Ысык-Көлгө жейрендер кайтып келди

Өткөн жылдын сентябрь айында Кыргызстанга Өзбекстандан жейрен алып келүү жөнүндө келишим түзүлгөн. 

Жейрендердин саны 50гө жеткенде алар тышка ээн-эркин коё берилет.

Кыргызстандын “Кызыл китебине” киргизилген жейренге аңчылык кылууга тыюу салынган.

Мындагы жейрендерге сегиз ай болду. Эки жылдан кийин төлдөй баштайт.
 

Жейрен Казакстанды, Орусияны, Өзбекстанды жана Иранды байырлайт. Бирок Кыргызстанда бул жаныбардын аягы совет мезгилинде кыскара баштаган. 

Улуттук илимдер академиясынын Биология институтунун лаборатория башчысы Аскар Давлетбаков 1950-жылдан тарта бул жаныбар Кыргызстандын аймагында жок болуп кеткенин айтат. 

Кыргызстандын шартында жейрендин биологиясы толук изилденген эмес. Шагылдуу жана чополуу, өсүмдүктөрү сейрек чөлдөрдө таралган. Түздүү же дөбөлүү талааларды байырлайт.

Жапайы жаратылышта 25-30 баш болуп жүргөн жейрендер Кыргызстанга өткөн жылдын октябрь айында алып келинген. 
 

Жейрен өтө сак, көзү курч жана сак кулак келет. Улагын 5,5-6 айга жакын көтөрүп, апрелдин аягынан тартып июлдун башына чейин төлдөйт. Жейрен улагын үч айга жакын, кечирээк туулганын күзгө чейин эмизет.

Жейрендин жашоо-шартына өзгөчө Ысык-Көлдүн Тоң району туура келет.

Тынчтыкты сүйгөн бул жаныбарлар тегереги зым тор менен курчалган жерде кармалат. Бул аларды жырткычтарга жем болуудан коргойт.

Жейрендерге күнүнө эки маал тоют берилет. Алар жүгөрү жана арпанын майдаланган аралашмасынан жем, чөп жана сабиз жешет. 

Мында азыр 10 ургаачы жана беш эркек жейрен бар.

Өзбекстандын Бухара облусундагы атайын жейрен баккан коруктан алып келинген жейрендер жем жеп жатат. Жаныбарлар аларга жем-чөп берген Камчыбек Ашырбаевди жакшы таанып калган. 
 

Адистер жейрендер бат эле жергиликтүү климаттык шартка ыңгайлашып кеткенин айтат.
 

Азырынча жапайы жаратылышка көнө элек жейрендер кармалып турган жердин аянтын беш гектарга чейин кеңейтүү планы каралып жатат. Бул план дагы эл аралык долбоорлордун каржылык колдоосу менен ишке ашмакчы.
 

"Кызыл китепке" кирген жаныбарларды көбөйтүп, акырындык менен өлкөнүн башка аймактарына да кое берүү планы бар.

Адистер ушул тапта Казакстандан да жейрен алып келүүнү макулдашып жатат.

Ысык-Көлдүн Тоң районунда Өзбекстандын Бухара облусунан жеткирилиген жейрендер багылууда. “Кызыл китепке” киргизилген жаныбарга аңчылык кылууга тыюу салынган. Сейрек жаныбарды көбөйтүп, акырындык менен өлкөнүн башка аймактарына да кое берүү планы бар.