Караколдогу стационарга айылдан келгендер көп

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Караколдо эки жерде уюштурулган күндүзгү стационарларга күнүнө 300гө жакын адам кайрылууда. Аларга болгону 15 медицина кызматкери кызмат көрсөтүп жатат. Стационарларга өзгөчө жакынкы айылдардан келгендер көп. Ыктыярчы жаштар медиктерди колдоп, тамак-аш, дары-дармек ташып жүрүшөт.