"Жаназасы окулбай калгандар көбөйдү". Шинжаңдагы жаңы мыйзам

Үрүмчү, мечиттен чыгып келе жаткан уйгурлар. 2004-жылдын 12-сентябры.

1-февралдан тартып Кытайдын түндүк батышындагы Шинжаң Уйгур автоном районунда (ШУАР) бул аймактагы мусулмандардын жүрүм-турумун көзөмөлгө ала турган атайын жобо иштей баштайт.

Документке ылайык, мындан ары мечит куруп, ажылык сапарга барып, диний билим алам дегендердин баары жергиликтүү бийликтен уруксат алууга милдеттүү болот. Жаңы жобо чөнтөк телефондо же компьютерде диний мазмундагы файлдарды сактоого тыюу салат. Эксперттердин пикиринде, расмий Бээжин мындай жаңы эреже менен Шинжаңдагы адам укуктарынын бузулушун мыйзамдаштыруу аракетин көрүүдө.

Шинжаң Уйгур автоном районунун Дин иштери боюнча жобосун 2023-жылдын соңунда Бүткүл Кытай эл өкүлдөрүнүн жыйынынын аталган аймак боюнча туруктуу комитети кабыл алган.

Мыйзам сыяктуу эле күчкө ээ болгон бул жаңы документке ылайык, бир дагы уюм, бир дагы адам диний ишмердүүлүктү ишкердикте же маданий багытта колдоно албайт. Мисалы, үйлөнүү үлпөтүн же маркумду акыркы сапарга узатууну бийлик аныктап берген гана диний эрежелер боюнча өткөрсө болот.

Диний жайларды куруу же оңдоп-түзөө да жергиликтүү бийликтин дин иштери боюнча бөлүмүнүн уруксатысыз жүргүзүлбөйт.

Ал эми Меккеге ажылык сапарын уюштуруу укугу бийлик көзөмөлдөгөн «Кытайдын ислам ассоциациясына» гана берилет. Диний жыйындарга 18 жашка чыга элек курактагы балдарды кошо ала барганга, аларга диний билим берүүгө да тыюу салынат.

Адамдын диний эркиндиктери жана укуктары маселесин чагылдырып, изилдөө менен алектенип келаткан Bitter Winter басылмасы Бээжин “Адам укугуна жамынган мындай кытайлаштыруу саясаты менен мечиттерге карата жүргүзүп жаткан вандализмди актоого аракет кылууда” деген пикирде.

Шинжаң. 2011-жылдын 3-августу.

«Шинжаңдагы жобонун беренелери аймактагы башка провинцияларда кабыл алынган ушундай эле жоболордон алда канча катаалыраак. Жада калса кытай пропагандасы өзү да Шинжаңда дин маселеси “нормалдуу” провинцияларга жана аймактарга караганда катуураак көзөмөлдөнөрүн моюнга алууда, бирок, адаттагыдай эле, мындай саясатын “экстремизмге” жана “терроризмге” каршы күрөш зарылчылыгы деп негиздөөдө», — деп белгиледи басылма.

Мисалы, жаңы Жободо диний объектилерде, жада калса мурда курулгандарында да архитектуралык, скульптуралык, көркөмдүк жактан «кытайлык өзгөчөлүк жана стиль» сакталып турушу керек, ал эми мечиттер менен чиркөөлөр жергиликтүү элдик өкмөт алдында отчет берип турушу зарыл деген талап жазылган.

Диний макалаларды жазуу, китептерди басып чыгаруу жаатында да эрежелер катуулайт. Мындан ары андай ишмердүүлүк менен алектениш үчүн да автоном райондун элдик өкмөтүнүн дин иштери боюнча бөлүмүнүн макулдугу керек. Бир дагы уюм же жеке адам интернетке чыккан, социалдык түйүндөргө жарыяланган, жада калса чөнтөк телефонго сакталган диний мазмундагы сүрөт же видеону колдоно албайт.

Жаңы эрежеде диний уюмдардын жетекчилерине — имамдарга, чиркөө жана храм башчыларына арналган бир нече берене бар. Аларда диний жайлар өз ишмердүүлүгүндө «патриоттулукту карманышы, мыйзамга баш ийиши, туура жолдон чыкпай, экстремизмге каршы турушу зарыл» экени жазылган. Шинжаңдын диний жайларынын жетекчилери мындан ары чет өлкөлүк уюмдардан же жарандардан «таануу, дайындоо же ардактуу наам» алууга укугу жок болот.

Эгер жогорудагы айтылган эрежелер бузулса, диний лидерлер жана борборлор, дин кызматкерлери мамлекет берген уруксат документтеринен ажыратылат. Ал эми жаңы талаптарга баш ийбеген диний топтор жана жеке адамдар жазага тартылат — аларга айыппул салынып, кылмыш жоопкерчилиги каралат.

«МАРКУМДАРДЫН КӨБҮНҮН ЖАНАЗАСЫ ОКУЛБАЙ КАЛУУДА»

Бекзат Максутханулы Шинжаңдагы этникалык казактардын көйгөйлөрүн көтөрүп келаткан, бирок расмий каттоого алынбаган «Атажурт» уюмун жетектейт. Анын пикиринде, «бул мыйзам аркылуу Кытай Шинжаңдагы диний кысымын мыйзамдаштыруу аракетин көрүп жатат».

— Шинжаңда диний ишмердүүлүк дээрлик жокко эсе. 2016-жылдан бери бул жактагы адамдар диний билим берүүчү жайларды ачуу, диний жөрөлгөлөрдү жасоо мүмкүнчүлүгүнөн ажыраган. Кытай өзү окуткан имамдардын көпчүлүгү да лагерлерге камакка алынды. Камактан чыккандарынын көбү ден соолугунан ажыраган же диний жөрөлгөлөрдү жасагандан коркуп калышты. Бир айылдын имамы экинчи айылга барып куран окуй албайт. Азыр Шинжаңда каза болгондордун көбү жаназасы окулбай көмүлүп калууда, себеби ошол айылда же имам жок, же, болсо да, укуктары чектелген. Бир айылдын имамы башка айылга барып жаназа окуп койгону үчүн куугунтукка кабылганы тууралуу фактыларыбыз бар. Кытай атайын мыйзамдарды кабыл албаса да, Шинжаңда диний укуктар чектелгенине көп болуп калды. Жаңы Жобо дал ошол жагдайды мыйзамдаштыруу далалаты гана, — дейт Бекзат Максутханулы.

Кашкар шаарынын борбордук аянтында күзөттө турган полиция кызматкерлери. 2023-жылдын 15-июлу.

Шинжаңдагы казактардын иштери менен менен алектенип жүргөн дагы бир «Атажурт ыктыярчылары» бирикмесинин жетекчиси Ербол Даулетбекулы «Шинжаңда дин эркиндиги мурда деле болбогонун, Кытай өзүнүн мындай саясатын эми жаңы мыйзам менен жаап-жашырып жатканын» айтууда.

— 2017-жылдан бери Кытай Шинжаңдагы геноцидин динге, ал эми динди терроризмге байланыштырып келе жатат. Миллиондогон кишини идеологиянын айынан терроризмге айыптап, лагерлерге жана түрмөлөргө камап, мажбурлап иштетүүдө. Эми Кытай өзүнүн Шинжаңдагы мындай кылмыштуу иштерин мыйзам менен жымсалдап, дүйнө жана эл аралык коомчулук алдында актанууга аракет кылууда. Жаңы мыйзам мына ошондой аракеттеринин бири. Мындан тышкары чет жактан журналисттерди жана блогерлерди алып келип, Шинжаңдагы «бактылуу жашоо» деп көрсөтүүгө аракет кылып жатышат. Бирок Шинжаңда лагерлер, түрмөгө камоолор, мажбурлап иштетүү дагы эле бар. Диний ишмердүүлүк бул мыйзам чыкканга чейин эле көзөмөл алдында болчу, — дейт ал.

ШУАРда дин боюнча Жобо өлкө жетекчиси Си Цзинпин бул аймактагы «исламды кытайлаштыруу» милдетин койгондон кийин кабыл алынды. Былтыр 26-августта Си Цзинпин Шинжаңдын административдик борбору Үрүмчүгө иш сапар менен барып, жергиликтүү бийлик башчыларына «исламды кытайлаштыруу саясатын улантуу» жана «мыйзамсыз диний ишмердүүлүктү көзөмөлдөө» талабын коюп кеткен.

Шинжаңдагы кырдаал 2017-жылы оорлошо баштаган. Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) маалыматына караганда, 2017-жылдан тартып ал жактагы саясий жактан кайра тарбиялоо лагерлерине миллиондон ашуун уйгур, казак жана ислам динин тутунган башка улуттагы жарандар камалды. Эл аралык уюмдар Кытайдын мындай саясатын кескин сындап чыгышкан, бирок расмий Бээжин Шинжаңдагы саясатын «экстремизмге каршы күрөш», ал эми саясий лагерлерди «кесиптик кайра даярдоо борборлору» деп атап келет.

Лагерге отуруп чыккан уйгурлар менен казактар ал жактан түрдүү кыйноого, зордуктоого кабылганын, аларга ар кандай белгисиз дары ичиришкенин жана мажбурлап иштетишкенин айтып беришкен.

Шинжаңдын Куча шаары. 2022-жылдын май айы.

Америка Кошмо Штаттары жана Батыш өлкөлөрү Шинжаңдагы мыйзамсыз камоолорду, кыйноолорду, мажбурлап иштетүүнү жана аялдарды мажбурлап медициналык стерилизациялоону Кытай бийлигинин геноциди жана адамзатка каршы кылмышы деп атап келет.

2023-жылы Human Rights Watch эл аралык укук коргоо уюму Кытай Шинжаңда кысымга алуу саясатын улантып жатканын белгилеген. Бул райондо мечиттердин үчтөн бири жабылып, калган мечиттердин мунараларын алып салышты. Уюмдун маалыматына караганда, бийликтин чечими менен өлкөдөгү мечиттердин баарынын ичиндеги видеокөзөмөл камералары да алынган.

Кытай БУУнун жана Батыш өлкөлөрүнүн эксперттерин Шинжаңга жолотпой келет. Расмий Бээжин бул аймакка өзүнүн көзөмөлүндөгү өлкөлөрдүн гана дипломаттары менен журналисттерин чакырып, түрдүү экскурсияларды уюштуруп турат.

"Эркин Европа/Азаттык" радиосунун казак кызматы.