Ышталган чучук, арпадан чай. Айымдар ойлоп тапкан жаңы даамдар

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

“Бир айыл - бир өнүм” долбоорунун алкагында Кыргызстандын айыл-аймактарында жашаган жигердүү жарандар чакан ишкерликти башташууда. Бири чучукту ыштап, сый тамактын жаңы түрүн жасап жатса, башкасы сүзмөнү түрдүү өсүмдүктөрдүн аралашмасы менен кайнатып, кыям чыгарууда. Айрымдары болсо жүндү экологиялык таза боёктор менен боёп, түрдүү буюм-тайым, оюнчуктарды жасашат.