Жалгыз бой эне алсыз эмес

Айнура балдарына кечки тамагын берип жатат.

Мамлекеттик каттоо кызматы 2019-жылы өлкөдө 10 миң 995 ажырашуу фактысы катталганын билдирген. Ажырашууга арыз эң көп берилген аймак – Бишкек шаары.

Укук коргоочулар соңку жылдары жалгыз бой энелер көбөйүп, балдардын аталарынан алимент өндүрүү маселеси да көйгөй жаратып жатканын белгилейт. Жалгыз бой энелер көпчүлүк учурда жакын туугандарынын жана коомчулуктун сынында, эч кандай колдоосу жок калат. Алар мамлекеттен ар бир баласы үчүн айына 800 сомдон жөлөк пул алат. Бул сумма баланын бир күндүк тамак-ашына да жетпейт. "Азаттык" Кыргызстандагы жалгыз бой энелер тууралуу фото баяндарды сунуштайт. Биздин алгачкы каарманыбыз Айнура Жарманбетова.

Айнуранын баяны

Менин аты-жөнүм Айнура Жарманбетова, 32 жаштамын. Эки уулум, бир кызым бар. Тун уулум 10 жашка чыкты. Кичинекей уулум эки жарым жашта. Азыр балдарым менен Бишкекте батирде турам.

Бир жарым жыл мурун үй тазалаган клининг компания ачкам. Компанияма жалаң жалгыз бой энелерди жумушка алгам. Себеби, мен алардын жашоосун жакшы түшүнөм. Мен дагы жалгыз бой энемин.

Айнура бүгүн балдарына оромо жасады.

18 жашымда күйөөм ала качып кеткен. Анда мен Бишкекте колледжде биринчи курста окуп жаткам. Шаардан Таласка тойго барган элем. Жолдошум ошол жерден мени бир эле жолу көрүп, ала качып кеткен.

10 жыл чогуу жашадык. Үч балалуу болдук. 10 жылда ар кандай күндөр баштан өттү. Ажырашканыбыздын себеби көп.

Кыргызда үй-бүлөдө кыз кишини көп колдошпойт да. "Апа, чарчадым, ажырашам" десем, апам “кой, жаша, элге уят” деп жүрүп, 10 жыл өмүрүм кемсинтүү, зордук-зомбулук менен өттү. Баарын таштап, үч баламды көтөрүп үйдөн чыгып кеттим. Баарын нөлдөн баштадым.

Балким, 10 жылдык өмүрүмдү билимге, окууга арнасам азыр жашоом башкача болмок беле, ким билет?..

Ажырашкандан кийин жумуш табуу абдан кыйын болду. Жакшы жумуш тапсам, убакыт-сааты мага такыр туура келбеди. Балдарым жаш болгондуктан, аларды таштап иштей албайт элем. Анан жогорку билимим жок болгондуктан да жакшы жумуштарга алышпайт экен. Мамлекеттик жумуштардын айлыгы аз. Ал айлыкка үч баланы кантип багам?

Бир күнү жумуш издеп жүрүп чөнтөгүмдү карасам 5 сом калыптыр. Үйгө жөө келдим. Аябай ыйладым…

Айнура жумуш учурунда.

Андан эртеси эле бир тааныш эже чалып, жумушка чакырды. Барсам тогуз кабат үйдүн подъездин жууйсуң деди. Сүйүнүп кетип, эртеден кечке чейин жуудум. Азыр акчасы көп эле болот го деп сүйүнүп жаткам. Бирок мага эмгегим үчүн 300 сом эле беришти. Ушунчалык ыйлагым келди…

Үйгө келип, түнү менен уктабай ойлонуп чыктым. Анан өзүм үй тазалаган компания ачууну чечтим. Алгач тажрыйба топтош үчүн тааныш эжеге жалданып иштедим. Ал эженин жардамы менен өзүм да Инстаграмдан баракча ачып, кардар таап, иштей баштадым…

Биз негизинен үйдү толук жууп, тазалап чыгабыз. Мени менен үч келин анан бир бала иштейт. Ар бир иштин ыгын таап алсаң эле, оокат кыла берет экенсиң.

Айнура жумуштан үйгө бара жатат.

Башында кыздар болуп баарын колго жууп чыкчубуз. Иштеген акчамды чогултуп, жакында эле атайын буу менен иштеген чаң соргуч сатып алдым.

Азыр жумушубуз кыйла жеңил болуп, кардарларыбыз да ыраазы болууда. Мурун бир үйдү эртеден кечке жыйнасак, азыр 4-5 саатта жууп, тазалап чыгабыз.

Айнура таң эрте кызын бала бакчага алып жөнөдү.

Бул иштин жакшы жери, мында мен балдарымды карап, кызымды бала бакчага, баламды мектепке жөнөткөнгө үлгүрөм. Акчасы дагы жакшы. Болгону башкаларга караганда көбүрөөк иштейм. Кээде күнүнө эки-үч саат эле уктаганга туура келет.

Себеби, күндүзү иштесем, түнү кардарлардан түшкөн эртеңки буюртмаларды иреттеп, баламдын сабагын текшерем. Эртеңки иштин планын түзөм.

Кол астымда жалгыз бой энелер гана иштейт. Арасында алты балалуу келин да бар. Бул жумуш аларга дагы ыңгайлуу. Иштеп, дароо акчасын алып кете беришет.

Айнура дипломдорун көрсөтүп жатат.

Эки жыл мурун окууга тапшырып, окуп баштадым. 10 жылдай иштебей, окубай бала менен үйдө отургандан кийин биринчи жолу медицина боюнча кыска курстан өттүм. Андан кийин тигүү курсунан окудум.

Башында кантип окуйм деп корктум. Бирок окугандан кийин аябай жагып калды.

Бир жыл мурун Айнура кийим тигүү курсун аяктаган. Азыр кошунасынын цехине келип өзүнө көйнөк тигип жаткан учуру.

Азыр үйүбүздүн жанындагы чакан цехке барып, өзүмө, балдарыма кийим тигип алам. Буюрса атайын кийим тигүүчү цех ачкым келет.

Айнура акыркы эки жылда эле үч кыска курсту окуп бүткөн.

Келечекке койгон максаттарым өтө чоң. Буюрса дагы окуп, ишкердик жаатында билимимди өнүктүргүм келет. Ишканамды кеңейтип, дагы жумуш орундарын түзүп, мага окшогон жалгыз бой энелерге жардам бергим келет. Албетте, ал үчүн көп окуп, жакшы иштеш керек.

“Эмне үчүн ата-энелер чогулушуна келген жоксуз?”. Айнуранын улуунун күндөлүгүндөгү мугалимдин жазуусу.

Азыр компаниябыздын иши жүрүп, кардарларыбыз көп. Мындан улам көп иштегенге туура келет. Кээде баламдын мектебиндеги иштерге активдүү аралаша албайм. Бирок баламдын сабактарын жасаганга жардам берип, окуусуна көңүл буруп турам. Башкысы балдарым бул жашоодо өз ордун тапса экен деп тилейм. Эч нерседен кем болбой чоңоюшса экен...

Кыздарга, келиндерге, аялдарга айтаарым, коркпогула! Балдарым атасыз калат деп дагы өзүңөрдү жемелебегиле. Баарын кайрадан, башынан баштагандан эч качан коркпогула. Өмүр бою зордук зомбулукта жашагандан көрө жакшы жашоону жалгыз эле издеген жакшы.

Чынын айтсам, мен күйөөм менен ажырашкандан кийин гана өзүмдү карап, боёнуп, косметика колдоно баштадым. Анткени мурун косметикага же кийим алганга акчам жок болчу. Күйөөмдөн акча сурасам “боёнуп эмне кыласың?, ким үчүн боёносуң?” деп акча берчү эмес.

Айнура машыккан залдардын бири.

Азыр эми өзүм иштеп, акча таап, өзүмө өзүм кам көргөндү үйрөндүм. Денем-башымды карап, спорт менен машыга баштадым.

Айнура күн алыс залга келип машыгат.

Жумасына үч жолу залга келип машыгып, чуркап турам. Залга келип машыкканда 10 жыл аралыгындагы күйөөмдөн жана кайын журтумдан уккан кемсинтүүдөн, зордук-зомбулуктан арылып, өзүмө жаңы, жакшы энергия алгандай болом. Өзүмө ишенүү пайда болот.

Чынын айтсам, мен ажырашкандан кийин өзүмдү өзүм сүйгөндү, өзүмө кам көрүп, өзүмдү өзүм бактылуу кылганды үйрөндүм. Көрсө, бакыт үй-бүлөдө же күйөөдө эмес экен. Бактылуулук өзүңдө, жүрөгүңдө экен…

Бир убакта балдарым чоңоюп, турмушта өз ордун таап, баштан өткөн кыйынчылыктар артта калып, ийгиликке бийиктен карайм деп кыялданам… Алдыга койгон максаттарым чоң.