Түрк өкмөтүнүн "жашылча" амалы

Арзан жашылчага кезек. Стамбул, 11-февраль 2019

Түрк өкмөтү инфляцияны ооздуктоо үчүн жашылча-жемишти арзан сата баштады. Сынчылар бийлик жергиликтүү шайлоо алдында мындай убактылуу чара менен электораттын көңүлүн алууну көздөйт дешет.

Түркияда жыл бою жашылча-жемиш, чөп-чар үзүлбөй, дүкөндөрдө помидор, баклажан, шпинат, буурчак мол сатылат. Бирок соңку кезде азык-түлүккө баа көтөрүлүп, калың эл кыйнала баштады.

Түркиянын Статистика институтунун маалыматына караганда, январда жылдык инфляция 20,3 пайызга жетти. Азык-түлүк кымбаттап, өткөн жылга салыштырмалуу баа 31 процентке көтөрүлдү.

Инфляция менен күрөшүү максатында өкмөт Стамбул менен Анкарада арзан жашылча сатылган палаткаларды орнотуп, карапайым элди колдоону чечти.

Дагы караңыз Түркия төө буурчакка бажы салыгын жойду

Ал жердеги баа дүкөнгө караганда эки эсе арзан. Киши башына 3 килограммдан көп эмес гана жашылча сатуу керек чектөөгө карабастан, шаар тургундарынын көбү мындай жардамды кубатташты:

- Албетте, бизге таасир этти. Кымбатчылыктан эч нерсе сатып албай калдык. Абалыбыз чындап эле оор, - деди Стамбулдун атын атабаган тургуну.

Президент Режеп Тайип Эрдоган ортомчулар бааны атайын көтөрүп жатат деп алардын аракеттерин кылмышка теңеди жана өкмөт айыптууларды “террорчулардай жок кыларына” сөз берди.

Инспекторлор жакында жүргүзгөн текшерүүдөн кийин Соода министрлиги 88 компанияга 380 миң долларга барабар айып салды.

Бийликтин убактылуу бул чарасы кымбатчылык менен күрөшүүгө салым кошорунан күмөн санагандар четтен табылат.

- Мунун бардыгы убактылуу кызмат. Маселенин тамырын караш керек, өкмөт дыйкандарга жардам берүүгө тийиш. Болбосо бул биздин акчабызга жөн гана элдин көзүн будамайлоо үчүн ачылган, - деди Стамбул шаарынын тургуну.

Дагы караңыз Экономиканы "соода согушу" солгундатат

Кээ бир сынчылар бийлик 31-мартка белгиленген муниципалдык шайлоо алдында жашылча-жемиш чатырларын орнотуу менен бийлик саясий максаттарды көздөйт дешет.

- Оппозиция бул чараны шайлоого инвестиция деп атады. Соода министрлиги палаткаларды эки жарым айдан кийин, башкача айтканда шайлоодон кийин жабарын эскерткен. Албетте, бул ойлондурбай койбойт, - деген пикирин ортого салды финансы боюнча адис Озан Сакар.

Сакар азык-түлүк баасы гана эмес башка экономикалык көрсөткүчтөр да камтама жаратарын белгиледи:

- Кардарлардын ишеним индекси түшүп кетти. Өндүрүштүн башка тармактарында да кыйынчылыктарды байкаса болот. Мисалы, жеңил техника, машиналар мурдагыдай сатылбай калды. Инфляция жалпы төмөндөөгө алып келди.

Соңку он жылда экономикадагы позитивдүү жылыштар башкаруудагы "Адилет жана өнүгүү" партиясына чоң дивиденд алып келип жатты. Бирок инфляция өскөн сайын катардагы түрктөр анын кесепетин жон териси менен сезе баштады. Ошол кесепет канчалык олуттуу экенин жазгы шайлоо көрсөтмөкчү.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.