"Жарандык коом да өнүккөн өлкөнү көргүсү келет"

Динара Ошурахунова.

Бишкекте "Кыргызстан 30+" IV жарандык форуму өттү. Негизи төрт тема - климаттын өзгөрүшү, билим берүү, жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу жана коомдун баалуулукка карай багыттары талкууланган форумга аймактардан 200дөн ашуун адам катышты. Жарандык форум буга чейин 2017-жылы өткөн.

Активисттер андан бери дүйнөдө жана өлкөдө жарандык коом талкуулай турган, олуттуу көңүл бурууну талап кылган көп окуялар болуп өткөнүн белгилешти. Бүгүнкү күнү бардык конструктивдүү күчтөрдү бириктирүү зарылчылыгы бышып жетилгенине токтолушту.

Форумдун максаты, талкууланган маселелер тууралуу укук коргоочу Динара Ошурахунова “Азаттыкка” маек курду.

- Бүгүн Бишкекте жарандардын “Кыргызстан 30+” форуму өттү. Ал кандай максатты көздөдү? Эмне маселелер талкууланды?

- Кыргызстан жарандарынын алгачкы форумун биз мындан алты жыл мурда “Мен кайдыгер эмесмин” деген аталышта өткөргөнбүз. Анда бизнестин өкүлдөрүнөн тарта коомдук активисттерине чейин катышкан. Ошол кезде биз коомчулук алдында турган көйгөй, маселелерди талкуулаганбыз.

Андан кийин дагы эки форум өткөргөндөн кийин төрт жыл өтүп кетти, бул убакыт аралыгында дүйнө жана анын ичинде биздин өлкөдө дагы абдан көп өзгөрүүлөр болду. Мисалы, эки президент алмашты, пандемия шартында жашоону үйрөндүк. Ошондуктан бул форумдун алкагында биз негизги деп караган төрт маселени талкууладык. Алар, климаттын өзгөрүшү, билим берүү, жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу жана коомдун баалуулукка карай багыттары.

Дүйнөдөгү климаттын өзгөрүшү Кыргызстанга таасир этеби? Экинчиси, Советтер Союзунан калган окутуу системасы биздин балдарды эмнеге окутуп атат? Алар мектептен кандай тарбия алып атат?

Себеби, бүгүнкү форумга келген айрым мектеп окуучулары, студенттер азыркы замандын талабына ылайык билим ала албай жатканын айтып, анын негизги себеби катары жаңы технологиялардын жоктугу экенин билдиришти. Үчүнчү маселе, бул жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдарынын чечимдерди кабыл алууга катышуусу. Маселен, жаңы Конституция боюнча жергиликтүү коомчулуктун бийлиги азайып жатканы бизди тынчсыздандырып жатат.

Дагы караңыз "Бейөкмөт уюмдарга саясий климатка жараша баа берүү туура эмес"

- Форумга кимдер катышты? Бийлик бутактарынан өкүлдөр келдиби?

- Үч жума бою биз социалдык тармактар аркылуу иш-чара тууралуу маалыматтарды чыгарып, каалоочуларды чакырып жаттык. Бул жолу бийлик өкүлдөрү, ишкерлер же болбосо активдүү аялдардан деп ар бирин өзүнчө чакырган жокпуз. Форум ачык эшик форматында өтүп, каалоочулардын баары келип, жогорудагы төрт маселе боюнча пикир угуп, өз оюн айтып жатты.

- Жарандык форум эгемен Кыргызстан 30 жылдан кийинки өнүгүү жолунда көңүл бура турган маселелер (билим берүү, баалуулук багыттары, климат жана жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдарынын иши) боюнча кандай сунуштарды иштеп чыкты?

- Форум башталгандан бүткөнгө чейин катышуучулардан сунуштар түшүп жатты. Азыр биз резолюциясын жазып жатабыз, дүйшөмбү күнү жыйынтыгы толук чыгарылат. Балким кошумча сунуштар болсо аларды дагы карап, киргизебиз. Андан кийин алардын ар бири боюнча иш алып барууга болот.

Дагы караңыз Бийлик жарандык коом тууралуу саясатын ачыктады

- Бүгүнкү форум 2015-жылы башталган “Мен кайдыгер эмесмин” аттуу форумдун кайра жанданганын тастыктады деген пикирлер дагы айтылды. Форумдун кайра жанданышына эмне себеп болду?

- Биз соңку форумду өткөргөн күндөн бери алты жыл өтүптүр. Орто Азияда биздин өлкөдө эң күчтүү жарандык коом калыптанганы айтылып келет. Андан бери көп жаңылыктар кирди. Ошол эле социалдык тармактар аркылуу активдүү, кайдыгер эмес жарандарыбыз пикирин ачык жазып, элге, бийликке жеткирүүгө шарттар түзүлдү.

Бирок азыр жарандык коом дегенди айрымдар бейөкмөт уюм катары кабыл алып жатат. Чындыгында бейөкмөт уюмдар бул жарандык коомдун бир гана институту. Бул жолу биз өзгөчө жаштардын активдүүлүгүнө баа берип жатабыз, алар жарандык позициясын билдирип, тигил же бул көйгөй тууралуу пикирин айтып жатканынын өзү маселенин чечилишине кайдыгер эместигинен кабар берет.

- Форумда да көтөрүлгөндөй бийлик менен жарандык коом кандай кызматташуусу керек? Бүгүн өлкөнүн бакубаттыгы үчүн көз карандысыз, эриш-аркак кызматташуу шарттары барбы? Кандай мүчүлүштүктөр бар?

- Азыр көпчүлүгү жарандык коом менен кандай иш алып баруу керектиги тууралуу суроо беришет. Бирок биз Кыргызстан эгемендик алган 30 жылдан бери тажрыйба аркылуу далилдеп бергенбиз. Бул жерде кеп мамлекеттик органдардын даярдыгында. Эгер алар даяр болсо, жарандык коом Конституциялык, демократиялык принциптерди карманып ачык диалогго даяр экенин билдирип келет. Жарандык коомду катмарларга бөлүп кароонун өзү жаңылыштык. Анткени бардыгыбыздын максатыбыз бир – бул Кыргызстанды өнүктүрүү.