Словакияны журналисттин өлтүрүлүшү сестентти

Братиславадагы демонстрация. 28-февраль, 2018-жыл.

Словакияда иликтөөчү журналисттин киши колдуу болушу бир жагынан коомчулукту нес кылса, экинчи жагынан саясий чөйрөдө чуу да чыгарды. Өкмөттүн кеминде бир министри кызматын тапшырды. Италиялык мафиянын Словакиядагы бизнес байланыштарын иликтеген журналисттин өлтүрүлүшүн анын кесиптик ишмердигинен көрүп жатышат.

Ян Куциак - Словакиянын тарыхында киши колдуу болгон биринчи журналист. Атылып өлтүрүлгөн иликтөөчү журналист менен анын жолдош кызынын сөөгү ушул жекшембиде борбор шаар Братиславадан алтымыш чакырым жерде жайгашкан шаарчадагы үйүнөн табылган.

Словак полициясы жана Ян Куциактын кесиптештери анын атып өлтүрүлүшүн дароо эле журналисттик ишмердиги менен байланыштырды.

Жыйырма жети жаштагы журналисттин киши колдуу болушун кескин айыптап, анын жаркын элесин эскергендер күндүн суугуна карабай, ушул шаршемби күнү Братиславада чогулушту.

- Менин пикиримде бул мафияга жана коррупцияга байланышкан маселе Словакияда тереңдеп кеткенин көргөзөт. Менимче, бул ушунун эң акыркы тамчысы, - деди демонстранттардын бири Владимир Нови.

Ал эми жарандык активист Игорь Матович төмөнкүлөргө көңүл бурду:

- Ян Куциак унчукпай калган эмес. Ал бул өлкөдөгү таасирлүү адамдар жөнүндө айтып, чечкиндүүлүгүн көргөзгөн. Анын үнүн ошол үчүн өчүрүштү. Алар бизди: саясатчыларды, журналисттерди, силерди да унчукпас кылууну көздөп жатышат. Алар биздин жаагыбыз жап болуп эле, добуш берип турушубузду каалашат.

"Aktuality.sk" интернет басылмасы үчүн иштеген жана Коррупцияны, уюшкан кылмыштуулукту иликтөө боюнча эл аралык борбор менен (OCCRP) менен кызматташкан Ян Куциак кесиптештеринин айтымында акыркы кезде Евробиримдиктин фондунан Словакияга бөлүнгөн каражаттын өлкөдө колдонулушуна италиялык мафиянын аралашканы, бул ишке премьер-министр Роберт Фицонун тегерегиндеги адамдардын да тиешеси бар болушу мүмкүн экенин иликтеп жаткан.

Братиславадагы демонстранцияда премьер-министр Роберт Фицону италиялык мафия менен байланыштырган плакатты да көтөрүп жүрүштү.

​"​Италиянын Калабрия облусундагы Ндрангета мафиясынын мүчөсү деп шек саналган киши менен мурда ишкерлик байланышта болгон" деп өкмөт башчынын жардамчысы, мурдагы модел Мария Трошкованын аты аталды. Ал жана Словакиянын Коопсуздук кеңешинин катчысы Вилиам Ясань тергөө жүрүп жатканы үчүн кызматтан четтетилди.

Премьер-министр Роберт Фицо эгер журналист кесибинен улам өлтүрүлсө бул “демократияга жана сөз эркиндигине чоң сокку” экенин белгилеп, бийлик кылмышка шектүүлөрдү табыш үчүн колдон келишинче аракет кылып жатканын айтууда:

- Словакиянын өкмөтү бул киши өлтүрүүчүлөрдү кармап, айыптап, соттоого түрткү берүүчү маалымат берген ар бир адам үчүн бир миллион евро сыйлык жарыялайт, - деди Фицо 27-февралда.

Словакиянын Тышкы иштер министрлигинин мамлекеттик катчысы Иван Корчок Улуттар Уюмунун Адам укуктары боюнча кеңешинде сүйлөгөн сөзүндө журналисттин өлтүрүлүшүн өлкөнү “нес кылган” окуя катары сыпаттады.

Братиславанын борборунда журналист Ян Куциакты эскерүү жөрөлгөсү. 27-февраль, 2018-жыл.

​Парламенттеги оппозиция премьер-министрден ички иштер министри Роберт Калинияктын жана полиция башчысы Тибор Гашпарды кызматтан кетирүүнү да талап кылууда.

Шаршемби күнү Словакиянын медиага жоопкер мекемесинин башчысы катары маданият министри Марек Мадьярич кызматтын тапшырганын жарыялап, муну журналисттин өлтүрүлүшүн кабыл албастыгы менен түшүндүрдү.

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Орус элчилигиндеги маңзат чуусу күчөдү

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.