Жарылуудан кийин: Бишкекке кандай жылуулук борбору керек?

Бишкек шаары.

Соңку жети жылда экинчи ирет катталган кырсыктан кийин адистер Бишкектеги жылуулук электр борборун жаңылоодо жаңыча ыкмаларды да карап көрүү зарыл экенин айтууда. Өкмөттүн маалыматына караганда жылуулук борборун оңдоого байланыштуу Орусиядан кошумча адистер келет.

“Жабыркагандардын абалы оор”

Бишкектеги жылуулук электр борборундагы (ЖЭБ) жарылуудан жабыркап, оор абалда жаткан эки бейтап дарылануу үчүн Түркияга жеткирилет. Мындай чечим дарыгерлердин атайын консилиумунан кийин кабыл алынган.

Ага чейин Бишкекке Түркиянын Саламаттык сактоо министрлигинин "Голжук" ооруканасынын реаниматолог-дарыгерлери учуп келгени кабарланган.

"️Доктор Этем Озтурк жана Энгин Четин Кыргызстандын саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевдин коштоосунда жабыркагандардын абалы менен таанышты, аларды дарылоо ыкмаларын караштырып, жыйынтыгында консилиум болду. Доктор Этем Озтурк бейтаптардын абалы оор экенин белгилеп, узак дарылоо талап кылынарын айтты. Ал ошондой эле катуу күйүп калган бейтаптарды дарылоо үчүн толук шарттары бар атайын ооруканага которууну эскертти. Консилиумдун аягында жабыркаган эки жаранды Түркиядагы атайын ооруканага которуу чечими кабыл алынды", - деп жазылган өкмөттүн Медиа штабы тараткан маалыматта.

Кырсыктан олуттуу жабыркаган эки бейтап Бишкек шаардык тез жардам ооруканасынын жандандыруу бөлүмүнө түшкөн. Дарыгерлер алардын денеси 80-90% күйүп калганын, от жутуп алганына байланыштуу ички дем алуу органдары да жабыркаганын айтышкан.

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

"Уулумдун денесинин 90% күйүп калган". ЖЭБдеги авариянын кесепети

“Биз алардын өмүрүн сактап калуу үчүн колубуздан келгенин кылып, болгон билимибизди жумшайбыз. Бирок дарыгер катары айтып коюшум керек, алган жараттары абдан оор. Шок абалынан чыккандан кийин баары жакшы болсо, трансплантция болушу мүмкүн. Терисинин күйгөн жерлерин жабабыз. Эми ал келечектин иши. Ага чейин абалын турукташтырып, шок абалынан чыгарып алсак, бул чоң жетишкендик”, - деген Бишкек шаардык тез жардам ооруканасынын башкы дарыгери Алмаз Кубатбеков.

Жарылуудан жабыркаган дагы эки киши үйүнө дарыланууга жөнөтүлгөн, бир бейтап палатага жайгаштырылган.

“Жылыткычка суроо-талап өстү”

“Дордой” базарында электр товарларын саткан соодагерлердин бири (атын атагысы келген жок-ред.) 2-февралда шаардын жылуулук электр борборунда катталган кырсык тууралуу уккан эмес. Күндүз гана жылыткыч сурап байланышкан же кайрылган кардарлар көбөйгөндө окуя тууралуу билген. Анын айтымында, быйыл кыш жылуу болгондуктан өтпөй турган жылыткычтарга бир күндө эле суроо-талап өскөн.

“Күн жылыгандан бери жылыткычтар жакшы өтпөй калган. Бирок кечээ кайра күчөдү. Байкуштар “балдарым үшүдү, тоңуп калдык, эже, жылыткыч жөнөтүп жибересизби?” деп сурап жатышат. Көп кабаттуу үйлөрдө жашагандарга кыйын болду окшойт. Жер үйдө жашагандар билбей деле калдык”.

Ушул эле базардагы дагы бир ишкер жигит шаар тургундары бири-бирин электр энергиясын үнөмдөөгө чакырганын белгиледи.

“Базарда жылыткыч көтөрүп жүргөн кишилерди көп байкаса болот. Кечээ так базар жабыларда бир байке шашып келип алып кетти. Дагы бири түнү чалып “чукул керек болуп жатат” деп сурады. Кечинде үйгө келсем, жашоочулар Вотсап тайпасында “ушундай кырдаалда электрди үнөмдөйлү” деп жазып жатыптыр. Кечинде үшүсөк да, этияттап жаттык”.

Анткен менен борбор калаанын айрым тургундары социалдык тармактарда электр жарыгы өчүп жатканын жазышууда.

2-февралда “Бишкекжылуулуктармагы” Бишкектин №3, 5, 6, 7, 11, 12-кичи райондоруна, жана 8-кичи райондун бир бөлүгүнө, Улан, Көк-Жар кичи райондоруна жылуулук берүү токтотулганын билдирген. Андан тышкары, “жылуулук берүүнү үзгүлтүккө учуратпаш үчүн ысык суу берүүгө чектөө киргизген".

Калыбына келтирүү иши жүрүүдө

Өкмөттүн маалыматында ушу тапта жылуулук борбордун кызматкерлери кырсык эмнеден болгонун аныктоо жана анын ишин калыбына келтирүү аракетин көрүп жатат.

Буга чейин жылуулук борборундагы жарылуунун бир нече себеби такталганы айтылганы менен кайсы себептер экени ачыкталган эмес.

3-февралда өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев ЖЭБдеги жарылууда бир дагы от казан бузулбаганын билдирди.

"Бардык от казандар бүтүн. Бири да казан жарылган эмес. Сынып же жарака да кеткен эмес. Коргонуу системасы жакшы иштеген. Учурда аларды улоо жана аларды электр менен жабдуу иштери гана жүрүп жатат. Жылуулуктан тышкары ысык суу да бериле баштады".

Ажикеевдин айтымында, Орусиядан кошумча адистер келери күтүлүүдө жана аны менен чогуу аткарылуучу иштер талданууда. Жылуулук сезону аяктагандан кийин президенттин тапшырмасына ылайык, жаңы долбоорлор ишке кирет.

Буга чейин Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директору Нурдан Орунтаев Жылуулук борборундагы имараттын бузулган жерлерин калыбына келтирүүгө 100дөн ашык куруучу тартылганын маалымдаган.

Акыркы маалыматтарга таянсак, учурда Бишкек жылуулук электр борборунда жалпы 245 мегаватт кубаттуулукта алты от казан иштеп жатат. Түтүктөгү суунун ЖЭБден чыгып жаткандагы температурасы 68 градуска чейин жеткен. Жылуулук борборунда жалпы 15 от казан бар.

"ЖЭБди жаңылоодо жаңыча ыкмалар керек"

Деген менен, соңку жети жылда экинчи ирет катталган кырсыктан кийин адистер ЖЭБди жаңылоодо жаңыча ыкмаларды да карап көрүү зарыл экенин айтууда.

Жогорку Кеңештин депутаты Элдар Абакиров ЖЭБ түзүмдөрүн уюштуруу маселесин карап көрүү учурдун талабы экенин айтты:

Элдар Абакиров.

"Мен билгенден бул ЖЭБ тегерегиндеги 10 чакырым радиустагы үйлөрдү жылыта алат. Андан ашып кетсе суу барып кайра келгиче муздап, мааниси жоголуп кетет. Бүгүнкү күндө бул ЖЭБ өзүнүн кубаттуулугун толук колдонду окшойт. Эми ал кошумча үйлөрдү жылыта албайт. Демек, Бишкек боюнча децентрализация керек. Же бир комплексти, бир кичи районду жылыткан чакан ЖЭБдерди уюштуруу керек. Бара-бара ошондой саясатка өтүү туура".

2018-жылы 26-январда дагы катуу суукта ЖЭБде чоң авария болуп, Бишкектин тургундары бир нече күн бою жылуулуксуз калган.

Ошондон кийин ишкананы оңдош үчүн ага чейинки бийликтин тушунда Кытайдын “Эксимбанкынан” алынган 386 миллион доллар насыянын бир тобу кымырылып кеткени ачыкка чыккан. Бул боюнча кылмыш иши козголуп, бир нече аткаминер камакка алынып, жоопко тартылган.

Президент Садыр Жапаров 2-февралда жылуулук борборунун абалы менен таанышкандан кийин "Кабар" агенттигине маек курган. Ал кырсык ЖЭБдин эски бөлүгүндө болгонун айтып, мурдагы бийликтерди 386 миллион долларга чала-була иш кылгандан көрө, "жаңы ЖЭБ курса болмок" деп айыптаган.

Президент "ЖЭБди толугу менен модернизациялоо тапшырмасын бергенин" кошумчалаган.

“Ооба, авария эски бөлүгүндө болду. Кептин баары ушул жерде жатат. 386 миллион долларга чала-була бирдеме кылбастан, эски ЖЭБди ийне-жибине чейин оңдоп койсо болмок. Же кошуна өлкөдөгүдөй 300 миллион долларга жаңы ЖЭБ куруп коюш керек эле. Ал эми жаңы блоктор курулбаганда абал мындан оор болмок дегендер – бет тырмарлык кылгандар. “Кылгылыкты кылып коюп, кыл жип менен бууп коюп”, мыйыгынан күлүп отургандар. Азыр эми ЖЭБди толугу менен модернизациялоого тапшырма бердим. Албетте, чоң сумманы талап кылат. Айла жок, каражат булактарын издеп табабыз да эми”, - деген Садыр Жапаров.

Ал эми Социал-демократтар партиясынын лидери Темирлан Султанбеков дал ошол мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин тушунда курулган жаңы Жылуулук электр борбору (ЖЭБ) Бишкекти эки жолу кышкысын тоңуп калуудан сактап калганын Фейсбуктагы баракчасына жазды.

Султанбеков муну менен катар айрым айыптоолорго да жооп кайтарган.

"Мына ушул эски ЖЭБдин аймагында жайгашып, автономдуу иштеген жаңы ЖЭБ 2018-жылы да катуу суукта Бишкекти тоңуп калуудан сактаган. Азыр да сактап турат. Жаңы ЖЭБдин 1 мегаватты бизге 1,28 млн долларга, жалпы 300 мегаватт 386 млн долларга турган. Бул Борбор Азия аймагындагы эң арзан ЖЭБ, анткени акыркы он жылда Борбор Азияда үч эле ЖЭБ курулду - бирөө Тажикстандын борборунда, экөө Казакстандын Караганды жана Семей облустарында. Дүйшөмбү шаарындагы ЖЭБдин 1 мегаватты тажик коңшулар үчүн 1,32 млн долларга түшсө, Казакстандын Караганды облусундагы ЖЭБдин 1 мегаватты 2,31 млн долларга, Семейдеги 2,88 млн долларга турган", - деп белгилеген Султанбеков.

Башкы прокуратура Бишкек жылуулук электр борборундагы жарылуу боюнча бир катар беренелердин негизинде иш козголгонун, ошол эле маалда ЖЭБдеги кырсыкта террордук акт жана диверсия белгилери аныкталбаганын билдирди.