"Ынтымакты" имараттан чыгаруу аракети

Телеканал Ош шаарындагы Нурматов көчөсүндөгү имараттын төртүнчү кабатында жайгашкан. 15-сентябрь, 2021-жыл.

Оштогу “Ынтымак” телеканалын азыркы отурган имаратынан чыгаруу аракети болууда. Журналисттер муну алардын ишине атайын жасалган тоскоолдук катары баалады. Имараттын ээси "Кыргызжылуулукэнерго" мамлекеттик ишканасы телеканал жыл башынан бери ижара акысын төлөбөй келгенин жүйө келтирип жатат.

"Түз эфирлер үзгүлтүккө учурады"

"Ынтымакт" телеканалынын журналисти Мимоза Жаныбек кызы имарат көйгөйү чыккандан бери ишине тоскоолдуктар жаралып, түз эфири бир нече жолу үзгүлтүккө учураганын айтып берди.

Мимоза Жаныбек кызы.

"6-сентябрдан тарта ишканага убагында кире албайбыз же чыга албайбыз. Канчалаган эфирлерибиз үзгүлтүккө учурап, убагында чыкпай калды. Таңкы эфирге келген конокторубуз дарбазанын сыртынан кеткен күндөр болду. Минтип токоолдук кылганы туура эмес да. Биз өзүбүз каалаган материалдарыбызды тартып келип, убагында эфирге бере албаганыбыздан кийин тоскоолдук деп айтсак болот да",-дейт журналист.

Телеканал Ош шаарындагы Нурматов көчөсүндөгү имараттын төртүнчү кабатында жайгашкан. Ага "Кыргызжылуулукэнерго" мамлекеттик ишканасы ээлик кылып, ижара акы алып турат.

2018-жылы түзүлгөн кошумча келишимдин негизинде "Ынтымак" айына 73 миң сом төлөп келет.

"Кыргызжылуулукэнергонун" Оштогу бөлүмүнүн жетекчиси Алтынбек Полотбеков "Ынтымак" 2021-жылдын январь айынан бери ижара акысын төлөбөгөндүктөн, келишимди бир тараптуу бузуп, аукцион өткөрүүгө камынып жатканын билдирди.

Алтынбек Полотбеков.

"Убакты сааты келип, быйыл аукционго коёлу деген чечимге бардык. Эрежени, мыйзамдарды сактоо үчүн ушундай кадамга барып жатабыз. Бир күн болбосо, бир күн бизге эскертүү болуп калышы мүмкүн. Бул жерде эч кандай кызыктар тарап жок",-деди ал.

Полотбеков журналисттерге "кысым болгонун" четке какты. Ал муну эки ишкананы ортосундагы чарбалык маселе деп эсептейт.

"Көчүп кетүү оңой эмес"

Ал эми "Ынтымак" телерадио компаниясынын директорунун орун басары Абазбек Айтиев телеканал аукциондон имаратты утпай калса, башка жакка көчүп кетүү кыйынчылык жаратарын билдирди:

Абазбек Айтиев.

"Биз кайсы жакка чыгабыз? Бул телеканалды түптөгөнгө аябай чоң акча кеткен. Кеңсени дароо бошотуп эле кетип калганга мүмкүнчүлүк жок. Бул жерде биздин аябай көп техникаларыбыз бар, студияларды жасаганга акча кеткен. Биздин көчүп кетишибиз оңой иш эмес".

Телеканал "Кыргызжылуулукэнергого" жалпысынан 486 миң сомдон ашык акча карыз болуп калган. Бул мамлекеттик казынадан которулушу керек. Айтиев министрликтен которулбай жаткан акчанын айынан жөнөкөй кызматкерлер жапа чегип жатканын айтууда.

Маданият министрлигинин Маалымат жана коммуникация департаментинин директору Салкын Сарногоева көйгөйдү чечүү үчүн жакынкы күндөрү Мүлк фонду менен министрдин орун басары жолугарын айтып, өлкө түштүгүндөгү жалгыз коомдук телеканалдын иши токтобойт деп ишендирди.

Салкын Сарногоева.

"Муну чечкенге аракет кылып жатабыз. Биринчиден, бул стратегиялык имарат. Экинчиден, ал жерге бүт байланыштар тартылган. Телеканалды өчүрүү — маалыматтык коопсуздукка коркунуч жаратат. Анын үстүнө жарандардын маалымат алуу боюнча конституциялык укугун бузат. Ошондуктан ишкана телеканалдын жолун тосуп, чектөөлөрдү киргизүүсүнө жол бербешибиз керек".

Кыргыз, өзбек жана орус тилиндеги берүүлөр менен обого чыккан "Ынтымак" телеканалы 2012-жылы алгач радио журнал болуп, жыл аягында телеканал катары иштей баштаган.

Радионун түптөлүшүнө Ош, Жалал-Абаддагы июнь коогасы түрткү болгон. Анын кызматкерлерине кандуу окуяларды баштан кечирген элдин бири-бирине ишенимин кайтаруу, ынтымакка чакыруу, бириктирүү милдети жүктөлгөн.