"Жамгырда" катылган бир доор

Түгөлбай Казаков.

Түгөлбай Казаковдун “Алтын балалык” керемет чыгармасын укпаган, билбеген киши жоктур. Залкардын “Эсимде” өмүр баян эскермесинде алтын балалыктын кызык учурлары баяндалган.

“Азаттыктын” тандамал аңгемелер берүүсүндө “Алтын балалыктын” жаралышын айтып берсекпи деп турабыз.

Калем кудурети

Түгөлбай Казаков балалыгы Таластын баш жагындагы абасы таза, суусу мөлтүр Көпүрө-Базар айылында өткөнүн, андан бийик жерде кийиктер гана жашарын эскерген жайы бар. Акыйкатта да керемет жер, айрыкча дарыяны бойлой созулган ак кайыңдар айылга өзгөчө көрк берип турат.
Негизи музыка өнөрүнө ыктаган таланттардын көбү көргөн-билгенин, сезим туюмдарын кагазга түшүрүп чечилип айта бербейт. Түгөлбай Казаков жалаң музыкага гана байланбай, каламын кара сөздө, акындык, журналисттик, публицисттик жаатта сынаган улуу талант. Анын өнөрү көп кырдуу, көп сырдуу экенин каламдашы Алым Токтомушевдин атайын белгилеген жайы бар. “Эсимде” баянын “Жаңы Ала-Тоо” журналына жарыялап жатканда ал киши чыгармага кыскача баш сөз жазган.

Дагы караңыз Түгөлбай Казаков: "Эл жалгыз "Азаттыкка" таянып калган"

“Айтор бу да Түгөлбай Казаковдун талантынын бир "канаты", универсалдуулугунун бир белгиси деп ойлойм. Түкөң кайсыл ишти болбосун катыра аткарарын аны менен чогуу иштеген кишилер билет. 15 жылга чукул аны менен бирге "Асаба", "Агым", "Алас" гезитинин суугуна тоңуп, ысыгына тоңгон биз жакшы билебиз. Сүйлөсө тилинен мөөрү көрүнгөн, жазса калеминен көөрү төгүлгөн, ырдаса жүрөгүнөн кызыл жалын күү аккан Түкөң чыгармачылыкта: музыкада, поэзияда, журналистикада да ушундай, кайталангыс оригиналдуу, интеллекти бийик. Мына, прозадан да ошондой көрүндү. Ал чыгарган обондор, мисалы мага, бүтүндөй бир поэма, бир трагедиялуу мистерия, каарманы өзү сыяктуу сезилет. "Эсимдеде" турмуштун тең салмагы орногондой, бейпилдик түшкөндөй, ойкуштаган окуя, оорулуу фантазия, жалган пафосу жок, жай, салмактуу айтылган аңгеме-маек, каарманы өзү сыяктуу таасир калтырат”,- дейт А.Токтомушев.

Убакыттын өтүшү, мезгилдин жылышы менен көркөмдүк ажарын жоготпогон, кайра күчөгөн керемет чыгармалар болот. Түгөлбай Казаковдун “Жамгыры” ошондой туундулардан. Анда табият менен пенде баласынын мамыр-жумур аралашып кеткен чиеш байланышы, өкүттүү кайрыктын артында жашоо-турмуштун арылгыс арманы башбактап турат. Анын себеп-жөнү айылда калган алтын балалыкка, өмүр менен өлүмдүн эзели ажырашпас байланышына барып такалат.

Түкөң бешикте жатканда атасы өтүп, чиедей жаш балдары менен жесир калып жаткан апасын, боконосу ката элек балдарын карап дүйнөдөн эрте кетип аткан армандуу атасы “беймарал уктап жаткан” балдарын карап: "Оо, шордууларым ай, шордууларым!" – деп, өксүп атпайбы. Жетимдиктин азабын тартып эрезеге жетип, жашоо-тирдиги жолго түшүп калганда, эр ортонунан өтүп-өтпөй жарыкчылыктан кетип атса күйөт да.

Армандуу дүйнө деген ушул, каргадай кезинде атасынын башына түшкөн жетимдик балдарына туш келгени менен кабыргасы ката элек зирек жандар экен, баары тагдырдын оор сыноосуна баш бербей, биринен экинчиси акылдуу, улуусунан кичүүсү мыкты чыгып атпайбы. Табият бул жагынан үчөөнө тең чанда бир пенделерге ыроолочу шыбагасын аябай берген экен.

Дагы караңыз Түгөлбай Казаков: Адамдын эмгегин көзү тирүүсүндө баалаш керек

“Атамдан айрылганда апам 32де, Эсен байкем ондо, Аман агам алтыда, мен беш айлык экенбиз. Ал киши: "Кудай ушу үч баламан айтсын" деп, турмушка чыккан жок. Өмүрүн, жаштыгын бизге арнады. Тирилике үйрөткөнү менен ыбырсыган көртирилике бастырган жок. Дайыма: "Окугула, адам болгула. Силерге арам жакпайт. Тукумуңарда жок. Сиңбейт. Бирди алсаңар бештен ажырайсыңар. Дүнүйө эмне экенин көрбөдүкпү…", – дечү.

Атам: "Бир кезеги келгенде, казы, карта, жал жедим. Бир кезеги келгенде, жата калып кар жедим…" – деп "кулак" болуп кетиптир”.

Балдардын улуусу Эсен байке инилерим окусун деп атасынан калган журтту ээн калтырбай айылда иштеп, айылда жашап, экинчиси Аман Токтогулов таасын сынчы, таанымал акын, мыкты котормочу катары аты чыгып, каламдаштарынын алдыңкы сабында келе жатканда капыс ажалга алдырып, эртелеп бул дүйнөдөн кетип калганы да бир арман болуп калды.

Кыштакбек казалчы

Үч бир тууганга улуу өнөрдүн бирдей энчиленип калышынын себепкери энеси, таятасы Кыштакбектин зор таланты болгон окшобойбу.

“Таятам казал жазган, комузду, анан эмнегедир казактын домбрасын безилдете черткен киши болуптур. Ырдабаптыр. Жазган казалдарын жыйнап-жыйнап, уукка кыстарып койчу экен.
Кийин аны кулакка тартабыз деп эки жигит келбейби. "Байсың, Совет өкмөтүнө каршысың, камайбыз, тап душмансың", тара-пара дешкен го. Ошондо таятам балдарын сооротуп: "Мени Олуя-Атага чейин (азыркы Тараз, биздин айылдан 200 чакырым алыс) айдап баргыча бу жигиттердин курсагы ачат, тамак даярда", – деп таенеме казан астырат. Аңгыча жигиттердин бири: "Тигилер эмне?", – деп ууктагыларды көрсөтөт. "Ал менин казалдарым" дейт таятам. "Совет өкмөтүнө каршы жазылган да, ээ?", – дейт тиги. Таятамдын ачуусу келип, ууктан бир түрмөгүн жулуп алып:

"Каяктагы совет өкмөтү?! Ме, окубайсыңарбы", – деп тигилерге сунат. Ал экөө тең кашайып кат тааныбаган немелер экен: "Тиякка алып барып тапшырабыз, ошондо көрөбүз эмне жазылганын", – дешет. Таятам аларга өмүр-өлүм жөнүндө бир-эки казал окуп берет да, машиненин фарасын тиктеген койдой маңырайып отурган кебетелерин бир аз карап туруп, анан ырларын жыйнап, күйүп жаткан отко бир барактан таштап отуруп өрттөгөн экен.

Дагы караңыз Токтогул сыйлыгы: талант менен таасирдин талашы

Артында: "Кат тааныган бир урпагыма жетсе болбойт беле", – деп үнү каргылданып кетти дейт. Балдарынын маңдайынан жыттап-жыттап алып кете бериптир. Ошону менен казалы да калбай, домбрасынын да үнү өчүптүр… Каерде атылып, каерде көмүлгөнү белгисиз...”, - деп арман менен эскерген.

Таятасы совет өкмөтүнүн тап душманы делинип камакка алынгандан кийин дарек-дайыны билинбей жок болгон. Таенеси заман түрүн көрүп бир уул, бир кызын жетелеп Бишкектин үстүндөгү төркүндөрүнө келген. Алар да "кулактын тукумдарына" камдалган катаал турмушка кабылып, ал киши да бул жарыкчылыктан эрте кете бериптир. Тагдырдын дагы бир тамашасы, Түкөң айылына кетип баратып казак талаасынан таятасынын урпагына жолугуп атпайбы.

“...Тагдыр эки адамды кошпойм десе, жөөлөшүп турган жеринен адаштырат да, жолуктурам десе, жердин түбүнөн айдап келип көрүштүрөт тура... Мен Таласка баратканда дайыма Меркеге токтоп өтөөр элем. Аерде таанышым деле жок. Калаанын көрө турган деле эчтемеси жок. Токтогондо кыйратып кылар ишим да жок. Эстекем ырдагандай, кетейин десем кетким келбей, кандайдыр бир күч мени жибербей, бирде жок издегенсип эл аралап, бирде бирөөнү күткөнсүп чай ичип отурчумун. Бир ирет жөнөй берерде бир карыя: "Карагым, Жамбылга чейин ала кетсең кантет?" – деп калды. "Ала кетейин, отуруңуз", – дедим. Жетимиштерге барып калган экен. Турмуш сыртын жулмалаган менен көкүрөгүн алалбаптыр. Жупуну кийинип алып эл аралап жүргөн падышадай эле сүйлөп келатат”.

Жолдо келатып эл-жерди сураштырып отуруп машинеде келаткан аксакалдын “атасы атактуу бай болгонун, жайкысын Суусамырга баратканда айылдагы атасынын Кыштакбек деген досунукуна бир-эки күн өргүп, анын казалдарынан угуп, домбрасын эшитип жүрүшкөнүн айтып, ал кезде тестиер бала” экенин эскерип атпайбы.

Ошол жерде Кыштакбектин небересин “кайран карыя кайра-кайра бооруна кысып, улам тиктеп, улам кучактап бирдеме айткысы келип айталбай, үнү каргылданып, жашып кеткен эле... Совет өкмөтү булардын да талканын чыгарыптыр. Атасын камап, малын ортого алып, бала-бакырасын Өзбекстандын чөлүнө ыргытып, өзбектердин малын кайтартып коюптур. Аяктан 62-жылы араң дегенде Чымкентке келишиптир. – Мага баары түш сыяктуу болду да калды, карагым! – деди, аягында”.

Казалчы Кыштакбектин дагы бир небереси акын, сынчы, котормочу Аман Токтогуловдун көркөм сөзгө кызыгуусу бала кезинен башталган экен.

“Аман китеп эле окуй берчү. Биздин мектептин китепканасын толук окуп чыккан ошол гана болду. Кийин көбүбүз аракет кылдык, бирок аягына чыга албадык. "Мектептин дубал гезити Амандын учурундагыдай болгон жок" деп калышат. Колхозчулардан бери келип, жарданып окуп, күлүп жатышкандарын көрөр элем.

Дагы караңыз Таласта акын Аман Токтогуловду эскеришти

Аман кичинесинде эле намыскөй болчу. Бир жолу экөөбүз райборборго барып, туугандарыбыздын үйүнө конуп калдык. Жатарда бир нерсеге алаксып калсам керек, Аман:

– Бол, жат, киши келе электе, – дейт.
– Эмне болду? – десем.
– Карабайсыңбы алдагыны! – дейт.

Көрсө, менин тиземен ылдый түшкөн, далбайган өтө эле чоң турсимен уялып жатыптыр.

Мектепте драма ийрими уюшулуп, Аман бир хандын ролун аткарып калды. Мен эң алдында отургам. Чалдын чапанын кийип, аппак сакал тагынып, олуттуу басып келатса, тааныбаптырмын. Үнүн укканда: "Э-э, Аман!" – деп кыйкырып, каткырып жиберип, кайра уялып, кыпкызыл болуп, эки колум менен оозумду баса калып, коркуп, бир кызыктай болуп отуруп калдым. Бир кезде, ролу ошондой экен, ачууланып, каарданып, өңү кубарып, жанындагыларды каарып кирди. Мени урушуп жаткансып, томсоруп эле отуруп калдым. Ал акыркы сөздөрүн айтып, этектерин далбактатып, шарт-шарт басып чыгып кеткенде залдагылар дуулдатып кол чаап жиберишти. "Картайса ушундай чал болот турбайбы", – деп мен отурам, сыймыктанып.

Кайран жигит, картайбай калбадыбы…”

Комуз

Ал эми музыкага жан оту менен берилип кеткен Түкөң өзү алты жашында тамга таанып, жазганды, эсепти үйрөнүп алган экен. Анан сезимтал баланын кирсиз таза дүйнөсү жайлоонун жыргалына батып, комуз күүсүнүн кереметине арбалып, сыйкырдуу өнөргө кирип кетип атпайбы.

“Шапата уруп шаркыраган Каракол суусу жаштыктай аласалып, урунуп-беринип, каякадыр далбастап шашып-бышып, чакаңды колдон талашып кетип аткан болот (барар жери да, өлөр жери да Казакстандын чөлү экен, бечаранын). Аны жээктеп жалгыз ойногонду, ырдай эле бергенди жакшы көрчүмүн. Чемирчек, конок, бүлдүркөн, жалбыздар, тоосуна чыксаң кымыздык, ышкын,чие, карагат, эмне гана жок! Апам: "Таңдын атканын, күндүн алгачкы нурун көргөндөр бактылуу болот", – деп коёт. "Тээтиги чоку бактылуу болсо керек", – деп ойлойм.

Жайлоонун баары жакшы дечи. Бирок менин балалыгымды катып жаткан Караколдун кадыры мен үчүн башкача”.

Балалыктын өзү керемет, анын кирсиз таза дүйнөсү табияттын кереметине туш келип калса ичте буккан өнөр баары бир серпилип чыгат экен. Андайда өкүнүч, арман, кайгы, капа четке жылдырылып, табият койнундагы балалыктын өнөр ышкысы башталат тура. Обондун жаралышына кадимки эле тоонун жамгыры, күн сайын бир себелеп өтчү жайкы жаан себепкер болгону чыгармада кенен чагылдырылган.

“Жайлоодо жамгыр менен достоштум. Ал башталганда мен жылаңаяк чуркайм, дөңдөн дөңгө. Аягы мөндүрлөп кетет да, титиреп үйгө келем. Апам боз үйдүн эшигин түрүп, чердейген курсагымды тойгузуп, чапанын жаап жаткызып коёт. Урушпайт. Аркы өйүздөгү жол салып жүргөндөрдү, күмүш капталын шамалга жаркылдатып, деңиздей толкуп жаткан бетегелерди карап, жамгырдын жанды мемиреткен дабышын тыңшап, миң түркүн кыялдарды аралап жүрүп уктап кетем”.

Ошондой жайлоо жыргалдарынын биринде Жылкычы окуудан келгенин угушат. Жайлоо театры деген ушул, анын үстүнө бул Жылкычы “Атай айткандай, "киңкилдетип тыңкылдатпай, ташка тамга баскандай, Аккуланы чапкандай…" шартылдатып, кол ойнотуп черткен киши экен. Айылдагылардын моокумун кандырды”, Түкөңдү болсо "жинди" кылды.

Дагы караңыз Түгөлбай Казаков - "Элегиянын султаны"

Черткен күүлөрү кулагында жаңырып, акырындап көкүрөгүнө уюп, чыгармачылыктын бир белесине көтөрүп чыгарып койду. Бийик нерсе ошондой жөнөкөйдөн башталат. Баланын жан дүйнөсүн комуз менен күү ээлеп, эстеп калган кайрыктарды үнгө салып кайталап, чуркаса "Маш ботой" эсинен чыкпай, дүйнө, айланасындагы керемет көрүнүштүн баары бир үнгө, ыргакка салынып, кайталана берет. Анан өмүрдө чанда бир кездешчү маани-мазмунун сөз менен сыпаттап бериүүгө мүмкүн болбогон зор окуя болуп өттү:

“Көп узабай жайлоодон Асылбек Эшмамбетов деген залкар комузчуну көрдүм. Балыктын кумарынан төмөнкү айылга түшүп кетипмин. Суу боюнда, бир топ кишинин ортосунда комуз чертип отуруптур. Сары чий калпак кийген, арык киши экен. Мага эмнегедир дайыма ачка жүргөн кишидей көрүндү.

Бир топ күү чертти. Манжалары торгойдун канатындай дирилдеген кишини биринчи көрүшүм. Өзгөчө өзүнүн "Айдама ботой" деген күүсүн черткенде, оң колунун манжалары көрүнбөй эле калат экен. Андан кийин андай ылдам черткен кишини көргөн жокмун. Ал жагынан акыркы могикан болгон окшойт.

Бир кезде "Ак Мөөрдү" айтты. Алгачкы таасирби, же чынында эле ошондойбу, айтор, анысын да эч кимге салыштырып болбойт эле. Үнүндө адамды кишендеп турган сырдуу бир муң бар болчу. Күүгүм түшө баштаганда:

– Караңгы киргенче Карагул ботомду айтып берейин, – деп калды.

Улам кымыздан ууртап коюп айтып жатат.
Көзүң кашайган чал, Карагулду ыргыта атып, салбырата башын кучактап, сайды башына көтөрүп заңкылдап: "Кайра ала турган болгон соң, муну эмне мага көргөздүң?!", – деп, Жаратканды жакадан алып, муунтуп киргенде, айрымдар бышактап ыйлай башташты”.

Кылым карыткан күүлөрдү угуп, музыка дүйнөсүнүн сыйкырына арбалган бала комуз менен “ооруп” калды. Ал кезде комуз азыркыдай кенен-кесир сатылбайт. От жакса көсөөнү чертет, басса-турса чыбыкты чертет, комуз издеп кошуна айылга кирип кетип, бош жаткан сарайга "концерт коюп" ийген да күнү болду. Чертмекти кийин төртүнчү класста окуп жүргөндө колуна алды. Ал кубанычты айтып бериш кыйын. Алтын балалыктын эстен кеткис керемети ушул тоо менен комуз болду окшойт.