ДССУ: Жакыр өлкөлөргө вакцина жеткириле баштайт

Вакцина. Жалпы сүрөт.

БУУнун Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун эмдөө тармагынын башчысы 7-январдагы билдирүүсүндө COVAX ынтымагынын вакциналары начар өнүгүп жаткан жакыр өлкөлөргө коронавируска каршы вакциналардын алгачкы түрлөрүн ушул айдын ичинде эле жеткире башташаарын маалымдады.

Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму (ДССУ) коронавирустун оңой жана тез жайыла турган түрүнүн Европадагы коркунучуна байланыштуу тынчсыздануусун билдирди.

Дагы караңыз COVID-19: Германия жалпы карантинди 31-январга чейин узартып, Британиянын өрнөгүнө түштү

Жапон өкмөтү Токио жана анын тегерек-четиндеги аймактарга бир айга өзгөчө кырдаал режимин киргизди. Бийлик мындай жол коронавирустун жайылышын ооздуктоону көздөп жатат.

7-январда жарыяланган жаңы режимге ылайык, ресторан-барлар кечки саат сегизден кийин жабылат. Өкмөт ошондой эле жарандарды зарыл себеби жок көчөгө чыкпай турууга, ал эми ишканаларды мүмкүн болушунча кызматкерлерин үйдөн иштетүүгө чакырды.

Дагы караңыз Кытай ДССУнун эксперттерин киргизген жок

Шашылыш карантин чараларын жана чукул кырдаалды кайрадан киргизген өлкөлөргө эми Кытай да кошулду.

Жон Хопкинс университетинин маалымдашынча, дүйнөдө жалпысынан 88 миллиондой кишиге коронавирус жукту, анын ичинен 1,89 миллион киши COVID-19 илдетинен улам өмүрүнөн ажырады.

Дагы караңыз Пандемия дүйнөнү өзгөрткөн жыл

БУУнун Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун эмдөө тармагынын директору Кейт О’Брайэн 7-январда таркаткан маалыматка караганда, COVAX ынтымагы дүйнөдөгү начар өнүккөн өлкөлөргө коронавируска каршы вакциналарды жеткирүү үчүн талап кылынган 7 миллиард доллардын 6 миллиард доллардай бөлүгүн чогултууга үлгүрдү.

Индиянын саламаттык сактоо министри Харш Вардхан COVID-19 илдетине каршы эмдөөнүн машыгуулары маалында Делидеги Гуру Тег Бахадур (GTB) ооруканасын кезди. 02.1.2021.

COVAX ынтымагы – бул төгөрөктүн төрт бурчундагы өлкөлөрдү коопсуз жана натыйжалуу вациналар менен бирдей камсыз кылуу максатын көздөгөн бүткүл дүйнөлүк демилге болуп саналат. Ага вакцина өндүрүүчүлөр менен бирге бул ынтымакка кошулган 170тен ашуун өлкө жана бир катар эл аралык уюмдар баш кошкон.

Дагы караңыз Европа Биримдигинде эмдөө өнөктүгү жапырт башталды

Алардын арасында Жугуштуу ооруларга карата камылгалардын саамалыктары коалициясы (CEPI) жана швейцариялык GAVI вакциналар жабдуу биримдиги да бар.

COVAX ынтымагы ушул тапта жыйырмага жакын ар кыл вакциналардын айрымдарын шерик өлкөлөргө сунуштоону караштырууда. Алардын арасында ташууга жеңил жана арзаныраак болгон AstraZeneca/Oxford жана Moderna вакциналары бар. Бул эки вакцина чукул кырдаалда колдонууга болот деп бир катар өлкөлөрдө буга чейин эле жактырылган болчу.

Дагы караңыз БУУ: вакцина теңдикке жолтоо болбошу керек

ДССУ өзү да курамына кирген COVAX ынтымагы – бул COVID-19 илдетине каршы вакциналар менен ар кыл өлкөлөрдү алардын бай же кедейлигине карабастан камсыздоо иш-аракети менен алектенген дүйнөдөгү жападан-жалгыз орток демилге болуп саналат.

Дагы караңыз Лукашенко, арак, мончо vs таажы вирусу

2020-жылы июлда швейцариялык жеке менчик шериктештиги болгон GAVI уюму COVAX алкагында вакцина алышы күтүлгөн өлкөлөрдүн тизмесин бекиткенде, ага Кыргызстан, Молдова, Өзбекстан, Тажикстан, Украина сыяктуу пост-советтик өлкөлөр да кирген.

Дагы караңыз Кыргызстан коронавируска каршы 1 миллион 200 миң доза вакцина алат

Кыргызстан быйыл COVAX ынтымагынын алкагында 1,2 миллиондой вакцина үлүшүн алууга үмүттөнүүдө.

Интернеттин коомдук тармактарында Кыргызстандын дары-дармек чыгаруу өнөр жайы AstraZeneca/Oxford сыяктуу арзан вакциналарды өлкөнүн өзүндө өндүрсө болот беле деген каалоо-тилектер айтылып келет.

Дагы караңыз Фармацевттер дарыга кошумча салык киргизүүгө каршы

Кыргызстандын Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматы боюнча, Кыргызстанда дары сатуу жана жасоо менен алектенген 250гө жакын ар кыл компания бар. Алардын арасында айрымдары өз өнүмүн чет өлкөлөргө чейин сата алган өндүрүштүк кубатка ээ.

Кыргызстандын дары чөптөрүн жана башка заттарын дары-дармек катары өндүрүү мурдагы совет доорунда эле жолго коюла баштаган. Ал түгүл кыргызстандык дары-дармектерди советтик космонавттар колдонушкандыгы жөнүндө да айтылып келет.

Тасма. "Биовит" ишканасынын ишмердиги (орусча).

Өз өнүмүн эл аралык стандартка жеткирген дары-дармек ишканалары аз эмес. Маселен, Кыргызстандын Чүй облусуна караштуу Сокулук кыштагында заманбап “Биовит” дары-дармек өндүрүү ишканасы үзүрдүү иштөөдө.

Бирок, айрым адистердин айтымында, дары-дармек өндүрүүнү колдоо иши дээрлик көз жаздымда калгандыктан жана сырттан дары ташуучулардын кыйыр лоббисинин айынан, Кыргызстанга дарылардын 90 пайыздан ашууну чет жактардан импорттолуп келет.