Жаактан балерина, териден маңкурт. Нарындын өнөрпоздору

Бул койдун баш сөөгүнөн жасалган чакан айкелдин автору скульптор Бакыт Мусаев. 

"Бир жолу жаак сөөк ушундайынан жатып калды. Мага балеринанын буту көрүндү. Анан бир нерсе жасап көрөйүн деп ойлонуп, жасадым. Жыйынтыгы ушундай болду. Сөөктөн деле жакшы бир нерсе жасап койсо болот", - деди автор. 

 

"Балерина". Бакыт Мусаевдин айкели. 

Көргөзмө Гапар Айтиев атындагы көркөм сүрөт музейинде өтүп жатат. Бул көргөзмөнү көрүүнү каалагандар декабрдын аягына чейин баш бакса болот.

 

Скульптор Бакыт Мусаев бул көргөзмөгө ондон ашык эмгегин койгон. 

Көргөзмөдө живопись, графика, скульптуралык жана ар кандай жанрды камтыган эмгектер коюлган.

Кол өнөрчү Сагын Дедиеваныны териден жасалган "Укчу" аталышындагы эмгеги. Сагын Дедиева 30 жылдан ашуун тери менен иштейт. 

"Кол өнөрчүлүктө аялдардын орду чоң. Анткени шырдак, ала кийиз, тери дагы башка далай нерселер аялдардын колунан чыгат. Бул көргөзмөгө бир нече эмгегим коюлду. Менин устатымдын да эмгектери коюлган", - деди Дедиева 

Асанбек Жакыпбаевдин мүйүздөн жасалган "Кыргыз көчү" эмгеги. 

"Нарындык сүрөт чеберлеринин көргөзмөсү деп өткөрүп жатабыз. Бирок бул Нарын, Талас же Ош деп бөлүнүү эмес. Буга чейин оштуктар башташкан, андан кийин көлдүк сүрөтчүлөр өткөрдү. Салт катары биз да улантып атабыз. Бири-бирибиздин эмгектерибизди көрүү, тажрыйба алмашуу десек болот. Анткени мындай аянтча көп боло бербейт. Биринчи ирет катышкан өнөр ээлери бар. Көргөзмөгө катышкан авторлордун көпчүлүгү үйүндө эле иштеп, эмгектерин чет жакка сатышат. Мына ошолордун эмгектерин кыргыз өнөр сүйүүчүлөрүнө көрсөтүү", - деди уюштуруучу Залкар Эсенканов.  

Сүрөтчү Ишенбек Чалановдун териден жасалган "Маңкурт" аттуу эмгеги.

Тилек Молдокеев Жумгал районунун Байзак айылында мугалим болуп иштейт. Ал бул көргөзмөгө 1997-2001-жылдары тартылган сүрөттөрүн койгон. 

"Сүрөттөрүм биринчи жолу көргөзмөгө коюлуп жатат. Өзүм сюрреализм жанрында тарткам. Архитектормун, мектепте сүрөттөн сабак берем. Буюртма менен кайрылгандарга эскиздерди жасап, пейзаж жана башка жанрларда сүрөт тартып берем. Бирок менин жанрым сюрреализм. Көргөзмөдө көп сүрөтчүлөр менен тааныштым. Мага өзүнчө эле шык-дем болду", - деди ал. 

Тилек Молдокеевдин "Үй-бүлө" деген эмгеги. 

 

Скульптор Бакыт Мусаевдин эмгеги. Автор бул эмгеги менен коомдогу болуп жаткан окуяларды көрсөткүсү келген. 

Бишкекте 60ка жакын сүрөтчү, кол өнөрчүлөрдүн, айкелчилердин "Туулган жерим, асыл бешигим" деген аталышта көргөзмөсү өтүүдө. Көргөзмөгө жалаң Нарындан чыккан өнөр ээлеринин эмгектери коюлган. Картиналардан сырткары жыгач, тери, кийиз, айнек, таштан жасалган оригиналдуу кол эмгектерди көрүүгө болот.