АКШдагы Берни феномени

Берни Сандерс

АКШда коммунизмдин орду биз билгенден кыйла бекем. Капиталисттик, эркин экономика делгени менен акырындап коммунизмдин карааны өсүп отуруп президенттикти талашчу деңгээлге жетип калды.

Марксисттик идеологияны колдоочулар Американын билим берүү системасынан тарта медиа, оюн-зоок, саясат, айтор бардык тармактарында кеңири кездешет.

Бүгүн ошол АКШдагы марксисттик агымдын башында турган негизги фигура, Демократиялык партиянын атынан президенттик шайлоого бараткан талапкерлердин алдыңкыларынын бири - сенатор Берни Сандерс тууралуу кеп кылалы.

Сенатор Берни Сандерс 78 жашта. Вермонт штатынан шайланган сенатор. Жактоочулары жана каршылаштары аны жөн гана Берни дешет. Президент Дональд Трамп ага Сrazy Bernie деген ылакап ат койгондон бери республикачылардын көбү аны ушинтип чакырышат. Өзүн көз карандысыз дегени менен саясий карьерасында дээрлик республикачыларга каршы болуп, мыйзамдарды кабыл алууда ар качан демократтар менен чогуу добуш берип келет.

2016-жылы ал Демократиялык партиянын атынан президенттик шайлоого катышып, партия ичиндеги талапкерлер жарышында аз жерден Хилари Клинтонду утуп ала жаздаган. Партия жетекчилиги ошондо Хилари Клинтонго тартып койгону кийинчерээк ачыкка чыкса да, Берни чуу салган эмес. Эми ал 2020-жылы өтчү кезектеги президенттик шайлоого баратат. Сурамжылоо жыйынтыктары боюнча жыйырмадан ашык демократ талапкерлердин ичинен Берни Сандерс алдыңкы орунда.

Берни Сандерс Хилари Клинтон менен. 2016-жыл.

Американын социалист, коммунист, марксисттеринин сүймөнчүгү болгон Берни башка демократ саясатчыларга окшоп өзүнүн социалист экенин жашырбайт. Маселен, кээ бир демократ саясатчылар көбүрөөк социализмге ыктап, социалисттик режимдерде кездешчү мыйзам-эрежелерди алга сүрөшкөнү менен өздөрүн либерал же прогрессчил деп аташат. Ал эми Берни Сандерстин позициясы такыр башкача. Куба сыяктуу социалисттик-коммунисттик режимдерди ачык эле мактап же колдогон учурлары бар. Ал тургай СССР тирүү кезинде үлпөт саякатына келинчегин жетелеп он күнгө Москвага келген.

Ушу тапта ал президент болуп калса байлардын салыгын 77 пайызга чейин көтөрө турганын, анын эсебинен орто жана жогорку окуу жайларын, медициналык кызмат ж.б социалдык тейлөөлөрдү элге бекер кылууга убада берүүдө.

Коммунисттик Манифесттин өзөгүн түзгөн, өтө жөнөкөй айтканда "эзүүчү байдан алып, эзилген кедейге берүү" идеясы көптөгөн катардагы адамдарга кызыктуу болсо керек. Бирок мындай идеялардын Америкада, дүйнө эли негизинен капиталисттик пайдубалы күчтүү деп эсептеген жерде өтө чоң деңгээлге өсүп жеткени абдан таң калычтуу. Анын башкы себептеринин бири катары өткөн кылымда ары-бери жагы 150 миллиондой адамдын башын жуткан коммунизмдин тарыxы, табияты окуу жайларда окутулбай калганын айтсак да болот.

Америка эли негизинен салттуу түрдө жарымы демократтарга (либералдар, солчулар), жарымы республикачыларга (консерваторлор, оңчулар) добуш беришет. Арсар болгондор, көз карандысыздар же либертариандар сыяктуу майда-барат партиядагылар шайлоо учурунда тиги жээкке же бул жээкке өткөн учурда жеңүүчү партия аныкталат.

Андыктан президенттик шайлоого аттангандар ошол ортодогу шайлоочуларды имерүүгө көбүрөөк күч жумшайт. Бирок Берни Сандерс сыяктуу кызылдай социалисттердин чоң аренага чыгышы көп учурда орточул турумда болгондой туюлган Демократиялык партияны таанылгыстай өзгөрттү. Маселен, Бернинин эл арасындагы популярдуулугун көргөн башка демократ талапкерлер биринен бири өтө бары-жогун бекер кылууга, байлардын салыгын эселеп көтөрүүгө убада беришүүдө. Муну көргөн партия аксакалдары социалисттердин өсүшү демократтарды ич-ара бөлүнүүгө дуушар кылат деп чочулап, социалист сенатордон алысыраак карманышууда.

Республикачыл же консерватор саясатчылар, аналитиктер азырынча Б.Сандерс сыяктуу социалисттер президенттикти жеңе турчу деңгээлге жете электигин айтышат. Ошентсе да алар "социалисттик утопия" курабыз дегендердин колдоосу калк арасында кеңейип баратканын моюнга алып, каршы чара көрүүгө чакырышууда.

Каршылаштарынын сынына сенатор Б.Сандерс жооп иретинде, эгер президенттикти жеңе турган болсо, Американы социалдык программаларга бай Скандинавия өлкөлөрү бараткан жолго бура турганын, Венесуэла же Түндүк Корея сыяктуу абалга түшөбүз деп чочулоого негиз жоктугун айтууда.

Ошентсе да Берни аксакалдын президенттик программасында радикалдуу жараяндар көп. Мисалы, ал ишкердин чөнтөгүн кага турчу чоң салыкты, ымыркайды тогуз айлык кезинде да, ал гана эмес төрөлгөндөн кийин да аборт же тындым кылса болорун колдойт. Башталгычтан тарта жогорку окуу жайына чейинки билимди, медициналык тейлөөнү толук мамлекеттин колуна өткөрүп, элге бекер кылат. Элди 100% жумуш менен камсыздандырууну мамлекет гарантиялайт.

Климаттын өзгөрүшүн токтотом деген жүйө менен мунайды, көмүрдү өндүрүүгө жана колдонууга тыюу салат. Анын натыйжасында күйүүчү май менен жүрө турган автоунаа айдагандар ток менен жүргөн автоунааларга, электр поезддерине милдеттүү түрдө өткөрүлөт. Америкалыктар үчүн терең мааниге ээ, Баш мыйзам аркылуу корголгон атуучу куралга ээлик кылуу укугун чектейт. Ушул азыраак айтылгандарды карап эле Б.Сандерстин саясаты толук мамлекеттик көзөмөлдү орнотууга, Американы супер державага айланткан жеке секторду, эркин инсанды алсыратууга багытталганын байкоого болот.

Дагы караңыз 2019: Бай өлкөлөрдүн баары Айга учат

Өздөрүн прогрессив же либерал деп жүргөн Бернинин үзөңгүлөштөрү деле андан кем калбайт. Айтсак, партия лидерлери жана тыңчыкмалары социалист эмеспиз дешкени менен жүргүзгөн саясаты, айткан-дегендери марксисттик, пост-модернисттик топтогуларга улам барган сайын көбүрөөк окшошууда. Берни менен партия лидерлеринин ойлору көп учурда кудум бир жерден чыгып, төп келип турганы да ошондон. Ошол себептүү Америка демократтарынын 10 пайыздайы гана социализмди колдошорун көрсөткөн сурамжылоолор ката экенинде шек жок. Кыйла демократтар эбак социалистке айланышканынан кабары жоктой.

Бирок Берни феномени келаткан президенттик шайлоодо максатына жетпей тургандай. Биринчиден, өз үзөңгүлөштөрү аны анча жактыра беришпейт жана 2016-жылдагыдай башка талапкерге тартып коюшары толук ыктымал. Экинчиден, өз партиясынан аман-эсен суурулуп чыгып, акыркы таймашка жете турган болсо да аны аркы жээкте алда канча калдайган Трамптын феномени күтүп турат. Ал тууралуу кийинкиде сөз кылалы.

Илим Жанузаков, АКШ

P/S: Автордун пикири "Азаттыктын" көз карашын билдирбейт

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.