Жайлоодогу ФАП, бүтпөгөн оорукана
Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.
Токтогул районунун Тер-Жайлак жайлоосунда Сары-Камыш айыл өкмөтүнүн кызматкерлери жана фельдшердик акушердик пункт көчүп барып, калкка кызмат көрсөтүшөт. Алар эски вагонду кеңсе катары пайдаланышууда. Токтогул районунун борборунан 180 чакырым алыс жайгашкан Сары-Камышта беш жыл мурда курулушу башталган оорукананын имараты толук бүтө элек. Алысты аймакта дарыгерлер да жетишпейт.