Эрдоган Гүленди 2000 жылга соттогусу келет

Түрк бийлиги аскерий төңкөрүш аракети үчүн айыпталган Фетхуллах Гүленди кандай жазалоону көздөгөнү белгилүү болду. Прокурорлордун айыптоо корутундусунда жаш курагы жетимиш бештеги диниятчыны жалпы жонунан 2000 жылга абакка кесүү сунушталган. Бирок президент Эрдоган башкы душманы катары санаган диниятчыны АКШнын Түркияга өткөрүп берери азырынча арсар болуп турат.

Соңку он жети жылдан бери Кошмо Штаттарда жашаган диниятчыга каршы прокуратуранын 2527 беттен турган айыптоо корутундусу Түркиянын Ушак шаарынын оор кылмыштар боюнча сотунун кароосуна берилди.

Түрк бийликтери FETO же “Фетхуллахчылардын террористтик уюму” деп атап алган кыймылдын ишмердиги боюнча сотко чейинки тергөөнү да Түркиянын ошол Ушак провинциясынын прокуратурасы жүргүзгөн.

Өкмөттүк “Анадолу” жаңылыктар агенттигинин 16-августта жазганына караганда, аталган тергөө иши 2015-жылдын сентябрь айында, демек өткөн айдагы аскерий төңкөрүш аракетине чейин эле башталган.

“Анадолу” белгилегендей, жалпысынан 111 адам айыпталып жаткан, алардын 13ү азыркыга чейин кармалган бул кылмыш ишиндеги “номер биринчи фигура" FETOнун түздөн-түз башчысы Фетхуллах Гүлендин өзү.

Гүленди түрк прокурорлору Кылмыш кодексинин “Конституциялык түзүлүштү күч менен кулатуу аракети”, “Өкмөттү күч менен кулатуу аракети”, “Диний сезимдерди эксплуатациялоо жолу менен көз боёмочулук”,“Терроризмди каржылоо” беренелери боюнча айыптуу деп таап, ага өмүр бою түрмө жазасын эки ирет ирет чектөөнү жана буга кошумча 1900 жылга абакка кесүүнү суранышкан.

Мунун баарын кошкондо түрк бийликтери жашы 75ке толгон Гүленди 2000 жылга эркинин ажыратууну көздөшүүдө. Ага каршы кылмыш иши сотко расмий Анкара АКШны диниятчыны өткөрүп берүүгө утур-утур чакырып жаткан учурда жөнөтүлдү:

- Эртеби-кечпи, Кошмо Штаттар тандоо жасайт: же Түркия же FETO. Алар путчист, террорчул FETOну же демократиялык өлкө Түркияны тандайт. Алар тандоо жасашы керек. Биз аларга 85 куту материал ( Гүлен боюнча) жөнөттүк, - деп билдирди президент Режеп Тайип Эрдоган 10-август күнү жактоочуларынын алдында.

13-августта Түркиянын Юстиция министрлиги АКШга Фетхуллах Гүленди убактылуу камоону өтүнгөн кат жөнөткөнү кабарланган.

Расмий Анкаранын маалыматына караганда, 22-августта аларга экстрадиция маселесин талкуулоо үчүн АКШнын Юстиция министрлигинин өкүлдөрү келмекчи. Ал эми 24-августта Анкарага АКШнын вице-президенти Жо Байден иш сапары менен келери маалымдалууда.

АКШ расмий өкүлдөрүнүн буга чейинки билдирүүлөрүнө караганда, алар Түркиянын Гүлен боюнча жөнөткөн материалдарын иликтеп көрүшөт, бирок аны жерине кайтарып берүү үчүн “айныксыз далилдер” талап кылынат.

Түркиялык диниятчынын АКШдагы адвокаттары кайтарып берүү мүмкүн эмес деп эсептешет. Адвокаттардын бири Рид Уйенгартен (Reid Weingarten) ушул айдын башында Вашингтондогу басма сөз жыйында буларга токтолгон болчу:

- Экстрадиция негизинен соттук жараян. Биз юристтербиз жана далил, талаптагыдай соттук жараян менен иштейбиз. Дүйнөдө эгер Гүлен Түркияга өткөрүлүп берилсе, анын үстүнөн соттук териштирүү адилет жүрөт деген ишеним барбы? Ал жактагы окуялардын ар бири азыр тынчсыздануу жаратууда. Анын (Гүлендин) дарегине бүткүл түрк өкмөтү тарабынан коркунучтуу нерселер айтылып жаткан шартта Кошмо Штаттардын алсыз, дээрлик сексенге таяп калган адамды учакка салып, ал жакка жөнөтүүсү буга чейин болуп көрбөгөн үрөй учарлык иш болмок. Эрдоган мырзанын опузасы, кутум теориялары, коркутуулары АКШнын укуктук системасынан үстөмдүк кыла алгыдай кубаттуу эмес. Мына ушул себептен улам биз Гүлен мырза өткөрүлүп берилбеши керек жана берилбейт деп ишенебиз.

15-июлдагы аскерий төңкөрүш аракетине кандайдыр бир тиешеси бардыгын буга чейин Гүлен өзү кескин түрдө четке кагып, мурдагы аскерий төңкөрүштөрдөн ал өзү көп жабыр тарткан адам экенин эске салган.

Гулен жана Эрдоган мурда кызматташ болчу.

Бул аралыкта Түркияда бийлик структураларын жана өкмөттүк мекемелерди “гүленчилерден тазалоо” делген жараяндар эми жеке секторго көчкөндөй. 16-август күнү полиция күчтөрү Стамбулда 44 компаниянын кеңселеринде тинтүү жүргүздү. Ага чейин сот бизнестин 120дай топ-менеджерин камоого буйрук чыгарган эле.

Түркияда аскерий төңкөрүш аракетинен кийинки тергөө маалында 35 миңден ашуун киши кармалып, алардын 17 миңдейи расмий камакка алынды. Он миңдеген адам мамлекеттик кызматтан четтетилди.