Зайырбек акын азыркынын Алыкулу эле...

Акындын калеминен «Жалгыздык» (1996-ж), «Мелмил» (2005-ж), «Нөлү көп жылдар» (2011-ж), «Жүрөктөгү бороон» (2019-ж.) ыр жыйнактары жарык көргөн. Бир нече ырларына обончу-композиторлор обон жаратып эл арасында белгилүү болуп ырдалып калды.

Зайырбек Ажыматов 1976-жылы 27-майда Жалал-Абад облусунун Аксы районунун Ак-Жол айылында туулган.

"Зайырбек Ажыматов "Азаттыкта" 2014-жылдан бери иштеп келе жаткан. Ал "Азаттык" үчүн чоң табылга болгон". Акын жана журналист Бурулкан Турдубек кызы Сарыгулова. 

Зайырбек Ажыматовдун досу, акын Мирлан Самыйкожо: "Бизди байлык, бийлик тааныштырган эмес, Бизди чыгармачылык тааныштырган. Элмирбек менен Зайырбек - кош канат учуп кетти. Кечээ бүгүнкү замандын Токтогулу кетсе, бүгүн бүгүнкү замандын тирүү Алыкулу кетти".

Кыргыз Эл акыны, «Азаттыктын» журналисти Шайлообек Дүйшеев: "Бизде адабиятта жазышат, таланттар тобу менен келет деп. Тобу менен келгени жакшы, бирок кайра тобу менен кетип калганы жаман болуп жатпайбы".

"Азаттыктын" баяндамачысы Жыргалбек Касаболотов, Бекташ Шамшиев (ортодо) жана акын Айсулуу Көкөева. 

"Биз Зайырбек Ажыматовдой таланттуу, ойчул, баарын өзүнүн мээсинен өткөрүп анализдеген, Зайырбектей сөз баккан, кыргыз тилин барктаган, баптаган замандашыбызды жоготуп отурабыз. Зайырбек "Азаттыктын" архивине өзүнүн эмгектеринен алтын фонд калтырды". "Эркин Европа/Азаттык" радиосунун кыргыз кызматынын жетекчиси Венера Сагындык кызы.

Жазуучу Олжобай Шакир: "Акын элдик кенч. Элдик кенч болгон Зайырбекти жана анын эмгектерин жамы-журтка жайылта турган кыргыз адабиятынын сыймыктуу өкүлү".

Жогорку Кеңештин депутаты Рыскелди Момбеков​: 

Акыл - нөл, жан дүйнө - нөл, санаам да нөл,
Сүйүү – нөл, досчулук – нөл, адам да нөл.
Жылдар – нөл, өсүү болбой тегеренген,
Ырлар - нөл, окурман – нөл, заман да нөл.

"
Зайырбек төрт сап ыры менен бүгүнкү биз жашап жаткан доордун ачуу чындыгын ачып салган". 

Маркумдун сөөгү 1-майда Бишкектеги «Ала-Арча» көрүстөнүндө жерге берилет. Коштошуу зыйнаты ушул күнү «Дордой» конушунда жайгашкан үйүндө саат 09:30да башталат.

Акын Айсулуу Көкөева. 

Чебер калемгер, чыгаан акын, публицист Зайырбек Ажыматовду эскерүү кечеси "Азаттыктын" кеңсесинде өттү.