүн өнүгүүсүнө салым кошо ала турган жаштар тышка билим алганы чыгып кетип, кайтпай калышууда. Ушул маселе козголду. Бул тууралуу айткан Кайрат Итибаев бара-бара "brain circulation" орун алышы керек экенин сунуштады.

Четке чыгып окуу, дүйнө таанымды тереңдетип, сапаттуу билимге умтулуш керек, бирок алар кайтышы зарыл. Кытайда билим алып, иштеп жүргөн Абдрахман Матраимов деген референт Бээжин чет жакта окуп, кайткан жаштарды башкача бааларын айтып берди. Кошмо Штаттарда IT тармагында иштеген мекендештерибиз кантип абройлуу чоң компанияларга жумушка кирүү жолдорун айып беришти.

- Пандемияга байланыштуу Кыргызстанда болуп, ар кандай долбоорлор менен айыл жергелерин кыдырып келипсиңер. Ал жактагы абал менен жеринен тааныштыңар да, жаштар азыр эмнеге муктаж экен?

Азамат Арпачиев: - Биз бул жакта жүргөндө, убактыбызды текке кетирбейли деген максатта айылдарды кыдырып "Билим бийиктикте" деген долбоорубузду ишке ашырдык. Анын алкагында окуучулар, жаштар менен жолугуп келдик.

Чет жерде жүргөндө абал социалдык тармактар аркылуу такыр башкача көрүнөт эмеспи, ал эми реалдуу жашоодо башкача экенин байкадык. Биз бардык аймактарга бара алган жокпуз. Бул жолу Ысык-Көл менен Нарын облустарынын эң алыскы айылдарын кыдырдык.

Бетме-бет жолукканда алардын эмнеге суусап турганын анык сезет экенсиң. Негизинен аларга туура багыт берчү адам жок экен. Мурдагы жылдарга салыштырмалуу азыр Интернет жеткиликтүү, бардык маалымат бар. Бирок ошол маалыматты туура колдонууну үйрөткөн, кандайдыр бир багыт жетишпейт экен. Ошондой эле, алар "силер бизге керексиңер, биз силерге муктажбыз, Кыргызстан силерге муктаж" деген сөздөрдү угууга суусап турганын байкадык.

Дагы караңыз Мээримди көчөдөн издеген балдар

Канжарбек Алдашев: - Ооба, мен да кошулам. Жаштар Интернеттен өзүн өнүктүрүүгө багытталган туура маалымат алуунун ордуна, такыр пайдасыз булактарга кирип жатышат. Ошол себептен тажрыйбасы бар, четте окуп келген же Кыргызстандын ичиндеги деле билимдүү жаштар ыктыярдуу түрдө аймактарга барып, ал жактагы окуучулар менен бетме-бет жолугушуп, өз кеңештерин бергенде натыйжасы жогору болот экен.

Мисалы "мен деле силердей айылдан чыккам, биринчи мындай кыласыңар, анан экинчи кадамыңар андай болот" деп баарын чечмелеп өз мисалында түшүндүрүп беришсе жакшы болот. Ошол жерден жаштардын аң-сезими өзгөрүп, кыялдары өзгөрө баштарын байкадык. Болбосо социалдык тармактардан "тиги же бу чет жакта окуптур" деп гана маани бербей коюшат экен.

Талкуунун толук аудиоверсиясын бул жерден угуңуз:

- Чет жактан билим алып келген кыргызстандыктардын арасында IT багытындагылар гана жумуш орундарын түзүп жаткансыйт. Башка тармактагылар да мекенинде кантип жумуш орундарын түзө алышат?

Азамат Арпачиев: - Муну биз экиге бөлүп карасак болот. Биринчилери кыска мөөнөткө барып окуп келгендер. Алар окуп келгенден кийин деле мурдагы ишин улантышат. Экинчилери ал чет жакта 4-5 жыл окуп, ошол жакта иштеп келгендер десек болот. Алардын билими да терең, тажрыйбасы да мол.

Өкүнүчтүүсү, алар тажрыйбасына карабай бул жакта өзүн таба албай калып жатат. Алардын билимин, тажрыйбасын колдонуу жагы бизде жолго салынган эмес. Ошол себептен, канча бир убакыттан кийин көбүнчөсү кайра чет жакка кетип калганын байкайбыз. Алар өзүн Кыргызстанга кереги жоктой сезишет. Ошондуктан тышта окуп келгендерден азырынча бир гана IT тармагындагылар гана курстарды, компанияларды ачып жатканын билебиз.

Дүйнөдө эң кымбат деп эсептелген адамдык ресурсту туура колдонуу бизде аксап турат.

Болот Алымкулов: - Тилекке каршы, өкмөт бизде канча жараны чет жакта окуп жүргөнүн деле билбейт. Бул жагынан бийлик такыр сокур. Алар кайтып келгенде кызматташуу жолу да системага коюлган эмес. Ошондуктан аларга иш сунуштап, шарт түзүп кармап калыш керек.

Мисалы, мен билгенден Түркиянын чет жакта окуган студенттеринин бирикмелери абдан күчтүү. Ал мамлекеттин бийлиги кайсы жараны кайда окуганын, бүткөндөн кийин кайда жумушка орношконун билет. Толук кандуу система бар. Жок дегенде чет жакта окугандардын тизмеси болсо, суроо-талап жаралганда чакырса болот да.

Дүйнөдө эң кымбат деп эсептелген адамдык ресурсту туура колдонуу бизде аксап турат. Ошого карабай, өкмөт, бийликке ишенбей ар кайсы жактарда билим алган мекендештер ушинтип кийинки муундарды билимге тартуунун үстүндө иш алып баруудабыз.

"Азаттык": Талкууга катышып бергениңерге чоң рахмат!