"Жан дүйнөм мекенге кабатыр". Көлөкөдөгү турмуш

Көргөзмөдөгү эмгектерден элдин турмушун, сөзү менен иши дал келбеген саясатчылардын шайлоо ураандарын, коомдогу оор көйгөйлөрдү көрүүгө болот.  Маселен, эскилиги жеткен үйлөр, имараттар, кара жанын карч уруп күнүмдүк түйшүгүн тартып жүргөн карапайым эл, баткак жолдуу көчөлөрдөгү шайлоонун үгүт такталары жана башкалар.

Жоробаевдин сүрөттөрү Кыргызстандын ар кайсы аймактарынан тартылган. Бул кадрда - 2020-жылы парламенттик шайлоого катышып, кийин добуштарынын жыйынтыгы жокко чыгарылган "Мекеним Кыргызстан" партиясынын үгүт тактасы.
 

Автордун эмгектеринен кандай тыянак чыгаруу көрүүчүнүн өзүнөн. Ошондуктан сүрөттөрдүн темасы жок берилген. 

2020-жылдагы президенттик шайлоо учурундагы үгүт тактасы.

Алимжан Жоробаев бул эмгектери менен өлкөнүн тарыхый жолун тартканын жана кандай максатты көздөп мээнет кылганын айтты:

“Бул эмгектерим менен саясатчылардын көзүн ачкым келди. Анткени алардын жалпыга маалымдоо каражаттарына чыккан маегин карасаң, өлкөдө баары жакшы дешет. Сөздөрүнө ишенсең, жашоо керемет, ички дүң продукция укмуш өскөн. Пенсия, айлыктар көтөрүлгөн. А менин сүрөттөрүмдөн келечекке болгон үлбүрөгөн үмүттү көрүүгө болот. Менин башка деле шаңдуу маанайдагы эмгектерим бар. Бирок азыр жан дүйнөм ушинтип мекенге кабатыр болуп турат”.

Алимжан Жоробаевдин “60° көлөкөдө” аталышындагы көргөзмөсү былтыр ал 60 жашка чыкканда уюштурулмак. Бирок каражаттын тартыштыгынан улам бир жыл кечигип ачылды. Көптөн күткөн маданий саамалыкты ага достору быйыл уюштуруп беришти.

2010-жылдагы Апрель окуясы.

Алимжан Жоробаевдин чыгармачыл жолу кинодон башталган. Ал 1980-жылдан 1991-жылга чейин “Кыргызфильм” киностудиясында эмгектенген. Кыргызстан эгемендүүлүккө жеткенден кийин өз алдынча иштөөгө туура келген. 

Социал-демоктраттар партиясынын 2020-жылдагы үгүт тактасы.

Ала-Тоо аянтындагы өрттөлгөн унаа.

Бишкектин көчөлөрүнүн бириндеги китеп саткан жайма базар.

"30 жылдык өмүрүм СССР доорунда өтсө, 30 жылым эгемендикте өтүп жатат. Ошондуктан мага эки доорду салыштырып тартуу кызык болду”, - дейт Жоробаев эки доордун элесин берген сүрөттөрү тууралуу.

Эски борбордук аянт. Намазга жыгылган эл. Лениндин эстелиги.

Кыргызстандын Коммунисттер партиясы 2016-жылы Иосиф Сталинге эстелик тургузуу демилгесин көтөргөн учур.

Жоробаев 1987-жылдан 2018-жылга чейин Кыргызстандан сырткары Орусия, Франция, Италия, Турция, Германия, Кытай баштаган бир катар өлкөлөрдө көргөзмөлөрүн уюштурган.