Өткөн жылы Чүйдүн райондоруна караган сегиз айыл аймагы Бишкек шаарына кошулган эле.
Жарлыктан улам жаралган жагдай
Бишкек шаардык кеңешинин 29-февралдагы жыйыны 45 депутаттын 27синин катышуусунда башталды. Жыйынга катышкан шаар мэри Айбек Жунушалиев президенттин жарлыгынын негизинде ишке ашкан аймактык-административдик реформанын алкагында калаанын депутаттарынын саны 235ке көбөйгөнүн эске салып, депутаттарды жарлыктын талаптарын аткарууга чакырды:
“Мен кечээ бир катар айылдык кенештердин депутаттары менен жолугушуп, түшүндүрдүм. Бул маселенин создугуп жатканынан алар өздөрү чечим кабыл алып, техникаларды жана башка мүлктөрдү башка аймактык-административдик бирдиктерге берген учурлар болуп жатат. Алардын мындай аракети жол берилгис экенин айттым. Жарлык күчүнө киргенин, биз аны аткарышыбыз керек экенин түшүнүшүбүз керек”, - деген соң мэр жыйындан чыгып кетти.
Шаардык кеңештин төрагасы Кубанычбек Конгантиев муну “кызык жагдай” деп баалап, муну саясатташтырбоого чакырды:
“Кесиптештер, мен баарыңарды тартипке чакырам. Бул маселени саясатташтырбай эле коёлу. Эмнеден улам мэр мына мындай кадамга барганын мен да түшүнгөн жокмун. Бүгүнкү күндө президенттин жарлыгы бар. Аны аткарышыбыз керек. Азыр танапис жарыялап, мындан аркы ишибизди талкуулап алалы”.
Ушул эле күнү борбор калаага кошулган айылдык кеңештердин төрагаларынын катышуусунда Бишкек шаардык кеңешинин жолугушуусу уланды. Анда Конгантиев кеңештин сессиясы 4-мартка коюлганын, депутаттардын курамы кеңейип, "чоң үй-бүлөгө айланганын" жарыялады.
Жунушалиев буга чейинки жыйындан “танапис жарыяланды деп түшүнүп, байкабастыктан чыгып кеткенин” айтып, депутаттардан кечирим сурады. Ал шаардык кеңештин ишинин жанданышы мэрия үчүн зарыл болуп турганын, кабыл алынышы керек болгон маанилүү маселелер бар экенин кошумчалады.
Ошентип, 235 депутаттан турган Бишкек шаардык кеңешинин ишмердигин уюштуруу, ишти жүргүзүү боюнча маселелер чечилип, жумушу жанданды.
Дагы караңыз Жаңы долбоор: Мэр бюджетти өзү бекитет. Буга депутаттар нааразы235 депутаттын чоо-жайы
Президент Садыр Жапаровдун аймактык-административдик реформа боюнча былтыр 28-декабрда чыгарган жарлыгынын негизинде Чүйдүн Аламүдүн районунан алты, Сокулуктан эки айыл аймагы толугу менен Бишкек шаарына кошулду. Ошентип, 30дан ашык калктуу аймактын аянты менен кошо ал жерлердеги жергиликтүү кеңеш депутаттары да Бишкек шаардык кеңешине биригип, борбор калаанын депутаттарынын саны 235ке жетти. Борбордук шайлоо комиссиясы 28-февралда Бишкек шаардык кеңешине өзгөргөн жагдайга байланыштуу кат жолдогон.
“Шаардык кеңештин статусу өзгөрбөйт жана анын төрагасы кайра шайланбайт. Шаардык кеңеш анын курамына кирген айылдык кеңештердин мураскору болуп саналат. Шаардык кеңештердин ишмердигин жарлыкка шайкеш кылып жүргүзүүнү президенттин облустагы өкүлчүлүктөрү, район жана шаар башкармалыктары уюштуруп бериши керек”, - деп жазылган катта.
Мыйзам боюнча административдик-аймактык бирдиктердин чек арасы өзгөргөндө, ал жердеги жергиликтүү кеңеш таратылышы керек. Бирок бул пилоттук долбоор катары ишке ашып жаткан себептүү депутаттардын ыйгарым укугу сакталып калган. Эми шаардык кеңештин жыйынында кворум болушу үчүн алардын тең жарымынан көбү, кеминде 118 депутат катышуусу шарт болуп калды.
Өкмөт мындай жагдай убактылуу экенин белгилеп, жергиликтүү кеңештердин ишмердигин жана санын аныктаган мыйзам долбоору сунуштала турганын айтууда.
“Жарлыкка ылайык, Министрлер кабинети быйыл 1-июнга чейин мыйзам долбоорун Жогорку Кеңешке киргизиши керек. Аны парламент июнь ичинде карай тургандай болушу керек. Депутаттардын саны, албетте, азыркыдай 235 болбойт. Балким, 45 бойдон эле сакталып калат. Биздин позиция ушундай”, - деди Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттиктин жергиликтүү өз алдынча башкаруу башкармалыгынын башчысы Мыктыбек Өмүрзаков.
Бишкек шаардык кеңешинде 45 депутат бар, алар 2021-жылы 31-июлда ишин баштаган. Борбор калаанын депутаттары төрт жылга шайланат.
Дагы караңыз Аймактык реформа: элет эмнеге нааразы?Бийлик борборлошуп калдыбы?
Жаңы кабыл алынган Баш мыйзамга ылайык, мурда шаардык кеңеш шайлап келген шаар мэрлери дайындала турган болуп калды. Жакында эле өкмөт бул эки калаанын мэрлеринин ыйгарым укугун кеңейтип, шаардык кеңештердин таасирин азайта турган мыйзам долбоорун парламентке сунуштап, кийин бул сунуш четке кагылды.
Бишкектин Биринчи Май районунун акиминин мурдагы орун басары Мавлян Аскарбеков бийлик шаардык кеңештин санын аныктоодон мурда алардын ыйгарым укугу боюнча концептуалдуу маселени бир жактуу чечиши керек деген ойдо:
“235 депутатка шайлоо өткөрүп, ал үчүн миллиондогон акча кетиргени менен, ыйгарым укугу болбосо, алардын эмне кереги бар? Бардык мамлекеттерде ушундай. Децентрализацияга барып, бийликти жергиликтүү бийликке тапшырат. Ал жерде аткаруу жана өкүлчүлүк бийлиги болот. Болбосо башкаруу борборлоштурулуп, “бизге децентрализациянын, депутаттардын кереги жок, өзүбүз киши коюп, өзүбүз иштетебиз” деген саясат жүрөт”.
Кыргызстанда буга чейин шаар мэрлерин, айрыкча Бишкек, Ош калаа башчыларын эл шайлашы керек деген маселе утур-утур көтөрүлүп келген. Бул боюнча 2023-жылы Жогорку Кеңештеги “Альянс” фракциясы мыйзам долбоорун даярдап, бирок ал колдоо тапкан эмес.
Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.