«Зайырбекмин, ысымы бар, өзү жок, закымдарды кууп жүрүп адашкан»

Төрт үмүтүм, төрт тилегим, кубатым,
Төлгө таштай көз алдымда турасың.
Төртөөңдө төрт бөлүнгөн мен бармын,
Төп болсо экен абийир, намыс, уятың.

Өлбөйм эми, өтөт жаным силерге,
Өзүңөрдү жан, дил менен сүйөргө.
Көңүлүмдү сыздаткыңар келбесе,
 Көппө, чөкпө, душманга да түнөрбө, - деп Зайырбек Ажыматов балдарына ыр арнаган эле.

Зайырбек Ажыматов маркум Элмирбек Иманалиевдин чыгармачылыгынын 20 жылдыгына арналган кечеде. 17-ноябрь, 2013-жыл. 

Зайырбек Ажыматов "Жалгыздык", "Мелмил", "Нөлү көп жылдар", "Жүрөктөгү бороон" ыр жыйнактарынын автору.

Зайырбек Ажыматов, Элмирбек Иманалиев жана Алтынбек Максутов. Ош шаары, 2013-жыл.

Журналистикадагы эмгек жолун 1998-жылы «Асаба» гезитинен баштап, «Кыргыз Туусу», «Бишкек таймс» гезиттеринде, КТРКнын радио тармагында, «Жаңы Агым» гезитинде иштеген.

Акыркы жылдары Зайырбек Ажыматов «Азаттык» радиосу менен маданий темадагы макала, баяндарды даярдап, кызматташып келе жаткан. 

Зайырбек Ажыматов Элмирбек Иманалиевдин чыгармачылыгынын 20 жылдыгына арналган кечеде досуна арнап ыр окуп жаткан учуру. 17-ноябрь, 2013-жыл. 

Акындын артында жубайы, эки уул, эки кызы калды.

«Азаттыктын» кабарчысы, акын, Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер Зайырбек Ажыматов 29-апрелде 44 жашында дүйнөдөн кайтты. Акындын артында жубайы, эки уул, эки кызы калды.