Эмчек сүтүн сатып ичүү опурталдуу

Иллюстарция

Британиянын Ханыша Мэри университетинин окумуштуулары акыркы мезгилде интернет соодасында кирешелүү товарга айланган эне сүтүн сатуу адам саламаттыгы үчүн олуттуу көйгөйлөргө жол ачарын эскертет.

Спортчулар, бодибилдинг менен алектенгендер жана рак оорулуулар эненин сүтүн онлайн сатып алышууда.

Интернетте “алтын суюктук” деген аталыш менен сатылган бул сүттүн 93 проценти таза эмес бактериялардан турат. Англис догдуру Сара Стиил сүт аркылуу гепатиттин Б, С түрү, СПИД жана сифилис жугушу ыктымал экенин айтат.

Мындай соода өз сүтү менен наристесин тойгуза албаган энелерге көмөк катары башталган. Бирок аны иммундук системаны мыкты коргойт деп рак оорулуулар да сатып ала баштаган. Окумуштуулардын айтымында, эне сүтү чоң кишилердин организмине наристелердикиндей оң таасирин тийгизбейт. Сатыктагы сүттүн бардыгы коркунучтуу микроб жана бактериялардан тазаланып, же пастерленгенден кийин гана соодага чыгышы зарыл. Эне сүтүн пастерлөө азырынча дүйнөдө колго алына элек.

Аял денесинде 50 жыл жашаган түйүлдүк

90 жаштагы кемпирдин ичинде таш болуп катып калган 50 жылдык түйүлдүк табылды. Чилиде болгон бул окуяны дүйнө гинекологдору кызуу талкуулоодо.

90го чыккан кемпир эси ооп кулап калып, жакындары ооруканага алып барышкан. Рентгенге тартканда анын ичинен 50 жылдан бери таш болуп катып калган 2 килограммдык түйүлдүк көрүнгөн. Дарыгерлер түйүлдүктү алып чыгышкан эмес. Анткени кемпирдин жалпы саламаттыгына залакасы тийип каларынан коркушкан.

Медицинада лисопедион деп аталган мындай феномен сейрек кездешет. Лисопедион учурунда аялдын ичиндеги түйүлдүк кальцийге айланып катып, таш болуп калат. Түйүлдүк аябай чоң болгондуктан аялдын ичи да чыгып, 50 жыл бою ушинтип жашап жүргөн.

Шиш такадан абайлагыла!

Мортондун нейромасы деп аталган бут оорусуна бийик такалуу бут кийим себеп болору аныкталды. Бул дарт көбүн эсе орто жаштагы аялдарда кезигет.

Буттагы кан тамырлардын кеңейип жана булчуңда катуу чыңалууну аялдардын бийик такалуу бут кийими шарттайт. Окумуштуулар 5 cантиметрден бийик эмес бут кийим кийүүнү сунушташууда.

Брэдфорд техникалык ооруканасынын изилдөөчүсү Эндрю Крейг моданын артынан кубалоо орто жаштагы аялдардын Мортон нейромасы аттуу оор дартка чалдыгышына себеп болгонун ырастайт. Бул дарт буттун кетмени менен согончогу ортосундагы нервдерди жабыркатат. Ар бир он аялдын сегизинчиси азыр ушундай ооруга чалдыгууда.

Мортон нейронуна чалдыккандардын 55 процентин хирургиялык гана жол менен дарылашат. Стэнфорд университетинин окумуштуулары аялдарды бийик така кийбөөгө чакырды.