Дарыгерлерге кеселди кармап көрүп эле диагноз коюуга да мүмкүндүк берет.
Илимий ачылыштар фантастиканы чындыкка айлантууда. Жапон окумуштуусу Такао Сомейа (Takao Someya) жасаган тери медицина менен технологияны, тактап айтканда, адам менен роботту бири-бирине жакындатат. Сыйкырдуу тери илимий чөйрөдө бионикалык же электрондук тери (э-тери) деп аталат. Адамдын териси өтө татаал зат. Чоң адамдын денесиндеги теринин жалпы аянты орточо 1. 858 чарчы метрге (18 580 чарчы сантиметр) барабар. Профессор Сомейа CNN телеканалынан сүйлөп, илимий-технологиялык табылганы мындайча сыпаттады.
- Биздин группа электрондук тери жасады. Ал жаныбардын терисиндей эле чоюлат жана сенсор сыяктуу. Э-тери температураны жана басымдын күчүн аныктай алат. Биз э-терини жасамакчы болуп жатканда э-терилүү роботтун адамдар менен кол кысышып, учурашып жатканын элестеттик. Себеби, ошо кезде роботто адамдын эмоциясын сезгендей мүмкүнчүлүк болот.
Такао Сомейага э-тери жасоо идеясы ийилме электроника популярдуу болуп бараткан 2003-жылы келген. Ал учурда жасалма тери бар эле. Бирок көпчүлүк инженерлер е-кагазды өнүктүрүүгө аракеттенип жаткан. Ал жасалма тери температураны аныктай алганы менен ийилчээк эмес жана кымбат болгондуктан роботтун денесин жабууга колдонуу өтө кымбат эле.
Жапониялык инженер-илимпоз жасаган э-теринин калыңдыгы 2 микрон, 1 чарчы метринин салмагы 3 грамм, бүктөлгөндөгү радиусу 5 микрон. (1 микрон миллиметрдин миңден бир бөлүгү).
Профессор Сомейа жасаган терисинин сапаты адамдыкынан кем болбошу үчүн аны өз денесине тиктирип алган. Бул тууралуу Си-ен-ен (CNN) телеканалынын маалыматы Такао Сомейанын “денесине басымды жана 30 градустан 80 градуска чейинки температураны аныктоочу сенсорлор орнотулган. Ийилчээк челдин бетине жайгашкан сенсорлор органикалык жарым өткөргүчтөр менен туташат. Алар жумшак жана денеге биологиялык жактан жакын болгондуктан э-тери үчүн идеалдуу материал”.
Бекем жана ийилчээк, арзан челден жасалган э-тери роботтун металл манжаларына эч сынбастан оролот. Башкача айтканда, робот адам менен саламдашканда, анын маанайын туя алат.
- "Э-тери роботтордо колдонуу менен эле чектелбейт", - дейт профессор Сомейа.
- Аны текстиль менен айкалыштыруу айкын максат болушу керек. Спорт менен машыккандарга же адамдын саламаттыгына көзөмөл жүргүзгөндө жүрөктүн сокконун билип туруу абдан маанилүү. Адамдар жүрөккө чабуул болорун алдын ала көрө билсе болот деген үмүттө. Биздин максатыбыз - адам менен роботту бири-бирине жакындаштырып, гармонияда болушуна жетишүү.
2014-жылы келемишке жасалган операция маалында анын жүрөгүнүн бетине жабыштырылган бионикалык тери электрокардиограмма жасап, ал аркылуу айбанаттын жүрөгүндөгү абалды догдурлар билип турушкан. Ошон үчүн, бионикалык тери болочокто догдурларга сканерди пайдаланбай жана хирургиялык операциясыз байкалбаган шишикти тапканды мүмкүн кылат. Кереметтүү терини кол каптай кийип жүрсө же денеге тату сыяктуу жабыштырып алса, же кийимге жамаачыдай тигип койсо, адам ден соолугун өзү текшерип, ооруну билсе болот. Такао Сомейа берегидей тилеги жакынкы жылдары жүзөгө ашарынан эч күмөн санабайт.